Олимпиада-2018: Кош бол, Пхенчхан!

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын жабылыш салтанаты өтүүдө.

Олимпиада оюндарынын жабылыш салтанаты Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

17 күн бою дүйнөнүн көңүлү Корей жарым аралында болду. Дүйнөнүн 92 өлкөсүнөн келген алты миңден ашуун спортчу кыл чайнашкан кармаштарда Олимпиада медалы үчүн күрөш жүргүздү.

Олимпиада оюндарынын жабылыш салтанаты Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Соңку жыйынтыктар боюнча Норвегия курама командасы жалпы медалдар саны боюнча эң алдыңкы орунга чыкты. Олимпиаданын соңку күнү лыжа спортунун чебери Марит Бьёрген Норвегияга 14-алтын медалды алып келип, алар жалпы эсепте Германиянын озуп өттү. Норвегия атлеттери 14 алтын, 14 күмүш жана 11 коло медалга ээ болушту.

Олимпиада оюндарынын жабылыш салтанаты

Германия 14 алтын, 10 күмүш, 7 коло медалы менен экинчи орунда.

Канадалыктар тизмеде үчүнчү болуп, 11 алтын, 8 күмүш жана 10 коло медалды утушту.

Олимпиада оюндарынын жабылыш салтанаты

Жабылыш аземинде дагы Түндүк-Түштүк Кореянын спортчулары бир туунун алдында чыгып келишти.

АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Олимпиаданын жабылыш салтанатында КЭДРдин жогорку жетекчилеринин бири менен бир катарда олтурду. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Олимпиаданын жабылыш салтанатында КЭДРдин жогорку жетекчилеринин бири менен бир катарда олтурду.
Олимпиада оюндарынын жабылыш салтанаты Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ал эми орусиялыктарга жабылыш салтанаттагы жүрүштө өз өлкөсүнүн туусу менен өтүүгө уруксат берилген жок. Мындай чечимди Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алган. Орусия 2014-жылы Сочидеги оюндарда медалдар жадыбалында биринчи орунду алган. Бирок допинг боюнча чуулгандуу окуялардан кийин Эл аралык Олимпиада комитети тергөө иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында Орусиянын улуттук командасын Түштүк Кореядагы оюндардан четтеткен.

Олимпиада оюндарынын жабылыш салтанаты

Бирок Эл аралык Олимпиада комитети кызыткыч колдонбогону далилденген 169 орусиялык спортчуга бейтарап желек астына оюндарга катышууга уруксат берген. Түштүк Кореяга келген орусиялык спортчулар Эл аралык Олимпиада комитетинин туусунун алдында чыгышкан. Аларга мамлекетинин туусун спорттук формасы аркылуу даңазалоого да тыюу салынып, жеңиш учурунда гимн ойнотулган жок.

Пхенчхан Олимпиадасы "эң суук" кышкы оюндардын бири катары тарыхта калмакчы.

2022-жылы кышкы оюндарды Пекин өткөрөт.
Image caption 2022-жылы кышкы оюндарды Пекин өткөрөт.

Бирок жабылыш салтанаты учурунда күн жылуу болуп, жаздын илеби сезилип турат дейт аземге катышып жаткан Би-би-си кабарчылары.

2022-жылы кышкы оюндарды Пекин өткөрөт. Муну менен жайкы жана кышкы Олимпиада оюндарын өткөргөн экинчи шаар катары тарыхта калмакчы. (AbA)