Чемпиондор лигасынын жарым финалы: «Бавария» -«Реал Мадрид»

Европа футболдук бирикмеси Чемпиондор лигасынын жарым финалындагы атаандаштарды чүчүкулак менен тандап алды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Жарым финалда «Бавария» (Германия) менен «Реал Мадрид» (Испания),

Рома (Италия) менен Ливерпуль (Англия) бет келет.

Жарым финалдын биринчи беттештери 24-25-апрелде өтөт. Экинчи беттеш 1-2-майда болмокчу.

1/4 финалда «Реал Мадрид» (Испания) италиялык "Ювентусту" утуп алды. Жооптуу оюнду "Реал" үйүндө өткөрүп 1:3 эсебинде утулду. Бирок конокто ойногондо 3:0 эсеби менен уткан. Соңку беттеште "Реал" 11 метрлик айып топко ээ болуп, Роналдунун голу менен жалпы эсепти 4:3 кылып, жарым финалга жол алды.

Англиялык "Ливерпуль" менен "Манчестер Сити" чейрек финалда бет келип, "Ливерпуль" үйүндө 3:0, конокто 2:1 эсеби менен утуп жарым финалга жолдомо утуп алган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Италиянын "Ромасы" болсо сенсациялуу жүрүш жасап, дүйнөнүн эң мыкты командасы испаниялык "Барселонаны" жер муштатты.

Италиянын "Ромасы" болсо сенсациялуу жүрүш жасап, дүйнөнүн эң мыкты командасы испаниялык "Барселонаны" жер муштатты.

Германиянын Мюнхен шаарынын "Бавария" командасы Испаниянын "Севильясын" утуп алган.

Ал эми Европа кубогунда дагы жарым финал үчүн чучукулак жүргүзүлүп "Арсенал" "Атлетико Мадридке" каршы ойнойт, "Марсель" менен "Зальцбург" беттешет. (AbA)

Тектеш темалар