Израилдин премьер-министри коррупция боюнча айыпталууда

Израилдин маалымат каражаттары Нетаньяху кеминде жети жолу суракка чакырылганын кабарлады Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images
Image caption Израилдин маалымат каражаттары Нетаньяху кеминде жети жолу суракка чакырылганын кабарлады

Израилдин полициясы премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга паракорчулук боюнча айып тагылышы керек деп билдирди.

Полициянын билдирүүсүнө ылайык, Нетаньяхуну паракорчулук, алдамчылык, ишенимге доо кетирүү беренелери боюнча жоопко тартууга жетиштүү далилдер бар.

Нетаньяху болсо Израилдин маалымат каражаттары аркылуу айыптарды четке кагып, премьер-министр катары кызматын уланта берерин билдирди.

Нетаньяхуга кандай айыптар тагылды?

Биринчиден, Нетаньяху "Едиот ахронот" ("Акыркы жаңылыктар") аттуу Израилдин гезити менен жашыруун келишим түзгөн деген дооматтар айтылууда. Гезит Нетаньяхуну мактап жазган, ал эми премьер-министр жооп катары "Едиот ахроноттун" атаандашына бут тоскон.

Полициянын айтымында, "Едиот ахронот" гезитинин башкы редактору Арнон Мозес дагы жоопко тартылышы абзел.

Экинчиден, Нетаньяху 2009-жылы премьер-министрлик кызматка келгенден бери Голливуд магнаты Арнон Милчен жана башка колдоочуларынан 283,000 долларга тете белектерди алган деп айыпталууда.

Jerusalem Post гезити премьер-министр Милчен мырзадан шампан жана сигараларды белек катары алып, ага АКШга виза алууга көмөктөшкөн деп жазып чыккан.

Fight Club, Gone Girl жана The Revenant аттуу кинолорго продюсер болгон Милчен мырза дагы жоопко тартылышы керек дейт полиция.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Арнон Милчен (ортодо), Леонардо Ди Каприо жана Стивен Спилберг менен сүрөткө түшүүдө

Күч түзүмдөрүнүн билдирүүсүндө айтылгандай, Нетаньяху белектерди алгандан кийин "Милчен мыйзамын" дагы колдоп чыккан. Ага ылайык, чет өлкөдөн Израилге кайтып келген жөөттөр 10 жыл бою салыктан бошотулмак.

Бул мыйзам долбооруна финансы министрлиги каршы чыгып, ал ишке ашпай калган.

Ошондой эле Нетаньяху австралиялык миллиардер Жеймс Пэкер менен окуяда ишенимге доо кетирип, аны алдаган деп айыпталууда.

Декабрь айында Израилдин айрым телеканалдары Пэкер мырза Нетаньяху жана анын жубайына белек бергени тууралуу тергөөчүлөргө көрсөтмө бергенин маалымдаган.

Израилдин маалымат каражаттары Нетаньяху кеминде жети жолу суракка чакырылганын кабарлады.

Эми окуя кандай өнүгөт?

Нетаньяхуга расмий түрдө айып тагуу чечимин Башкы прокуратура кабыл алат. Демек, бул жараян бир нече айга созулушу ыктымал.

Юстиция министри Аелед Шакеддин айтымында, Нетаньяхуга расмий түрдө айып тагылса дагы, ал премьер-министр катары ишин уланта берүүгө укуктуу.

Нетаньяху Израилдин маалымат каражаттарына кызматтан кетпейм деп билдирген.

Эмдиги шайлоо 2019-жылдын ноябрь айында өтөт. Нетаньяхунун коалициялык өкмөтү ыдырап кетиши ыктымал. Ага карабастан, премьер-министр айыптарды четке кагып, мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүүгө дооматтар түрткү болбойт деп ишенимдүү айтты.

Нетаньяху кандай жооп кайтарды?

"Менин көп жылдык тажрыйбамда 15 жолу тергөө иши болду. Мурда дагы полиция бүгүнкүдөй катуу сунуштарды берген. Бирок мурдагы айыптардын баары негизсиз болуп чыккан. Бүгүн дагы бул айыптар негизсиз", -деди Нетаньяху.

68 жаштагы саясатчы Израилдин премьер-министрлик кызматын экинчи жолу ээлеп турат. Ал толугу менен 12 жыл өлкөнү башкарды.

Нетаньяхуга буга чейин дагы айыптар айтылган. Полициянын айтымында, 1996-99-жылдары премьер-министр болуп турганда, Нетаньяху жана анын жубайы расмий белектерди мамлекетке өткөрүп берүүнүн ордуна, өзүнө алып алган. Дооматтар кийин негизсиз деп табылган.

2015-жылы июль айында Нетаньяху менен анын жубайы жеке иштерин аткарганы үчүн өкмөттүн бюджетинен бир компанияга акча которгон деп айыпталган. Бул дооматтар дагы кийин жокко чыгарылган.