Түштүк Африкада браконьер арстандарга жем болду

Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук паркында арстандарга мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн браконьерлер кайра өздөрү жырткычтарга жем болуп калганы тууралуу жергиликтүү полиция кабар таратты.

Сүрөттүн автордук укугу Cameron Spencer/Getty Images

Арстандар жеп кеткен кишилердин денесинен эч нерсе деле калган эмес.

"Курмандык болгондор сафари-паркта мыйзамсыз аңчылык кылып жүрүшкөн окшойт. Аларды арстандар жара тартып жеп кетиптир,-деди Франс-пресс агенттигине полициянын өкүлү Лимпопо Моате Нгопе. -Алардын денесинин айрым бөлүктөрү, анан башы эле калган".

Полиция мерт кеткендердин өздүгүн аныктай элек. Окуя болгон жерден курал, ок-дарылар табылган деп жазды жергиликтүү сайттар.

Акыркы жылдары Лимпопо провинциясында мыйзамсыз аңчылыктын бир нече учуру ачыкка чыккан.

Born Free Foundation жаныбарларды коргоо уюмунун маалыматында, Түштүк Чыгышы Азияда арстандын сөөктөрү жана башка дене мүчөлөрү баалуу эсептелет. Ошондуктан арстандарга мыйзамсыз аңчылык токтобой жатат. (AbA)