"Ата Мекен" алсырадыбы?

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясында 11 депутаттык мандат бар Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясында 11 депутаттык мандат бар

Абдыганы Эркебаев, Темир Сариев, Феликс Кулов баштаган белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугуна байланыштуу президент, премьер-министр жана спикерге, Акыйкатчыга жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасына кайрылышты.

Кайрылууда Текебаев камалганга чейин атайын медициналык текшерүүдөн өткөнү, азыр да анын ден соолугу тууралуу кооптонууга негиз бар экени белгиленген.

Текебаев кармалып турган №47 түзөтүү мекемесинин медициналык тейлөө шарттарын түзүп бербегени, эки жумадан бери таза абада дем алууга уруксат берилбей жатканы да айтылган. Муну менен катар колониядагы мыйзам бузулган учурларды аныктоо жана жоюу максатында комиссия түзүү талабы коюлган.

Ал арада лидери абакта жаткан оппозициялык "Ата Мекен" фракциясы парламентте позициясын барган сайын жоготуп бара жаткандай.

Бир, эки, үч...

Соңку жарым жылда Текебаев баштаган фракциянын уюткусу болгон саясатчылары бирден фракция курамынан жыдып жатышат.

Учурда фракция лидери Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу соттук териштирүү экинчи инстанцияда уланып, ал күнөлүү деп табылса, "Ата Мекен" дагы бир "көзүр" депутатынан айрылышы мүмкүн.

Буга чейин Бишкек шаардык сотунун өкүмүнөн кийин аталган фракция мүчөсү, экс-Баш прокурор Аида Салянова мандатынан ажыраган эле.

Салянованын мандатын мелжегендер

БШК Аида Салянованы депутаттык мандатынан 3-мартта эле ажыратканына карабай, анын парламенттеги орду дагы деле бош.

Партиялык тизме ирээти боюнча бош орунга талапкер төрт адам бар, алар: Ташболот Балтабаев, Клара-Гүлнара Самат (Кабилова) , Рыспек Мирзаматов жана Талант Узакбаев.

Бирок буга чейин интернетте фракция лидери Алмамбет Шыкмаматовдун БШКга кайрылып, бул талапкерлерди тизмеден чыгаруу өтүнүчү жазылган каты тарап кеткен эле.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Өмүрбек Текебаев мандатынан ажырагандан кийин фракция лидерлиги Алмамбет Шыкмаматовго өткөн

"2015-жылы биздин партиянын ички эрежелери боюнча шайлоодо аз добуш аз алгандар тизмеден чыгабыз деп ушундай арызын жазып беришкен. Ошон үчүн биз андай мазмунда БШКга кат жолдогонбуз. Эми чечим БШКдан болот. Эгер төртөө тизмеден чыкса Болот Шер депутат болуп келет",- деп билдирди Би-Би-Сиге Алмамбет Шыкмаматов.

Бирок айрым талапкерлер андай мазмунда кат жазып беришпегендиктерин айтып жатышат.

БШК мандат талашын карай элек

" "Тизмеден чыкпайбыз, мурдагы арыз жазып жатканда бизди алдаган" деген деп түрдүү себептерди көрсөтүп жатышат. Бул нерселердин баарын эске алып, коллегиалдык чечим кабыл алабыз", -деди БШК өкүлү Абдыжапар Бекматов Би-Би-Сиге.

Анын айтымында "Ата Мекен" фракциясынын мандат маселеси БШКнын 4-апрелдеги жыйынынын күн тартибине киргизилген, бирок партия өкүлдөрүнөн талкууга кишилер келбей калып, бул суроону кароо кийинкиге жылдырылды.

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодон кийин "Республика-Ата Журт" жана "Кыргызстан" фракцияларында ушул өңдүү мандат талаштар көп болгон. Бул боюнча соттук териштирүүлөрү Жогорку Сотко чейин барып, бирок акыры маселелер партия жетекчилик пайдасына чечилип келген.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Социалдык желелерде абактагы Текебаевдин сүрөтү тарады

"Ата Мекен" партиясы 1992-жылы түптөлгөн Кыргызстандагы тарыхы бар, эски партиялардын бири. 1994-жылдан бери саясий уюмга Өмүрбек Текебаев жетекчилик кылып келет. Партия Юстиция министрлигинен 1999-жылы каттоодон өткөн.

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" 7%дык босого чекти ашып өтө алган алты партиянын бири болгон. Учурда парламентте фракциянын 11 мандаты бар.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар