Өзбекстандын мурунку башпрокурору Рашиджан Кадыров камакка алынган эмес

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мурдагы башкы прокурор Рашиджан Кадыровдун камакка алынганы тууралуу маалыматты четке какты.

Сүрөттүн автордук укугу Official

Би-би-синин өзбек кызматына Ташкенттеги булактары ырастагандай, Рашиджан Кадыров эч кандай камакка алынган эмес, эртең 24-февраль күнү туулган күнүн үйүндө тосуп, 66 жылдык мааракесин белгилейт.

Рашиджан Кадыровдун камакка алынган тууралуу маалыматтар бүгүн тараган эле. Ага "мамлекеттик мүлктү ээлеп алган», «чет өлкөлүк банктар аркылуу акчанын изин жашырган» деп айыптар тагылганы айтылды. Айрым басылмалар анын уулу дагы он күн мурун "өлкөдөн чыгып кеткени" тууралуу жазышкан. Бирок прокуратура ага карата эч кандай тергөө иштери жүрбөгөнүн билдирген.

Рашиджан Кадыров узак убакыт -15 жыл Өзбекстандын Башкы прокуратурасын башкарган. 66 жаштагы Кадыров 2000-жылы бул кызматка келген. Үч жолу -2005-2010- 2015-жылдары беш жылдык мөөнөт менен кайра дайындалган эле. 2015-жылы төртүнчү мөөнөткө дайындалып, бир нече айдан кийин кызматынан алынган.

Рашиджан Кадыров 2015-жылдын 16-майында Конституциялык соттун судьясы болуп дайындалып, 2017-жылдын августунда Олий Мажлис тарабынан кайра тандоо болгондо кызматынан кол жууган.

Президент Шавкат Мирзиёев өткөн жылы жыйын учурунда прокуратура тармагын катуу сынга алган жайы бар. Булар "эң чоң уурулар" деп атаган президент. Ошондой эле президент Мирзиёев прокуратура кызматкерлеринин 80 пайызы өзгөрөрүн убада кылган эле. (AbA)

Тектеш темалар