"Фейсбук" тегерегиндеги жаңжал: бизге эмнеси белгилүү?

Эң ири коомдук сайттын негиздөөчүсү Марк Цукерберг "Фейсбук" жетекчилиги миллиондогон колдонуучулардын жеке маалыматтарын саясий технологдор колдонуп кеткен окуяда бир нече ката кетиргенин моюнуна алды.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Мен "Фейсбукту" негиздегем жана биздин платформада болуп жаткандар үчүн мен жооп берем",-деди Цукерберг коомдук сайттагы баракчасы аркылуу кайрылуусунда.

Цукерберг коомдук сайттагы колдонуучулардын ишеними бузулганын айткан.

"Силердин жеке маалыматыңарды коргоого алууга биз жоокербиз. Эгерде биз коргой албай калган болсок, биз силерге кызмат көрсөтүүгө татыксызбыз",-деп жазды Цукерберг. Ошондой мындан кийинки өзгөрүлө турган эрежелерди тизмектеген.

"Укуктук коргоо"

Би-Би-Синин кабарчысы Дэйв Линин анализи

Марк Цукербергдин чуулгандуу окуядан кийинки биринчи расмий кайрылуусунда "Фейсбук" жаңжалга жоопкерчиликти алууга даяр эмес деген ойду камтыйт.

Цукербергдин кайрылуусу бир нече күн даярдалды. Бирок ал коомдук сайттын колдонуучуларынан, инвесторлордон же кызматкерлеринен кечирим сураган жок. Арийне, чуулгандуу окуя "Фейсбук" баракчасынын бир нече жылга созулган расмий саясатынан улам чыкканы бышык.

"Фейсбук" бул көйгөйлөр тууралуу 2014-жылы кабардар болгону менен, эрежедеги мүчүлүштүктөрдү колдонгон тараптарды толугу менен токтотуунун ордуна, бир гана сөгүш берүү менен чектелген. Цукерберг бул кадамын дагы түшүндөргөн жок.

Ошондой эле компания колдонуучуларына алардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кетиши мүмкүн экенин дагы айткан эмес. Азыркыга чейин "Фейсбук" жетекчилери бул катачылык тууралуу сөз ката элек.

Цукерберг коомдук сайттагы баракчасы аркылуу тараткан кайрылуусу "Фейсбук" колдонуучуларына багытталган жок. Анын сөздөрүн адвокаттар сотто өтүнүч кат катары колдонулчу юридикалык документ деп сыпаттасак болот. "Фейсбук" алдыда бир нече фронтто оор кармаш болоорун түшүнүп турат.


"Фейсбуктун" миллиондогон колдонуучуларынын жеке маалыматтарын "Cambridge Analytica" консалтинг компаниясы "кыянат колдонгон" деген маалыматтар британиялык коомчулукту нес кылды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шейшембиде Cambridge Analytica жетекчиси Александр Никсти убактылуу кызматтан алганын кабарлады.

Баары кантип башталды эле жана окуя кандай өнүгүүдө?

Cambridge Analytica эмне болгон компания?

Бул лондондук компания саясий кеңеш берүү кызматын көрсөтөт. Компанияны 2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө таасир этүү үчүн 50 миллион "Фейсбук" колдонуучусунун жеке маалыматтарын колдонгон деп айыпташууда.

Мындан сырткары британдык 4-канал (Channel 4) компаниянын менеджерлеринин жазылган сүйлөшүүсүн жарыялады. Анда компаниянын кызматкерлери акча алып туруп, саясатчылардын кадырын кетире турган аракеттерге барганы айтылат.

"Фейсбук" колдонуучулардын жеке маалыматтары эмне үчүн дал ушул компанияга өтүп кетти?

Компания миллиондогон "Фейсбук" колдонуучулардын жеке маалыматтарын "Бул сиздин санариптик жашооңуз" деген викторинанын жардамы менен жыйнаган.

Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption "Фейсбук" компаниясынын акциясы дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү эле 40 млрд доллар жоготту. Расмий кайрылуусунда компания жеке иликтөө жүргүзөрүн айткан.

Тесттер колдонуучулардын жеке маалыматтарын жыйноого мүмкүндүк берет.

"Кишилер мындай куулукту аңдай беришпейт. Шилтемедеги бардык шарттарга макул болуп, өзүнүн жана досторунун жеке маалыматтарын бере баштайт",-деп жазат Biolink.Tech технологиялык компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Черешнев Forbes журналына.

Компанияны өз кызыкчылыгы үчүн көз боемочулук кылып, башкаларды колдонгону канчалык масштабдуу болду? Муну эми алдыдагы эл аралык иликтөө аныктамакчы.

"Фейсбук" эмне дейт?

"Фейсбук" негиздөөчүсү Марк Цукерберг анын коомдук сайты Cambridge Analytica менен иштөөдө чоң ката кетиргенин моюнуна алды.

Ал коомдук сайттын колдонуучуларынын жеке маалыматтарын башкалар алып албагандай чараларды көрөрүн убада кылды.

"Мен "Фейсбукту" негиздегем жана биздин платформада болуп жаткандар үчүн мен жооп берем",-деди Цукерберг коомдук сайттагы баракчасы аркылуу кайрылуусунда.

"Фейсбук" компаниясынын акциясы дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү эле 40 млрд доллар жоготту. Расмий кайрылуусунда компания жеке иликтөө жүргүзөрүн айткан.

Ал эми Cambridge Analytica болсо "алдамчылык менен алектенбей турганын жана эч качан пара албаганын" билдирүүдө.

Би-би-си менен маегинде Cambridge Analytica жетекчиси Александр Никс 4-каналда кеткен репортажды маалыматты бурмалоо деп эсептей турганын айтты.

Шейшембиде болсо Cambridge Analytica жетекчиси Александр Никсти убактылуу кызматтан алганын кабарлады.

Маалыматтарды ачыкка чыгарган киши эмне дейт?

Cambridge Analytica компаниясынын мурдагы кызматкери Кристофер Уайлинин айткандарынан кийин гана ушундай чуулгандуу окуялар орун алды.

Сүрөттүн автордук укугу Press Eye
Image caption Уайли бул идеянын артында Трамптын мурунку Стив Бэннон турганын айтып берген.

Кристофер Уайли компания викторина аркылуу миллондогон "Фейсбук" колдонуучулардын жеке маалыматтарын жыйнаганын ырастап жатат.

Уайли бул идеянын артында Трамптын мурунку кеңешчиси Стив Бэннон турганын айтып берген.

Дагы бир маалымат берген киши Cambridge Analytica компаниясында мурда иштеп кеткен Сэнди Паракилас болгон.

"Жеке маалыматтардын берилишине "Фейсбук" көз жумуп койгон. Алар коомдук сайттан чыгарылып кеткенден кийин көзөмөлдөө мүмкүн эмес эле. Менимче бул төбө чачты тик тургузган көрүнүш", -деп белгиледи Паракилас.

Cambridge Analytica компаниясынын Орусия жана АКШ менен мамилеси

"Бул сиздин санариптик жашооңуз" деген викторинасын түзгөндөрдүн бири теги орус британиялык Александр Коган болгон. Ал 2013-жылы СПбМУнун коомдук сайттарды изилдөө долбооруна катышкан экен. Бирок аталган окуу жай азыркы окуяларга ал долбоордун такыр тиешеси жок экенин билдирди.

Александр Коган Кембриждеги Психометрикалык борбордо коомдук сайттар аркылуу психометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча технологияны негиздеген Михало Косинский менен бирге иштеген.

"Биз ачык эле талкууланган илимий макалаларды жарыялачубуз. Илимдин негизги вазыйпасы иликтөө тыянактарын кишилерге жеткирүү эмеспи. Александр Коган биздин команданын мүчөсү болгону чын. Мен аны менен таанышмын. Бирок ал биздин технологияны уурдап кетти деп ойлобойм. Ооба, ММКлар туура жазып жатышат, ал Cambridge Analytica компаниясынын ишиндеги негизги кишилердин бири эле",-деген Коган 2016-жылы декабрдагы маегинде.

Өзүнүн дарегине айтылган айыптоолорду угуп, таң калдым деди Коган Би-би-сиге.

"Эки компания тең мага баарын шылтап жатат. Биз Cambridge Analytica компаниясындагы ишибиздин баары мыйзамдуу болчу. Менин эң чоң катачылыгым - алар менен кызматташып жаткан учурда жетиштүү суроолорду жолдобогонум болуп калган экен",-деди окумуштуу.

Британия менен АКШ бийлиги кандай аракет кылат?

Маалыматтык маселелер боюнча британдык комиссия сотко кайрылып, лондондук Cambridge Analytica компаниясынын кеңсесин тинтүүгө алуу үчүн ордер сурады. АКШ тарап дагы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

АКШнын Соода боюнча федералдык комиссиясы "Фейсбуктун" ишмердүүлүгүн текшерүүгө алат. (AbA)