Кытай аскердик бюджетин триллион юанга көтөрдү

Army

Кытайдын өкмөтү быйылкы аскердик бюджетин 1,11 триллион юань же 175 миллиард долларга чейин көтөрдү.

Өткөн жылга салыштырмалуу аскердик бюджет 8 пайызга жогорулады. Андан тышкары Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян экономика 6,5 пайызга өсөт деген максат койду.

Кытай парламентинин жогорку палатасы же Улуттук Элдик Конгресс мамлекет башчынын мөөнөтүн чектеген эрежени дагы алып салат деп айтылууда. Эгерде бул сунуш кабыл алынып калса, Кытайдын азыркы лидери Си Цзиньпин 2023-жылдан кийин дагы бийликте калышы мүмкүн.

Буга чейин Улуттук Элдик Конгресс Кытайдагы башкаруучу компартиянын чечимдерин колдоп келген.

Улуттук Элдик Конгресске мамлекеттин ар тарабынан келген 3 миң саясатчы кирет. Алар Конгресске де-юре шайланып өтөт, бирок иш жүзүндө бул өкүлдөрдү коммунисттик партия дайындайт.

Кытайдын стратегиясы

Кытайдын өкмөтү быйыл үч маселеге көңүл бурмакчы. Алар мамлекеттин финансалык тобокелчиликтерин азайтуу, абанын булганычына алып барган көйгөйлөрдү чечүү жана жакырчылык менен күрөшүү.

Парламенттеги кайрылуусунда Ли Кэцян жаңы аскердик бюджетти жарыялап, дүйнөдөгү коопсуздук боюнча көйгөйлөрдү эске алганда Кытайдын армиясы "кубаттуу болушу керек" деп билдирди.

Бээжиндин куралдуу күчтөрүн модернизациялоо процесси тездик менен жүрүүдө. Кытай талаштуу аймактарда ири инфраструктуралык долбоорлорду дагы ишке ашырууда. Бирок Бээжиндин бул стратегиясына коңшу жана Батыш мамлекеттери кабатыр болууда.

Тектеш темалар