Олимпиада Түштүк Корея менен КЭДРди жараштыра алабы?

2018-жылдагы Олимпиада оюндарынын урунттуу учурларынын бири КЭДРдин катышуусу жана жалпысынан эки өлкө ортосундагы кайым айтышуулардын жумшарганы болду.

КЭДРден келген сүрөнчү кыздар Олимпиада оюндарындагы бирдиктүү тууну кармап турушат. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption КЭДРден келген сүрөөнчү кыздар Олимпиада оюндарындагы бирдиктүү тууну кармап турушат.

Олимпиада коңшулар ортосундагы мамилени жакшыртууга түрткү бере алабы?

Пхенчхандагы Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатында Түштүк Корея менен КЭДР бир команданын курамында чыкты.

Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон ачылыш аземге катышып, эки өлкөнүн хоккей боюнча кыз-келиндер командасы бирикти. Сүрөөнчү болуп келген түндүк кореялык кыздардын тобу көптөрдүн оозун ачырды.

Бирок кышкы оюндардан кийин эки өлкөнүн жакындыгы сакталабы?

Олимпиада учурундагы жылуу атмосфера үмүт жаратты. ММКларда чыгып жаткан кабарларда кореялык мамилелерде жылыш болгону айтылууда. Муну Түштүк Кореянын өзүндөгү басылмалар дагы, дүйнөлүк медиа дагы жазып жатат.

КЭДР лидеринин карындашы Ким Ё Чжон Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатында Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин менен. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption КЭДР лидеринин карындашы Ким Ё Чжон Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатында Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин менен.

Түштүк Кореянын либералдуу басылмаларында эки өлкө ортосундагы диалогду жөнгө салууга "олимпиадалык дух" жардам берди деген көз караштар айтылды. Бул тезис менен Түштүк Корея президентинин администрациясы дагы макул.

Деген менен окуянын мындай бурулушуна баары эле ыраазы эмес.

Түштүк кореялык консерваторлор мындай абалга тынчсызданып турушат. Оңчул ММКлар Сеул Пхеньян менен сүйлөшүүлөрдө өтө эле кичипейилдик кылып жаткан жокпу деген пикирди тынымсыз чагылдырууда.

Оңчулдар шектенген нерсе - КЭДРдин талаптарынын бири Түштүк Корея менен АКШ ортосундагы аскердик машыгууну токтотуу болушу мүмкүн. Буга жооп кылып алар өзөктүк курал программасын тоңдуруу убадасын берет. Бирок ал убадасын аткарбай койот.

Спорттук окуялар, масштабдуу Олимпиада оюндары деле өлкөлөр ортосундагы терең саясый келишпестикти чечүүгө кудуретсиз.

Ондогон жылдардан берки сүйлөшүүлөр жарашууга алып келе алган жок. Пессимист катары көрүнүшүм мүмкүн, бирок Түндүк менен Түштүк ортосундагы мамиле чыңалган, кабатырланткан абалына кайра кайтат деп күтсө да болот.

Эки тараптуу мамилелер 65 жыл мурунку Корей согушунан бери чыңалган абалда кала берүүдө.

Түндүк Корея дүйнөдөгү эң кооптуу мамлекеттердин бири. Анын өзөктүк курал программасы анын коркунучун эки эселентет.

Түндүк Корея сүйлөшүүгө келгенде куу жана катаал. Ар бир майда нерсени соодалашат. Айталы, АКШ менен Түштүк Кореядан оюна келгенди сурашы мүмкүн, маселе өздөрүнө келгенде битиреп калат.

КЭДР менен келишимдерди ишке ашыруу, анын мөөнөттөрү боюнча маселе ар дайым туңгуюкка кептелип келгени бар.

Олимпиаданын жагымдуу илеби Түндүктү кандайдыр бир чегинүүгө алып барат деп күтүүнүн өзү туура болбос эле.

Түштүк Кореянын солчулдары түндүк кореялыктарды кандашы катары көрүп, идеологиялык көз караштан эмес , Кансыз согуштун кесепетинен ажырап кеткен деп эсептейт.

Азыркы Түштүк Корея президенти Мун 41 пайыз гана добуш менен шайланган. Ошондуктан бир тараптуу чечимдерге баруусуна ишеним кредити жетишсиз. Кандайдыр бир чегинүү жасалса эле оңчулдардын ачуусуна тийиши мүмкүн.

АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын дагы КЭДРге карата мамилесин эстен чыгарбаш керек.

Болжолу, жакынкы айларда президент Мун иш сапары менен Пхеньянга барышы мүмкүн. Анткени Түндүк Корея лидеринни карындашы Ким Ё Чжон Сеулдагы жолугушууда агасынын чакыруусун берген. Түштүк Корея лидери эч кандай расмий келишимдин болбогонуна карабастан, эки Корея "муну кылыш керек" деди жана Түндүктү АКШ менен сүйлөшүү үчүн ымалага келүүгө чакырды.

Бул маселеде Түштүк Корея коомчулугунда ажырым пайда болду. Мундун электораты Пхеньян менен диалогду жактап жатат. Ал эми консерваторлор элдешүү саясатынан чочулап турушат.

2000-жылдагы сүрөт: Түштүк Кореянын мурунку президенти Ким Дэ Чжун жана КЭДР лидери Ким Чен Ир. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2000-жылдагы сүрөт: Түштүк Кореянын мурунку президенти Ким Дэ Чжун жана КЭДР лидери Ким Чен Ир.

2000-2007-жылдардагы саммит эки Корея ортосундагы мамилени өзгөртө алган эмес.

Бирок эми өткөн жылдагы согуш коркунучу тооруган учурдан кийинки сүйлөшүү аракетин жылыш катары бааласак болот.

Эми бул жылы күтүлүп жаткан айрым окуялар жанданган сүйлөшүүлөргө таасирин тийгизиши мүмкүн. Маселен, жыл сайын Түштүк Корея менен АКШ биргелешкен аскер машыгуусун өткөрөт. Адатта КЭДР бул машыгууну душмандарын жер менен жексен кылам деген коркутуулар менен кабыл алат.

Эгерде Олимпиада оюндарынан кийин машыгуулар кайра жанданса, Пхеньян өзүн кармап, мурдагыдай реакция жасабайт деп айтуунун өзү кыйын.

КЭДР мурдагыдай эле өзөктүк жана ракеталык программаларын өнүктүрүү аракетин көрүүдө.

Балким сүйлөшүүлөр токтоп калбас үчүн Пхеньян өзөктук, ракеталык куралдарын сыноону убактылуу токтотушу мүмкүн. Эгерде мындай болбосо, консерваторлор президент Мунду алка-жакадан алат.

Бул ирет чыны менен эле олимпиадалык духка шыктанган КЭДР реалдуу чегинүүлөргө барып, сүйлөшүүлөргө кол сунат деп да күтсөк болот. Бирок бул жерде Пхеньян президенттер Мун менен Трамптын ортосундагы салкын мамилени эске алып, Түштүк Корея менен АКШ ортосуна шынаа кагууга аракет кылышы мүмкүн экенин четке кагууга болбойт.

Андан сырткары КЭДР Түштүк Корея аткара албаган талаптарын айтышы да мүмкүн. Андыктан чоң нерселерге үмүт артпай туруу керек. (AbA)

Роберт Келли - Пусан улуттук университети профессору. (Макала кыскартылып которулду)