Индиянын Жогорку Соту эвтаназияга уруксат берди

Индиянын Жогорку Соту Сүрөттүн автордук укугу PTI
Image caption Индиянын Жогорку Соту эвтаназияга уруксат берүүнү жети өлчөп, бир кескендей эле көп жолу карады.

Индиянын Жогорку Соту айыкпас оорудан жаны кыйналган адамдардын пассивдүү эвтаназияга болгон укугун бекиткен чечим чыгарды.

"Адамдар өз наркы менен өлгөнгө укуктуу",-деп айтты Индиянын Жогорку Сотунун өкүлү эвтаназияны мыйзамдаштырган чечим жөнүндө. Оорулуунун эвтаназияга болгон өтүнүчү анын туугандарынын уруксаты жана анын айыкпай турганын аныктаган дарыгерлердин консилиумунан кийин канааттандырылышы мүмкүн.

Пассивдүү эвтаназия деп аталган термин айыкпас ооруга кабылган адамдын өзүнүн каалоосу менен жашоосун токтотууга, жанын кыюуга атайын жардам берүү дегенди билдирет.

Эвтаназияны дүйнө боюнча биринчи болуп Нидерланддар мыйзамдаштырган. Эвтаназия жөнүндө мыйзам бул өлкөдө коомдо жана парламентте катуу талкуудан өтүп кабыл алынган. Католик жана протестант чиркөөсү каршы болгонуна карабай, 2001-жылы мыйзам кабыл алынып, 2002-жылы күчүнө кирген.

Бул жердин мыйзамдарына ылайык, жашоодон кетүүнү чечкен адамдын арызын этика боюнча комитет карап, бул процедураны аткара турган дарыгерге уруксат берет. Айыкпас оорудан жаны кыйналып жашоодон кечкендерге жардам бере турган эвтаназисттердин атайын командалары иштейт. Нидерланддарда эвтаназияга чет өлкөлүктөргө уруксат берилбейт.

Чет элдиктер эвтаназия үчүн Европадагы өлкөлөрдүн ичинен Швейцарияга барышат. Эң кызыгы, Швейцарияга барган туристтердин ичинде так ушул эвтаназияны көздөп баргандар да көбөйүп жаткан тенденция байкалууда.

Алар онкологиялык оорудан жаны кыйналган адамдар. Бирок мындай жашоодон түңүлгөн адамдардын каалоо-тилегин орундатуу оңой болбойт, көп ишти аткаруу керек болот. Эвтаназиянын тизмесине туруш үчүн көп сандаган тесттер менен аңгемелешүүдөн өтүп, дарыгерлерге өзүнүн акыл-эси жайында экенин, бул чечимден кайтпай турганын далилдеши керек.

Жанды ала турган дарыны саярдан мурда дарыгерлер оорулууга ал дары аны өлтүрө турганын дагы бир жолу эскертишет. Ошол эле учурда өзүнүн жашоосун бүтүргөндү каалаган адамдарга укуктук жана медициналык жардам бере турган алты уюм иштейт, анын төртөө чет өлкөлүктөр менен иш алып барат.

Эвтаназияга ошондой эле Бельгияда уруксат берилген. Бир эле 2003-жылы Белгияда оорудан кыйналган 200 адамга жашоодон кетүүгө жардам берилген.

Эвтаназия бир топ талаш-талкуудан кийин АКШнын Орегон, Вашингтон, Вермонт жана Калифония штаттарында бир топ чектөөлөр менен кабыл алынган. Ал эми Жорджия штатында губернатор тескерисинче эвтаназияга тыюу салган мыйзам чыгарган. (КС)