Хомстагы авиабазага ракеталык соккулар

Хомс Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ракеталык сокку Хомстагы провинциясындагы авибазага урулду (архивдеги сүрөт)

Сириядагы Хомс провинциясынын чыгышындагы Т-4 авиабазасы ракеталык соккуга кабылганын сириялык ЖМКлар билдирүүдө. Андагы маалыматка караганда, ракеталар сириялык абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлдү.

Сириялык булактарга караганда, атып түшүрүлгөн ракеталар - баардыгы сегиз болду.

Алдын ала маалыматка караганда, ракеталар аба майданынын чет жакасына барып түшкөн, авиа базанын өзүнө материалдык зыян болгон жок.

Сириялык САНА маалымат агенттиги ракеталык соккудан курман болгондор жана жаракат алгандар бар деп жатат, бирок курмандыктар саны так белгисиз.

"Фейсбукта" ракеталык соккунун болгону жөнүндө видео жарыяланды, анда учуп бараткан ракета көрүнөт жана жарылуунун добушу угулат.

"Т-4 авиабазасына бир нече ракета менен чабуул жасалды, бул АКШнын агрессиясы болушу мүмкүн", - деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Ал аңгыча Пентагон Сириядагы ракеталык соккуга АКШнын тиешесин жокко чыгарганын Рейтер агентиги кабарлады.

"Биз бул окуяны билебиз, бирок эч нерсе ырастай албайбыз", - деп айткан Пентагондун өкүлү.

Вашингтондун расмий адамдары дагы Ассошиэйтед Пресс агенттигине АКШ Сирияда ракеталык сокку жасабаганын билдиришти.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

"Айбан Асад"

Чыгыш Гутадагы Дума шаарынын жашоочуларына химиялык чабуул койду деп айыпталып жаткан Сириянын президенти Башар Асадды колдоп жатканы үчүн Россия менен Иранды жекшембиде АКШнын президенти Трамп катуу сынга алды.

"Президент Путин, Россия менен айбан Асадды колдоп жатканы үчүн жооп берет", - деп жазды Трамп "Твиттерге".

Трамп бул кол салууга күнөөлүүлөр жазасын алат деп убада берди.

Дума шаарында 7-апрелде болду деп жаткан химиялык чабуул учурунда ондогон адамдар курман болду.

Сирия менен Россия өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып, сириялык аскерлер тарабынан химиялык чабуул болгон эмес деп жатышат.

Бул окуяга байланыштуу тогуз өлкө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын чакырууну талап кылышты.

АКШ өткөн жылы Сириянын түндүк-батышындагы зарин кошулган газ чабуулуна жооп кылып сириялык позицияларды карай ракеталык соккуларды урган эле.

Дональд Трамптын ички коопсуздук жана терроризмге каршы күрөш боюнча кеңешчиси Томас Боссерт жекшембиде Эй-би-си телеканалына АКШ ракеталык соккуларды кайталашы мүмкүн экенин билдирген.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар