АКШ менен өнөктөштөрү Сириядагы “химиялык курал” жасалат деп шектелген жайларды бутага алды

Syria Сүрөттүн автордук укугу AFP

АКШ, Британия жана Франция таңга маал Сирияда химиялык курал жасалат деп шектелген үч жайды бутага алды.

Өткөн аптада Дума шаарында химиялык чабуул болду деген айыптардан кийин бир нече мамлекет Сириянын өкмөтүн кескин сынга алган. АКШ болсо Сириянын бийлигине каршы чара көрүлөт деп билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Пентагон болсо баш калаа Дамасктагы химиялык курал жасоого тиешеси бар деп шектелген илимий изилдөө борбору жана Хомс шаарынын четиндеги химиялык курал сакталган эки жай бутага алынган маалымдады.

"Биздин максатыбыз химиялык курал колдонуунун кесепети оор болоорун көрсөтүү", -деди президент Трамп.

Reuters агенттиги Сириянын президенти Башар Асадды колдогон топтордун башчысына таянып, АКШ маалымдаган үч жайдан башка жерлер дагы бутага алынганын билдирди. Анын ичинде Дамаск шаарына жакын жайгашкан аскердик базалар жана курал сактоочу жайлар бар.

Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо салган обсерватория дагы Пентагон билдирген башка жайлар бутага алынганын белгиледи.

Орусиянын президенти Владимир Путин аба соккуларды кескин айыптады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Орусиянын Башкы штабынын жетекчиси "Сириядагы орус аскерлерине коркунуч жаралса", жооп кайтарылат деп эскерткен

Орусия эмнеге жооп кайтарган жок?

Буга чейин Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси АКШны аскердик аракеттерден баш тартууга чакырган болчу. Кремль аба соккулар Вашингтон менен Орусияны түздөн-түз согушка түртүшү мүмкүн деп билдирген.

Март айында Орусиянын Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов "Сириядагы орус аскерлерине коркунуч жаралса", жооп катары учуп келе жаткан ракеталар эле эмес, аларды аткан кеме же учак дагы бутага алынат деп эскерткен.

АКШ менен өнөктөштөрүнүн бир дагы ракетасы Орусиянын Сириядагы аскердик базаларына жакын жологон жок. Орусиянын маалымат каражаттарына ылайык, американын айрым ракеталарын Сирия армиясына таандык ракеталарга каршы системасы атып түшүргөн (Сирия ракетага каршы системасын Орусиядан сатып алышкан).

"Москва Сирияда жайгашкан орусиялыктарга коркунуч жаралбаса, аба соккуларга жооп кайтарбайбыз деп ушул жуманын башында эле билдирген. Орусиянын жарандарына коркунуч жаралган жок. Демек, жооп кайтаруунун дагы кереги жок", -деди эксперт Константин Богданов.

Арийне, Орусиянын президенти АКШ менен анын өнөктөштөрү көз карандысыз мамлекетке кол салганын билдирди. Кремль жооп катары дипломатиялык чараларды көрөт деп белгиледи.

Чыгыш Гутада эмне болуп жатат?

Февраль айында Сириянын өкмөтү жана союздаштары көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймактарда аскердик аракеттерин күчөттү. Анын ичинде 2012-жылдан бери президент Башар Асаддын режимине каршы чыккандардын колунда турган Чыгыш Гутада кырдаал курчуду.

Бул аймак бир нече жолу аба соккуларына кабылып, соңку апталарда эле миңдеген кишилер мерт болгон. БУУнун маалыматына караганда, Чыгыш Гутадагы имараттардын 76 пайызы талкаланды. 400 миңге чукул тургундардын көпчүлүгү жер алдындагы бомбадан сактануучу жайларда баш калкалап жатат. Химиялык чабуул жасалды деп өкмөттүк күчтөрдү айыпташты. Асад муну кескин четке кагууда. Чыгыш Гутада гуманитардык кризис дагы тереңдеди. Акыркы жолу гуманитардык жардам 5-мартта жеткирилген. Балдар жетиштүү тамак жебей, ачкачылык азабын тартып жатканы айтылды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШ өткөн жылы Сириянын түндүк-батышындагы зарин кошулган газ чабуулуна жооп кылып сириялык позицияларды карай ракеталык соккуларды урган

Бир апта мурун Сириянын президенти Башар Асад Чыгыш Гутадагы Дума шаарынын жашоочуларына химиялык чабуул койду деп айыпталган. Андан кийин Асадды колдоп жатканы үчүн АКШнын президенти Трамп Орусия менен Иранды катуу сынга алды.

"Президент Путин, Россия менен айбан Асадды колдоп жатканы үчүн жооп берет", - деп жазды Трамп "Твиттерге".

Дума шаарында 7-апрелде болду деп жаткан химиялык чабуул учурунда ондогон адамдар курман болду.

Сирия менен Орусия өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып, сириялык аскерлер тарабынан химиялык чабуул болгон эмес деп айтышууда.

АКШ өткөн жылы Сириянын түндүк-батышындагы зарин кошулган газ чабуулуна жооп кылып сириялык позицияларды карай ракеталык соккуларды урган эле.

Жети жылдык согуштун кесепети

Саясий иликтөөлөр боюнча сириялык борбордун (SCPR) маалыматына караганда 2011-жылы башталган жарандык согуш 470 миң кишинин өмүрүн алды.

БУУнун качкындар боюнча агенттиги Сирияны таштап чыгууга арагасыз болгондор саны 5 млн кишиге жеткенин ырастоодо.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар