Ким Чен Ын менен Дональд Трамп жолугушууга макул болду

Ким Чен Ын и Дональд Трамп Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Жолугушуу өткөрүү тууралуу Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын сунушун АКШ президенти Дональд Трамп кабыл алганы жарыяланды.

Бул тууралуу Түштүк Кореянын жогорку кызматтагы бийлик өкүлдөрүнүн Вашингтонго сапарынан кийин белгилүү болду.

Түштүк Корея өкүлдөрүнүн айтымында, Ким Чен Ын согуш коркунучтары жок кылынса, ракеталык жана өзөктүк куралдарды сыноодон өткөрүүнү токтотуу ниетин билдирген. Бул билдирүүлөр өткөн айлардагы опуза, коркутууларды жарып өткөндөй эле көрүндү.

Аптанын башында Түштүк Корея делегациясы Ким Чен Ын менен Пхеньянда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мындай сүйлөшүүлөр мурда-кийин болгон эмес эле. Ушундан кийин гана Түштүк Корея делегациясы Вашингтонго сапар алган.

АКШ президенти менен жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси:

"Түндүк Корея жаңы өзөктүк жана ракеталык куралдардан карманат деп Ким убада берди",-деп айтты.

"Президент Трамп бул маалыматты жакшы кабыл алып, өзөктүк куралдануудан биротоло баш тарттырууга жетишүү үчүн Ким Чен Ын менен жолугушууга макул болду",-деп кошумчалады ал.

Түндүк Корея ондогон жылдар ичинде эл аралык изоляцияда келе жатат. Буга чейин АКШ президенттеринин бири дагы Түндүк Корея лидерлери менен сүйлөшүүгө катышкан эмес. Ошондуктан бул сүйлөшүүлөрдү дипломатиядагы чоң жылыш катары караса болот.

Ал ортодо Би-Би-Синин Түштүк Кореядагы кабарчысы Лора Бикер азырынча Пхеньян өзөктүк куралынан баш тартуу тууралуу билдирүү жасабагынына көңүл бурууда. Болгону ушундай ниети бар экенин кабарлады.

Лора Бикердин айтымында, үгүт талаасында Ким Чен Ын үчүн бул жеңиш сыяктуу, бирок Дональд Трамп дагы чечкиндүү саясаты тараптарды сүйлөшүүгө отурууга мүмкүндүк берди деп, өзүн жеңүүчү катары сезет.

Азырынча Түндүк Корея сүйлөшүулөргө макулдук бергени үчүн кандай талаптарын айтары белгисиз деп белгилейт Би-Би-Си кабарчысы. (AbA)