Чоң өзгөрүүлөрдү алып келген табылга: басма машинкага 145 жыл

Жаңы технологиялардын доорундагы балдар тамга тааный элегинде эле смартфондорду пайдаланганды өздөштүрүүдө. Бирок адамзат бул баскычка жеткенге чейин кандай жолду басып өттү эле? Бул суроого кызыккандар сейрек.

Сүрөттүн автордук укугу Adam Berry

Айталы, басма машинка. Аны азыркы орто анан жогорку муундагылар жакшы билет. Анткени ал толук бир кылым адамга кызмат кылды. Эми анын орду музейде.

Тарыхчылардын эсептөөсүндө басма машинканы 52 жолу ойлоп табышкан. Эң баштапкы конструкцияларынын биринин бийиктиги 2,5 метр болгон. Экинчиси, толугу менен жыгачтан жасалган.

1714-жылы англиялык Генри Милл өзү иштеп чыккан үлгүнү патенттеп алган. Бирок кийин иштеп кеткен үлгүнү 1808-жылы италиялык Турри Пеллегрино жасап чыккан. Булардын үлгүлөрү бизге жеткен жок. Бирок ошол машинка менен басылган тексттер сакталып калган.

Келечектеги "ремингтонду" 1868-жылы Кристофер Шоулз паттентеген. Өкмөттүк мекемелерди жана ишкер кишилерди кызыктыруу үчүн дагы бир нече түрлөрүн чыгарган.

1873-жылы 1-мартта америкалык "Ремингтон" курал-жарак фирмасы басма машинкалардын сериясын чыгарып баштады.

Шоулз клавиатураларды бөлүп койгон QWERTY дегенди ойлоп тапкан. Кийин аны компьютерлер мурастап калды.

Басма машинканы колдонгон биринчи жазуучу Марк Твен болуп калды.

"Ремингтон" фирмасы башынан эле бул машинкаларды негизинен аялдар колдонот деп болжошуп, машинкалардын сыртын кооздоп жасашкан. Деген менен 1910-жылы АКШда машинка басып иштегендердин 19% эркектер түзгөн экен.

Эң ылдам текст терген америкалык Барбара Блэкберн 2005-жылы Гиннестин рекорддор китебине катталган. Ал бир минутада 750 белгини терген.

XX кылымдын соңуна барып, жазма машинканы жаңы технология отставкага кетирди. (AbA)

Тектеш темалар