Орусия: Лондон от менен ойноп жатат

Москванын өтүнүчү менен өткөрүлгөн БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында, Орусия британ өкмөтүн айыптап, Скрипалдын иши боюнча ойдон чыгарылган дооматтарды коюп жатат деп билдирүү жасады.

Image caption Сергей Скрипаль жана кызы Юлия 4-мартта эс-учун билбеген абалда Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунан табылган. Алар учурда ооруканада.

БУУдагы Орусиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя британ бийлигин от менен ойноп жатасыңар деп эскертти.

Москва Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын ууландырылышы боюнча иликтөөгө өзү тараптан дагы эксперт кошулушу керектигин айтууда.

Улуу Британиянын өкүлү Карен Пирс өз өлкөсүнүн аракети эл аралык эрежелерге жооп берет турганын белгилеп, "иликтөө иштерине Орусия өзүнүн экспертин кошом дегени - өрт коюп жиберген кишини кайра өрттү иликтөөгө кошкондой эле болоор эле" деп билдирди.

Атайын кызматтын мурунку офицери 66 жаштагы Сергей Скрипаль жана анын кызы 33 жаштагы Юлия 4-мартта эс-учун билбеген абалда Англиянын Солсбери шаарындагы соода борборунан табылган. Алар учурда ооруканада, бирок абалы оор бойдон калууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption БУУдагы Орусиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя

Юлия Скрипаль Орусиянын жараны болгонуна карабастан, ага консулду киргизбей жатат деп даттанды Василий Небензя. Ошондой эле ал "британ тарап Москва менен кызматташуудан баш тартып, анын айынан Орусиянын башка Батыш өлкөлөрү менен мамилеси начарлап кетти". "Лондон иликтөө иштерине орусиялык тергөөчүлөрдү кошпой жатат жана жаңы маалыматтарын бөлүшпөй койду". "Далил жок туруп, кылмышка күнөөлөдү" деген дооматтарын айтты.

"Новичок" деген уу заттын аталышы орусча болгону менен аны Батышта ойлоп табышкан дейт орусиялык дипломат. Анын айтымында, незгизги психотроптук курал - батыш маалымат каражаттары болуп, "далилсиз калптарды тынбай кайталап жатат" дейт.

Улуу Британия өкүлүнүн жообу

Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Карен Пирс: "Британия Юлия Скрипалдын өзүнүн макулдугу жок орус консулун кызга жолуктура албайт",-деп айтты.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Карен Пирс.

Пирстин айтымында, Портон-Даун лабораториясынын эксперттери Солсбериде колдонулган уу зат "Новичок" экенин далилдешкен. Кол салуунун артында дал ушул Москва турат дегенге бир катар себептер бар деди ал. Биринчи, эмне үчүн адамдын нервин шал кылган Орусия чыгарган уу газ Британияда болуп калды деген суроого Кремлден жооп болгон жок.

Тыюу салынган химиялык куралдар боюнча уюм эксперттерин Британияга жөнөттү. Аларга жабырлануучулардан алынган биологиялык үлгүлөр, дадилдер көрсөтүлдү дейт Пирс. Эми эксперттер текшерүүдөн өткөргөндөн кийин атайын доклад даярдайт.

"Орусия эксперттердин тыянагына макул болушу керек. Бирок орус тарап, өзүнүн эксперти иликтөөгө катышканда гана ынана турганын айтууда",-деди Карен Пирс. Орус тараптын талабы аткарылгыс экенин кошумчалады.

Орусияны жоопкерчиликсиз деп атап, жамааттык эл аралык коопсуздукка чакырык таштады дейт британ өкүлү. (AbA)

Тектеш темалар