Сириядагы согуш: Африндеги операция Түркия үчүн эмнеге маанилүү?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Түркиялык танктар Сириянын түндүгүндөгү операцияга катышууда.

Түркиянын армиясы сириялык Афринде аскердик операция баштагандан бери 15 киши мерт болуп, 62 кишиси жаракат алды. Күрттөрдүн аскерлешкен топторуна каршы операция 20-январда башталган. Түркиянын Башкы штабы күрт тараптан 947 "террорчу" жок кылынды деген билдирүү таратты.

Түркия бийлиги Африн аймагынан күрттөрдү сүрүп чыгууга аракет кылууда. Күрттөр аймакты 2012-жылдан баштап ээлеген.

Анкаранын пикиринде, күрттөр "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшүп жаткан коалицияга кирбеши керек. Түркия күрттөрдү Сирия менен чек арасына жакынкы райондорго отурукташуусуна жол бербөөгө аракеттенүүдө.

Сириядагы аскерлешкен күрт топторун түрк бийлиги тыюу салынган "Күрдистан Жумушчулар партиясынын" бир бутагы деп эсептейт. Аталган партия 1984-жылдан бери күрт автономиясы үчүн күрөшүп келе жатат. Айтылган айыптоолорду күрттөрдүн элдик коргонуу кошуундары четке кагып, партия менен эч кандай байланышы жок экенин айтты.

Түрк өкмөтү аскер операциясын өзүн-өзү коргоо аракети катары карап жатат. Бирок бул кадам Түркия менен АКШ ортосундагы мамиледе чыңалууну жаратышы мүмкүн. Анткени АКШ "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшүүдө күрт элдик коргонуу кошуундарын колдоп жатат.

Башар Асадды колдоп келе жаткан Орусия Африндеги чыр-чатакка аралашпай турганын билдирген.

Би-би-синин дипломатия боюнча баяндамачысы Жонатан Маркус бул куралдуу чатактын кесепети эмнеге алып келиши мүмкүн экенине сереп салат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Африндеги операция Түркия менен АКШнын мамилесине таасирин тийгизет.

________________________________

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу талкалангандан кийин Сириядагы жаңжал басаңдайт же токтойт деп болжогондор адашыптыр.

Сириянын түндүгүндөгү Африн аймагына Түркиянын чабуулуга өткөнүнө көз чаптыруу жетиштүү го. Анкара күрт элдик коргонуу кошуундарын Түркиянын ичиндеги күрт жикчилдери менен союздаш деп эсептейт.

Түрктөр өзүнүн түштүк чек арасындагы күрт автономиясы түзүлүп кетишин коркунуч катары кабыл алууда. Мына ушундан улам алар ачык эле күчкө салып, мындан кутулуу чарасын көрүүдө.

Эми бул жаңжал канчага созулат жана канчалык олуттуу болот?

Америкалыктар күрт элдик коргонуу кошуундарын көптөн бери эле машыктырып, колдоо алып келе жатат. Алар "ИМ" экстремисттик тобуна каршы күрөштө Вашингтонго чоң жардам берип, ишенимдүү өнөктөш болду.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу талкалангандан кийин күрттөр чөлкөмдүн түндүгүндөгү аймакты көзөмөлүнө алып, бекемделип алууга жетишти.

Түркиянын мына ушул аймакка чабуулу Вашингтон үчүн көп маселени жаратат.

АКШ армиясынын өкүлүнүн Сириянын түндүгүндөгү коопсуздукту сактоо үчүн күрт чек ара күчтөрүн түзүү тууралуу айткан так эмес билдирүүсү, Анкаранын чабуулга өтүшүнө шылтоо болуп калгансыды.

Ыңгайсыз позиция

Аскер жетекчилери күрт кошуундарын союздаш катары колдоо АКШ үчүн маанилүү экенин белгилеп жаткан чакта, расмийлер күрттөр менен мамиледе өзүн оолак кармап, түрк өкмөтүн сабырдуу болууга чакырып келди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Бул Вашингтон үчүн өтө ыңгайсыздыктарды жаратты: Түркия анын НАТОдогу союздашы, ал эми АКШнын Сириядагы негизги союздашы күрттөргө каршы чыкты. Кыязы бул мындан да тереңдеп кетиши мүмкүн.

Эгерде түркиялык чабуул чыгышка бурулуп, Манбидж шаарына өтсө, аскердик аракеттер жүргөн аймак кеңейип, америкалык аскер инструкторлору жана атайын аскер бөлүктөрү жайгашкан жерлерге жакындайт.

Америкалыктар үчүн күрттөрдүн аскерлешкен топтору Сириядагы стратегиясындагы маанилүү элемент бойдон калууда. Аскердик термин менен айтканда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу талкаланды. Бирок Вашингтондун көңүлү эми башкага бурулуп турат. Анын чөлкөмдөгү жаңы принциби Иранды кармап туруу. Иран Сирия чатагында Асаддын режимин колдоого алган өлкөлөрдүн бири болуп калды.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Түркия эмнеге Сирияга аскерлерин жөнөттү?

АКШ Асаддын өкмөтү өлкөнүн негизги аймактарын көзөмөлдөп калуусуна бөгөт коюшту каалайт. Ошондой эле Орусиянын дипломатиялык кадамдарын чектегиси келет. Бул үчүн албетте, күрттөр сыяктуу ишенимдүү союздаш керек.

АКШ чөлкөмгө стабилдүүлүк орнотуу үчүн "ИМ" үстүнөн гана жеңишке жетүүгө басым жасаганы жетишсиз болгонун Сириянын түндүгүндөгү кризис көрсөтүүдө.

Ырас, Сириянын көп аймактары мурункудай эле кооптуу бойдон калууда. Өлкөнүн көпчүлүк аймактары Асаддын өкмөтүнүн көзөмөлүндө деп айтылганы менен, иш жүзүндө айрымдары жарым автономдук элдик кошуундардын колунда кала берди.

Күрттөрдүн каршылыгы

Сирия аймагында Ирандын камчысын чапкан дагы топтор бар. Мурда "Аль-Каида" менен байланышы болгон оппозициялык топтор белгилүү аймакты ээлеп турат. Ушунун баары диний экстремизмдин баш көтөрүшүнө алып келбейт деп айтууга болбойт.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Раккадагы "Сириялык демократиялык күчтөрдүн" курамындагы күрт отряды.

Иран менен Сирияны кармап туруудагы Вашингтондун позициясы чөлкөмдөгү чыңалууга канчалык таасирин тийгизери азырынча белгисиз.

Бирок түркиялык аскер операциясы Анкара өкмөтү үчүн чоң тобокелчилик болуп жатат. Күрттөр катуу каршылык көрсөтүп жана аба ырайы дагы түрк аскер күчтөрүнө тоскоолдук жаратты.

Бул жерде бири-бирине карама-каршы келген жагдайлар дагы бар. Бир нече жыл мурун аба мейкиндигиндеги чек араны бузуп кирген деп, орусиялык аскер учагын атып түшүргөн Түркия бул ирет Сирия түндүгүндөгү аракетин Москва менен макулдашкан.

Дагы бир жагдай, Аскер аракеттерин изилдеген америкалык институттун (ISW) болжолунда, сириялык өкмөт күчтөрү Афринге жардамга бара жаткан күрттөргө өз аймагы аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк берген.

ISW жаңы иликтөөсүндө дагы бир жагдай тууралуу сөз болот. Апта башында оппозициялык күчтөр көзөмөлдөгөн Алеппо аркылуу түштүктөн түштүк-батышты көздөй жылып бараткан түркиялык аскер техникаларын Сириянын өкмөттүк күчтөрү аткылоого алып, токтоткон.

Жаңы тирешүүлөр

Дамасктагы өкмөт түркиялык аскер операциясын суверендүүлүгүн бузган аракет катары эсептейт. Анкара болсо Асаддын режими күрт согушкерлерин колдобой тургандай айла табууга умтулууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Күрттөр тарабынан чоң жоготуулар бар.

Азыр Сириядагы жаңы кармаштар сырткы оюнчулардын кызыкчылыктары үстөмдүк кылган жерде жүрүүдө.

Сирия кризиси боюнча Түркиянын позициясы ар дайым өзгөрмөлүү болуп келди. Асаддын режими менен душмандашуусу азыр бир аз жумшарды. Анткени Анкара Сирия маселесинде өз кызыкчылыгы үчүн Москва менен Тегерандын колдоосун алууга умтулуп келди.

Сирия боюнча дипломатиялык аракеттер азырынча ийгиликсиз болуп жатат. Жакында эле Орусиянын уюштуруусу менен өткөн Сочидеги тынчтык конференциясы жыйынтыктуу болгон жок.

Түркиянын аскердик аракеттеринин масштабы жана деңгээли Орусия, Сирия, Иран менен мамилесине таасирин тийгизет. Вашингтон менен мамилесине, өзгөчө НАТОнун масштабындагы мамилелерине түз таасирин тийгизет. Альянска кирген өлкөлөрдө буга кабатырлануу күчөп жатат. (AbA)