Орусия Telegram кат алышуу кызматына бөгөт койду

Роскомнадзор интернет провайдерлерге telegram.org. коомдук сайтына бөгөт коюга тапшырма берди.

Сүрөттүн автордук укугу Kukhmar Kirill/TASS

Орусиянын байланыш, маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн Роскомнадзордун жетекчиси Александр Жаров бидиргендей, көзөмөл органы Apple жана Google компаниясынан дагы Telegram тиркемесин өчүрүүнү талап кылат.

Өткөн аптанын жума күнү Москванын Таган райондук соту Орусиянын аймагында Telegram коомдук сайтын жабуу тууралуу чечим чыгарган. Соттук териштирүү Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) коомдук сайт шифирлөө алгоритминин ачкычын бербей койгондон улам башталган. Сотко арызды Роскомнадзор жолдогон эле.

Telegram Москванын шаардык сотуна доо арыз менен кайрыла турганын айтты. Кат алышуу кызматынын негиздөөчүсү Павел Дуров:

"Колдонуучулардын купялуулугу сатылбайт. Адам укугу коркунучтун жана ач көздүктүн алдында калбашы керек",-деп жазды.