Орусиядагы шайлоо тыянагы: Путин биринчи, Грудинин экинчи

Орусиядагы шайлоонун алдынала тыянактары белгилүү боло баштады. Экзитпол маалыматтарына таянсак, Владимир Путин төртүнчү ирет шайланып жаткан президенттик кызматына чоң добуш менен келе турганы анык болду.

Сүрөттүн автордук укугу Mikhail Metsel/TASS

Путиндин утуп чыгышынан эч ким деле күмөн санаган эмес. Бирок канча добуш алары көптөрдү кызыктырып турган.

Бүткүл орусиялык коомдук пикирди иликтөө борбору (ВЦИОМ) Путин үчүн шайлоочулардын 73,9% добуш бериши мүмкүн экенин шайлоо бекеттеринен алынган сурамжылоого таянып билдирди. КПРФ талапкери Павел Грудинин 11,2% добуш алып экинчиде, үчүнчү орунга Владимир Жириновский - 6,7%, төртүнчү "Жарандык демилгелердин" талапкери Ксения Собчак 2,5% добуш алышы мүмкүн.

"Коомдук пикир" фондунун жыйынтыктары мындан айырмаланат: Путин үчүн 76,3%, Грудининге 11,9% добуш берилгенин болжоодо.

Салтка айлангандай эле экзитпол жыйынтыктары Москва убактысы боюнча 21:00дө - Орусиянын батышындагы Калининград аймагындагы шайлоо бекеттери жабылгандан кийин чыгарылат.

2012-жылдагы шайлоодо Владимир Путин 63,60% добуш алган. Бийликте 18 жыл турган мезгилдин ичинде Путин эң төмөнкү добушту 2000-жылы алган. Анда шайлоочулардын 52,9% аны колдоп добуш беришкен. Төрт жылдан кийин кайра шайланган учурда Путин 71,31% добуш алган.

КПРФ партиясынын талапкерлери Орусиянын жаңы тарыхындагы президенттик шайлоонун баарында экинчи орунда алган экен. 2000-жылы өткөн Путиндин биринчи шайланышында коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов экинчи орунду алып, 29,20% добушка ээ болгон. 2012-жылы ал шайлоого катышкан эмес.

Кремль шайлоочулардын 70 пайызы катышып, ушунча пайызы Путин үчүн добуш бергенин жогору баалаганын айрым ММКлар жазып чыкты. Айрым орусиялык басылмалар (РБК) жазгандай, бийлик эгерде добуш берүүгө 65 пайыз шайлоочулар катышса, жыйынтык жакшы болот деп болжогон. Кремлдеги булактар бийликтин өзгөчө көңүл буруп жатканы - Путин канчалык добуш алат деген маселе болгонун белгилеген. Эгерде 47-48 млн добуш алса, татыктуу деп эсептелет. 2012-жылдагы шайлоодо Путинди колдоп 45,6 млн шайлоочу добуш берген. (AbA)

Тектеш темалар