Сириялык элдик кошуундар Түркиянын жардамы менен Афринди ээледи

Түркия колдоого алып жаткан "Эркин Сирия армиясы" күрттөрдүн көзөмөлүндөгү сириялык Африн шаарынын борбордук бөлүгүн ээлеп алды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бул жекшембиде орун алганын айтты.

Түркиянын аскер күчтөрү эки айдан бери чек ара тилкесиндеги аймактардан күрттөрдү сүрүп чыгуу үчүн атайын операция өткөрүүдө. Күрттөрдүн элдик коргонуу кошуундарын Анкара террордук топ катары эсептейт.

Соңку күндөрү Афринден 150 миңге чукул тургуну качып чыкты. Жергиликтүү активисттердин айтымында, жайкын тургундардан 280 киши мерт болгон. Түркиянын бийлиги муну четке кагууда.

Кабарларга караганда, шаардын борбордук бөлүгүндө аскер кишилери тинтүү жүргүзүп, күрттөрдүн коргонуу кошуундарынын мүчөлөрүн издешүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty
Image caption Соңку күндөрү Афринден 150 миңге чукул тургуну качып чыкты.

Түркия күрт элдик коргонуу кошуундарын Түркияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Күртистан Жумушчу" партиясынын бир бутагы катары эсептейт. Аталган партия өлкөнүн түштүк-чыгышында 1984-жылдан бери автономия үчүн күрөшүп келүүдө.

Бирок күрт элдик коргонуу кошууну бул партия менен түздөн-түз байланышта деген дооматтарды четке кагат. Күрттөрдүн куралчан топтору АКШ башында турган альянстын катарында Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшкөн. Анкара өз учурунда күрт элдик коргонуу кошуундарына колдоо көрсөткөнү үчүн АКШны сынга алган эле.

20-январдан тарта Түркиянын армиясы Сириянын түндүгүндөгү Афринде күрттөргө каршы аба соккуларын жолдоп, кийин кургак жер аркылуу операциясын баштаган. Күрттөр 2012-жылдан бери бул аймакты көзөмөлдөп келе жаткан эле. (AbA)

Тектеш темалар