Орусиядагы шайлоо: Путиндин жеке рекорду

путин Сүрөттүн автордук укугу TASS/Valery Sharifulin

Орусияда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктары чыгарылууда. Бүгүн БШК соңку тыянактарды жарыялайт. 99,65% пайыз бюллетендерди эсептеп чыгышкандан кийин, Владимир Путин 76,66% добушка ээ болгону белгилүү болду. Бул анын саясий карьерасындагы рекорд болуп калды.

БШК маалыматына караганда, Путинге 56 миллион шайлоочу добушун берген. 2000-жылы 52,94% добуш (39,74 млн) алган болсо, 2004-жылы 71,31% (49,563 млн ), 2012-жылы 63,6% (45,602 млн) добуш алган эле.

  • КПРФ талапкери Павел Грудинин 11,8% (8 миллион 626 миң)
  • ЛДПР Владимир Жириновский - 5,67% (4 миллион 141 миң)
  • "Жарандык демилгелердин" талапкери Ксения Собчак 1,67% (1 миллион 218 миң)
  • "Яблоко" партиясынын талапкери Григорий Явлинский - 1,04% (761 миңге чукул)
  • "Өркүндөө" партиясынын талапкери Борис Титов - 0,76% (553 миң)
  • "Орусиянын коммунисттеринин" талапкери Максим Сурайкин - 0,68% (497 миңге жакын)
  • "Орусиялык жалпы элдик биримдиктин" талапкери Сергей Бабурин - 0,65% (476 миңге жакын).

95% бюллетендер эсептелгенден кийин президенттик шайлоого катышкандар саны 67% түздү деп билдирди БШК мүчөсү Николай Булаев.

Сүрөттүн автордук укугу Kukhmar Kirill/TASS
Image caption Шайлоодо кимдин утуп чыгары белгилүү болгондуктан, Путиндин канча добуш алары кызык болду дейт байкоочулар.

Шайлоого катышуу мурунку сандан (65,3%) көп, бирок Кремль күткөндөй 70% болгон жок. Соңку жыйынтыктар бүгүн белгилүү болот.

Шайлоочуларды көңүлүн алыш үчүн БШК кеңири өнөктүк жүргүздү. Орусияда өткөн президенттик шайлоодо катышуу эч качан 70 пайызга жеткен эмес. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар