Тажик өкмөтү аялдарга кийингенди үйрөтөбү?

Китепте тажик аялдарына кандай кийимдер туура келбей тургандыгы дагы көрсөтүлөт Сүрөттүн автордук укугу TAJIK CULTURE MINISTRY/ASIA-PLUS
Image caption Китепте тажик аялдарына кандай кийимдер туура келбей тургандыгы дагы көрсөтүлөт

Тажикстандын бийлиги тарабынан чыгарылган китеп "аялдарга кийнүү маданиятын" үйрөтөт.

Маданият министрлиги даярдаган "Сунуштар китеби" моделдердин сүрөттөрү менен коштолгон. Asia-Plus агенттиги маалымдагандай, китептен "жети жаштагы эселектен тартып, жетимиш жаштагы байбичеге чейин кандай кийинүү керектиги тууралуу маалымат" алат.

Китепте тажик аялдарына кандай кийимдер туура келбей тургандыгы дагы көрсөтүлөт. Министрлик тажикстандык кыз-келиндерди кара көйнөк, жоолук жана хижаб кийбөөгө үндөйт.

Эксперттердин белгилөөсүндө, тажик бийлиги ислам динине таандык деп саналган кийимдерге тыюу салуу аракетин көрүп келе жатат. Бирок президент Рахмондун чараларына карабастан, диний көз караш кийинүү жеригиликтүү тургундардын арасында кеңири тараган.

Сүрөттүн автордук укугу TAJIK CULTURE MINISTRY/ASIA-PLUS
Image caption Китептен "жети жаштагы эселектен тартып, жетимиш жаштагы байбичеге чейин кандай кийинүү керектиги тууралуу маалымат" алат

Андан тышкары министрлик Батыш маданиятына таандык делген көйнөктөрдү дагы кийбөөгө үндөйт. Мисалы, кыска юбка же көйнөк жана өтө эле ачык деп саналган кийимдерге тыюу салынат.

"Буттар ачык көрүнгөн бут кийим кийүүгө, денеге чапташкан шым, көйнөктөрдү же ден соолукка зыян болгон синтетика кийимдерди кийип алып коомдук жайларга баруудан баш тартууну үндөйбүз", -деп айтылат министрликтин расмий сайтында.

"Чөнтөккө чак келсе эле жакшы кийинебиз"

Жаңы китеп чыгары менен дароо эле коомдук сайттарда кызуу талкууга жем таштады. Айталы, сунушталган салттуу кийимдер адеми экенин айтып, бирок баасы өтө кымбат экенин сындап жатышат. Бул өлкөдө миграциянын агымы күчтүү жана жумушсуздук көйгөйү чечилбей келе жатат. Жакырчылык кеңири жайылган, кыз-келиндер арасындагы билим алуу маселеси курч экени айтылып келүүдө. Ошондуктан бийликтин бул сунушу сынга кабылды.

Сүрөттүн автордук укугу TAJIK CULTURE MINISTRY/ASIA-PLUS
Image caption Министрлик Батыш маданиятына таандык делген көйнөктөрдү дагы кийбөөгө үндөйт

"Министрлик бизге кийим сатып беришсин", -деген дагы пикирлер үстөмдүк кылууда.

Коомдук сайттын айрым колдонуучулары Тажикстанды Түндүк Кореяга айланып бара жатат деген кооптонууларын дагы билдиришти.

"Маданият министрлиги орчундуу көйгөйлөр менен күрөшсө болмок, болбогон нерселерди чыгарбай" деген пикирлер дагы жазылды.

Тектеш темалар