Коррупция чырмаган кыргыз-казак мамилеси

Кыргызстан сыяктуу эле Казакстанда дагы бажы кызматы эң коррупциялашкан тармак катары айтылат. Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Кыргызстан сыяктуу эле Казакстанда дагы бажы кызматы эң коррупциялашкан тармак катары айтылат.

Кыргыз парламентинин депутаты Казакстанда кармалган окуя эки өлкөнүн бийлик адамдарынын, бизнестин таасирлүү субъектилеринин, уюшкан кылмыштуу күчтөрдүн чырмалышкан мамилесин көрсөтүп турат, деп билдирди Би-Би-Сиге Казакстандагы "Либерти" фондусунун жетекчиси Галым Агелеулов.

Г. Агелеулов: Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер абдан чырмалышып калган, биздин жарандар Кыргызстандагы жашоого активдүү катышат, кыргыз жарандары дагы Казакстандагы бизнеске активдүү аралашууда. Бизнес топтордун кызыкчылыктары дагы өз ара чырмалышып калган. Казакстандын аймагында, биринчи кезекте Алматы областында, кыргыз бизнесинин таасири күчтүү. Көп тармактар Кыргызстандан барып активдүү иштеп жаткандар менен түздөн түз байланыштуу. Ошондой эле Кыргызстандагы банк жана башка тармактардагы бизнесте Казакстандын катышы чоң.

Ошондуктан биринчи кезекте бажы тармагында ачык-айкындык болушун каалар элек. Анткени биздин бажы тармагында проблема көп, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы активдүү байланыштары бар адамдар кандайдыр бир жеңилдиктерден пайдаланышат. Алардын ишкер чөйрөдө эле эмес, керек болсо уюшкан кылмыштуу топтордун деңгээлинде дагы өзүнчө бир байланыштары, иштөө ыкмалары бар. Ошондуктан алар бажы кызматтарынын таза иштеп, казынаны толтуруу боюнча аракеттерине көп тоскоолдук кылышат. Казакстандык кызматтардын соңку кармоолорунун себебин ошол контрабанданын болуп жатканынан караш керек.

Би-Би-Си: Кыргызстан менен Казакстан өткөн жылы октябрдагы болгон кризисте бири-бирин айыптаган башкы маселе ушул бажы бекеттериндеги контрабанда, тымызын экспорт маселеси болбодубу. Ошондон кийин эки өлкөнүн башчылары да, өкмөттөрү да бажыканадагы көзөмөлдү күчөтүп, контрабанданы тыябыз деп билдиришкен эле. Ошондон кийин бажы бекеттеринде кырдаалдын жакшы жагына өзгөргөнү байкалабы?

Г. Агелеулов: Кыргызстанда бажы тармагын тартипке салуу чаралары келечеги бар иштер деп ойлойм. Казакстанда дагы тартипке салуу аракеттери байма-бай көрүлүүдө. Жалаң электрондук жабдуулар орнотулуп, чек арада ачык-айкындык болуп, аны менен катар биргелешкен иштер жүргөндө пайдалуу болмок. Бирок Казакстанда мындай аракеттердин үзүрү көрүнбөйт, өлкө бюджетине бажы тармагынан түшкөн акча көбөйө элек. Биздин өлкөдөгү эң чоң проблема - коррупция, ал Кыргызстанда дагы башкы көйгөйлөрдүн бири эмеспи.

Биз коррупцияга каршы эффективдүү күрөштү жана анын натыйжасын көрбөй жатабыз. Бизде, мисалы Хоргосто болгондой, бир топ келип, камоолорду жүргүзүп, дүңгүрөгөн процесстер болот. Алардын ордуна келген жаңы команда деле кайрадан коррупцияга батып, аларды бир жылдан кийин кайрадан алмаштыруу зарылдыгы келип чыгууда. Мына ушуну менен үчүнчү-төртүнчү жолу алмашып жатат. Бирок тартип жок, иштин жыйынтыгы бюджеттен көрүнгөн жок. Бажыга келген адамдар өзүнчө бир уюшкан кылмыштуу топко айланып кетүүдө, жаңы бийлик адамдары, жаңы кландар келет, ал эми баягы эле схемалар иштеп жатат.

Эгерде биздин өлкөлөрдүн бажыканачылары менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда карым-катыш тыгыз болгондо жакшы болмок. Бирок Кыргызстанда да, Казакстанда да бажы кызматтары менен күч түзүмдөрүнүн өздөрү биринчи кезекте коррупциядан тазаланышы керек.

Би-Би-Си: Кыргызстанда күч түзүмдөрү өздөр кылмыштуу топторду, коррупцияны калкалап жатканын президент Сооронбай Жээнбеков жакында коопсуздук кеңешинде сынга албадыбы.

Г. Агелеулов: Казакстанда дагы ошондой эле кырдаал. Коррупциянын изи жогору жакка кетет. Ѳкмөттүн деңгээлинде, Президент аппаратынын деңгээлинде көрүлгөн чаралардан командалар гана алмашат. Күч түзүмдөрүнө жаңы келген командалар мурдакылардай эле коррупцияга кирип кетишүүдө.

Ошондуктан бизге Кыргызстан жана Кытай менен болгон чек арадагы бажы постторунда абдан чоң чаралар көрүлүшү керек. Россия Федерациясы менен чек арадагы бажы бекеттеринде гана кырдаал түзүгүрөөк.

Бизде бажы тармагында болуп жаткан процесстер бажы кызматкерлерин абдан жаманатты кылууда. Бажы кызматкеринин образы коррупция менен түздөн түз байланышкан. Ошондуктан Кыргызстанда дагы, Казакстанда дагы коррупцияны жоюу аракеттери өтө маанилүү.