Жыйынга бир минута кечиккени үчүн кызматтан кетүүгө арыз жазган чиновник

Британияда Лорддор палатасынын өкүлү кечигип келгени үчүн кызматын тапшырарын билдирди. Министр Майкл Бейтс бир мүнөткө жыйынга кечигип келген. Ошондуктан берилген суроонун башын укпай калган.

"Биз бири-бирибизди урматтоонун эң жогорку үлгүсүн көрсөтүүгө умтулушубуз керек деп ойлойм. Ошондуктан премьер-министрге кызматымды тапшырып берем. Кечирим сурайм",-деп билдирүү жасады.

Бирок премьер-министр Лорд Бейтстин арызын кабыл алган жок.

Башка өлкөлөрдө кечигүүгө кандай карайт?

Адатта, кыргыздарда кечигип келүү кадимки көрүнүш болуп калган. Ал тургай чакырылган жерге "кыргызча баралыбы" же "немисчеби" деп тамашалап коюшат.

Биз дүйнө жүзүндөгү Би-Би-Сиде иштеген кесиптештерибизден бул тууралуу пикирлерин сурап көрдүк.

Артуро Уаллэс, Никарагуа: "Никарагуада, башка Латын Америкадагы өлкөлөрдөй эле убакытты ийкемдүү кабыл алышат. Демек, көптөр так келбейт. Беш мүнөттөн эки саатка чейин кечигип келиши ыктымал.

Марико Ой, Жапония: "Жапонияда айтылган убакыттан беш же он мүнөт эрте келишет. Саат тогузда жолугам деп сүйлөшүп, так барсаңыз, сизди кечигип келди деп кабыл алат".

Image caption Улуу Британиянын Лорддор палатасы.

Прюдень, Руанда: "Руандада баары эле убакытты сыйлабайт. Саат тогузда башталган жыйынга саат 11 келсе, эч ким таң калбайт".

Дахами, Шри-Ланка: "Шри-Ланканын жол тыгындары шаштыңды алат. Көчөлөрдө эл жык жыйма. Ошондуктан жумушка көпчүлүк кечигет. Мен өзүмдүн үйлөнүү үлпөт тоюма кечигип баргам!".

Ян, Германия: "Германия так убагында келүү абдан маанилүү. Мисалы, үйүңүзгө кечки сегизге конок чакырсаңыз, меймандарыңыз так сегизде эшиктен кирип келет".