Өзбекстандыктар чарбасын карабаса үч эсе салык төлөйт

Shavkat Mirziyoyev (left) Сүрөттүн автордук укугу Facebook/Shavkat Mirziyoyev
Image caption Президент Шавкат Мирзиёев өзбек жарандары картошка жана сүттү сатып алып жатканын таң калып, өзбек жарандарын жашылча-жемиш жана сүт азыктарын өз колу менен өндүрүүгө чакырган

Өзбекстандын өкмөтү чарбактарын "натыйжалуу" колдонбогон тургундарга үч эсе салык салабыз деп эскертүүдө.

Daryo.uz агенттиги кабарлагандай, өзбек расмийлери жылына эки жолу ар бир турак-жайды текшерүүгө алып, "коомдун дыйканчылыкка, күнөсканаларга жана мал чарбачылык же тоок кармоого кызыгуусун" билип турмак болду.

Текшерүүнү күч органдарынын башчылары, салыкчылар жана жергиликтүү прокурорлор жүргүзмөкчү. Эгерде айтылган расмийлер жергиликтүүлөр "чарбактарын натыйжалуу колдонбой" жатканын аныктаса, жер салыгы үч эсеге кымбаттайт.

Буга чейин президент Шавкат Мирзиёев өзбек жарандары картошка жана сүттү сатып алып жатканын таң калып, өзбек жарандарын жашылча-жемиш жана сүт азыктарын өз колу менен өндүрүүгө чакырган.

"Жергиликтүүлөр оор иштен качып калды. Өзбекстандыктар чарбактарын иштетиши керек", -деп Шавкат Мирзиеёв бир апта мурун билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу FRED TANNEAU/AFP
Image caption Президент Мирзиёевдин 110 тоогу бар

Президенттин тооктору

2016-жылдын декабрь айында шайланган Шавкат Мирзиёев өзүнүн чарбагын мыкты иштеткенин бир нече жолу айткан.

Eltuz.com сайты Мирзиёевдин 110 тоогу бар экенин жана жумурткаларды айылына жөнөтүп, анын ордуна эт жана сүт азыктарын аларын кабарлаган.

Өзбекстадын президенти апта сайын балдары менен тоокканаларды тазалап тураарын дагы айткан экен.

"Президент болсоң эле башкалардан айырмаланам деп ойлоо катачылык. Президент болуп дагы күн сайын эмгектенишиң керек", -деди Мирзиеёв.

Сүрөттүн автордук укугу PAVEL GOLOVKIN/AFP
Image caption Мирзиёев өзүнүн чарбагын мыкты иштеткенин бир нече жолу айткан

Өзбекстандын мурдагы алмашкыс лидери, өлкөнү 25 жыл башкарган Ислам Каримовдун тушунда өлкө дүйнөдөгү репрессиячыл мамлекеттердин катарында аталып келген.

Каримов чет өлкөдө эмгектенген өзбек жарандарын сындап, мигранттарды "өлкөнү уят кылгандар, жалкоолор, даңгеселер" деп атаган. "Мен даңгесе деп, Москвада көчө шыпырып жүргөндөрдү атайм. Адам ушунчалык жийиркенет. Өзбекстандыктар бир кесим нан үчүн ошол жерге барып, көчө шыпырышы керекпи? Өзбекстандын өзүндө эч ким азыр ачкачылыктан өлүп жаткан жери жок", - деп айткан Каримов.

Президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы планын жарыялап, Каримовдун узакка созулган башкаруусуна өзгөртүү киргизүүгө умтулууда. Президенттин бул аракеттерине өлкө сыртында да, ичинде да кубатташууда.

Шавкат Мирзиёев жергиликтүү фермерлерден пахтаны сатып алуудагы өкмөт койгон бааны жогорулатуу сыяктуу популисттик мыйзамдарга кол койду.

Тектеш темалар