Ооганстандагы талиптерди Орусия куралдандырып жатабы?

Ex-Taliban militants hand in weapons in Herat Сүрөттүн автордук укугу EPA

Орусия талиптерге колдоо көрсөтүп Ооганстандагы саясий абалды курчутту деди АКШ расмийлери. АКШнын жогорку даражадагы бийлик өкүлдөрү Москва бир нече айдан бери согушкерлерге курал жөнөтүп жатканын айтууда.

Тарыхый душман болгон Орусия менен "Талибан" кыймылы бул дооматтарды кескин четке кагууда. Соңку кырдаал жаңы "кансыз согуш" катары мүнөздөлүп жаткан чакта, мындай дооматтарды көптөр олуттуу кабыл алды.

Бирок АКШнын айткандары канчалык жүйөлүү?

АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин башчысы генерал Жон Николсон Орусиянын куралдары Тажикстан аркылуу талиптердин колуна түшүп жатат деп Би-Би-Сиге март айынын аягында айтты.

АКШнын генералы Москва Ооганстандагы өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко кошулгандардын санын көбөйтүп айтып, муну менен талиптерге колдоо көрсөтүп жатканын мыйзамдаштырууга аракеттенүүдө деп билдирди.

"Ооган лидерлери биздин штабга Орусиядан талиптерге берилди деп курал алып келишти", деди генерал Жон Николсон.

Ооган полициясы жана аскердик расмийлердин айтымында, орус армиясынан берилген айрым жабдыктардын арасында түнкүсүн колдонулчу көз айнектер, оор жана жеңил автоматтар бар.

Так далилдер табылдыбы?

АКШнын расмийлери бир жылдан ашык мөөнөттөн бери Москва талиптерди колдоп келгенин айтышууда. 2016-жылдын декабрь айында генерал Николсон Орусия менен Иранды сындап, эки мамлекет талиптер менен мамиле түзүп жатканын айткан.

Андан бери деле АКШнын жогорку даражалуу аскер жетекчилери буга окшогон дооматтарды айтып келишти. Анын ичинде Орусия "Талибан" кыймылын курал менен камсыздап жатат дегендер дагы болгон.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images
Image caption 2016-жылдын генерал Николсон Орусия менен Иранды сындап, эки мамлекет талиптер менен мамиле түзүп жатканын айткан

Бирок НАТО уюмунун жана АКШнын бир нече жогорку даражадагы өкмөт өкүлдөрү буга этият мамиле кылууда.

2017-жылы май айында АКШнын Коргоо министрлигинин чалгындоо агенттигинин башчысы Генерал Винсент Стюарт "курал жөнөтүлүп же акча которулуп жатканы боюнча эч кандай далил көргөн жокмун" деп айтканы бар.

2017-жылдын октябрь айында АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис дагы Орусия талиптерди колдоп жатканы тууралуу жетиштүү далил жок экенин билдирген.

НАТО уюмунун баш катчысы Йенс Столтенберг дагы "маалыматты тастыктаган эч кандай далил жок" деп айткан.

Тажикстандын бийлиги болсо алардын чек арасы аркылуу Орусиянын куралдары "Талибан" кыймылына өтүп жатканын четке какты.

Ооган расмийлери эмне дейт?

Ооган расмийлери дагы карама-каршы билдирүүлөрдү таратууда.

Айрым провинция башчылары Москва талиптерге курал таратып жатканын айтса, жогорку даражадагы расмийлери далил жок экенин жүйө келтирет.

Октябрь айында президент Ашраф Гани талиптер мурда өздөрү согушуп жүргөн орустардан курал алып жатат деп шылдыңдап сүйлөгөн эле. Бирок Ооганстандын коргоо министри ноябрь айында бул сөздөрдү "ушак" деп атап, "эч кандай далил жок" деп белгилеген.

Орусия менен "Талибан" кыймылы эмне дейт?

Орусия менен талиптер АКШнын дооматтарын четке кагууда.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Ооганстандын президенти Ашраф Гани талиптер мурда өздөрү согушуп жүргөн орустардан курал алып жатат деп шылдыңдап сүйлөгөн эле

Орусиянын Кубалдагы элчилиги жана өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги генерал Николсондун сөздөрүн "ушак" жана "негизсиз" деп мүнөздөдү.

Ал эми "Талибан" кыймылынын басма сөз катчысы "чет өлкөлүк мамлекеттен эч кандай аскердик жардам" албаганын ырастады.

Москванын айтымында, НАТО менен АКШ Ооганстандагы аракеттери жемиштүү болбой калганы үчүн Орусияны күнөлүү кылууну көздөйт. Ал аз келгенсип Кремль АКШ менен НАТО Ооганстандагы "ИМ" тобун колдоду деп айтканы бар. Кошмо Штаттары болсо бул айыптарды кескин четке каккан.

Орусия менен талиптердин байланышы барбы?

Орусия "Талибан" кыймылына аскердик жардам көрсөтүп жатканын четке какканы менен, талиптер менен байланышы бар экенин ырастады.

Айрым талип булактарына ылайык, Москва он жыл мурун байланышка чыккан.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty Images
Image caption Кызыл армиянын аскерлери, 1989-жылы февраль айы. Советтер Союзу аскерлерин Ооганстандан чыгарууда

АКШ талиптерди 2001-жылы бийликтен кулаткандан кийин, Орусия менен байланыш түзүлүп, 2015-жылы Ооганстандагы "ИМ" тобу түзүлгөндөн кийин эки тараптын мамилеси тез арада өнүккөн.

Талиптер Орусиянын расмийлери менен бир нече жолу жолукканын тастыктаган. 1980-жылдары АКШ талиптерге "Стингер" ракеталарын бергендей эле, бул ирет Орусия жаңы муундагы ракеталар менен камсыздайт деген ойдо болчу. Бирок Москва андай кадамга барбайт. Себеби бүгүнкү күнү бул куралдарды ким камсыздаганын аныктоо өтө оңой.

Душмандан өнөктөшкө айландыбы?

Чынында Орусиянын кадамы күтүүсүз болду. "Талибан" кыймылын түптөгөн оогандардын көбү 1980-жылдары Советтер Союзуна каршы күрөшкөн "можахеддердин" өкүлдөрү болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Талибан кыймылынын согушкерлери деп кармалган жаш балдар

Арийне, 2001-жылы АКШ аскерлерин Ооганстанга жөнөткөндөн кийин талиптер Орусия менен кызматташууга умтулган. Москва болсо "Талибан" кыймылын олуттуу коркунуч катары эсептебейт. Тескерисинче, Кремль Ооганстанда туруктуулук орнотуу үчүн талиптер менен эсептешүүгө тийиш деген пикирде.

2017-жылы март айында президент Путиндин Ооганстандагы атайын өкүлү Замир Кабулов "Талибан" кыймылынын чет өлкөлүк күчтөрдүн Ооганстандан чыгып кеткиле деген талабы жүйөлүү деп айтканы бар. Орусия АКШ менен НАТОнун көптөн бери Ооганстандан аскерлерин чыгарбай келгенин сындады.

Орусиянын кандай кызыкчылыктары бар?

Орусиянын талиптер менен байланыш түзүүнүн үч олуттуу себеби бар.

Биринчиден, Орусия бул кадам аркылуу Ооганстандагы орус жарандарын коргойт. Талиптер көзөмөлдөгөн аймактарын кеңейткени бышык.

2013-жылы жана 2016-жылы талиптер орус жарандарын туткунга алган. Көпкө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин алар бошотулган.

Экинчиден, Ооганстанда "ИМ" тобу күч алып жатканда, Москва экстремисттик топ Борбор Азияга да кирип келет деп кооптонгон. Ооганстандагы талиптер "ИМге" каршы күрөш жүргүзүп келет. Андан тышкары, "Талибан" кыймылы аскердик аракеттери Ооганстандын аймагына гана чектелүү деп коңшу мамлекеттерди ынандырууда. Орусия талиптердин кызыкчылыгы Москванын саясаты менен дал келерин дагы белгилеген.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Орусиянын расмийлери Ооганстандагы кырдаалды аскердик эмес, саясий жол менен чечилиши керек деген пикирде

Үчүнчүдөн, Орусиянын расмийлери Ооганстандагы кырдаал аскердик эмес, саясий жол менен чечилиши керек деген пикирде. Москва Кошмо Штаттардын Оогастандагы саясатына нааразы болуп келет. Себеби 16 жылдан кийин аскердик аракеттер дале соңуна чыга элек.

Кремль талиптер менен сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтыкка жетсе болоорун белгилейт.

Орусиянын саясаты Ооганстандагы кырдаалга кандай таасир этүүдө?

Орусия президент Путиндин алдында Ооганстандагы таасирдүү оюнчулардын бирине айланды. Орусия-АКШ мамилелери чыңалып бара жатканда, Москва талиптер менен байланышып Вашингтондун Ооганстандагы ролун азайтууда.

Ал тапта Кошмо штаттары менен Пакистандын дагы мамилеси солгундап, ондогон жылдан кийин Москва менен Имламабаддын дипломатиялык жана аскердик мамилеси оңолду.

Орусия менен АКШнын аймактагы тиреши "Жаңы чоң оюн" катары бааланууда, Ооганстан кайрадан эки ири державанын жана регионалдык оюнчулардын майдан талаасына айланды.

Тема боюнча башка макалалар