Орус дипломаттары Лондондогу элчиликтен чыгып кетишти

Британ өкмөтү тарабынан өлкөдөн чыгарылган орусиялык диломаттар жана алардын үй бүлөсү Лондондогу орус элчилигин таштап чыкканы тууралуу кабарланды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Шейшембиде Лондондогу орус элчилигинен бир нече авто унаа аэропортту көздөй чыгып кетти.

Шейшембиде эрте менен Лондондогу орус элчилигинин имаратынан аэропортту көздөй унаа кербени сапар алган. Рейтер агенттиги кеминде үч автобус экенин жазса, РИА Новости унаа кербени онго чукул кичи автобустар менен аэропортту көздөй чыгып кетишкенин кабарлады.

Британ өкмөтү марттын башында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууландырылышы боюнча Орусияны айыптап, 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган эле. Орусия элчилигинин маалыматына караганда, жалпысы болуп Британияны 80 чамалуу киши таштап чыгып кетет. Булар орус дипломаттары жана алардын үй бүлө мүчөлөрү.

66 жаштагы Сергей Скрипаль жана 33 жаштагы Юлия 4-мартта эс-учун билбеген абалда Солсбери соода борборунан табылган. Алар учурда ооруканада, бирок абалы оор бойдон калууда.

Бул окуядан бир апта өткөндөн кийин Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй мурдагы чалгынчы Сергей Скрипаль Орусиянын аскердик ишканасында чыгарылган зат менен ууландырылганын айтып чыкты. Премьер-министр бул кол салуунун артында Москва турушу мүмкүн деп билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Орусия элчилигинин кызматкерлери кетип бара жаткандар менен коштошууда.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү Орусиянын элчисин чакыртып, түшүндүрмө берүүнү сураган. Мэй Москва эки күндүн ичинде "ынанымдуу жооп кайтарбаса", анда Британия Орусия "мыйзамсыз күч колдонду" деген тыянак чыгарат деп эскерткен. Айткандай эле эки күндөн кийин орусиялык диломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Орусиянын Тышкы ишер министрлиги Британия премьер-министринин сөздөрүн Орусияга каршы кезектеги саясий жана маалымат өнөктүгү катары кабыл алганын айткан. (AbA)

Тектеш темалар