Арменияда Саргсянга каршы демонстрация курчуду

Бир нече күнгө созулган нааразылык акцияларга карабастан Армениянын парламенти жаңы премьер-министрди шайлады.

Ереван Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Демонстрацияга чыккандар мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министр катары көрсөтүлүшүнө каршы болушкан.

Оппозициячыл саясатчы Никол Пашинян демонстрацияларды тынч мүнөздөгү "баркыт ыңкылабы" деп атады.

"Биз мамлекеттик системанын ишине бөгөт койсок, бийлик элге өтөт",-деди Пашинян Еревандагы нааразылык акция учурунда.

Айрым маалыматтарга ылайык, баш калаа Еревандан тышкары Гюмри менен Ванадзор калааларында дагы эл топтолду.

A protester holds up his hands in front of a police barricade in the Armenia capital of Yerevan Сүрөттүн автордук укугу EPA
Protesters use rubbish bins to stop the traffic in a road in the capital
Image caption Демонстранттар таштанды чогулткан кутуларды жана отургучтарды колдонуп, баш калаадагы өкмөт имараттарын тосуп алышты
Протесты в Ереване Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Буга чейин Пашинян нааразылык акцияга чыккандарды мамлекеттик имараттарды бөгөп алууга чакырган.

Демонстранттар Ички иштер министрлигин жана Башкы прокуратура имаратын тороп алышкан. Бирок полиция демонстранттарды парламентке өткөрбөй койгон.

Миңдегендер көчөгө чыкканына карабастан, парламент 76 добуш менен Серж Саргсяндын талапкерлигин колдоду. 17 депутат каршы добуш берди.

Police stand guard against the protesters Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Полиция парламентти курчоого алып, демонстранттарды өткөрбөй турат
Presentational grey line

Окуя болгон жерден баяндама

Ереван шаарынан Рэйхан Демитри кабалайт

Демонстранттар таштанды чогулткан кутуларды жана отургучтарды колдонуп, баш калаадагы өкмөт имараттарын тосуп алышты.

Нааразылык акцияга чыккандар "Серж алдамчы" деп кыйрып жатышат. Буга чейин мурдагы президент өлкөнүн премьер-министр кызматына барбайм деп убада кылган.

Армениялыктардын көбү бийлик алмашканда гана өзгөрүүлөр болот деген пикирде.

Presentational grey line

Еревандагы каршылык жүрүштөрү

Дүйшөмбүдө Ереванда каршылык акциясына чыккандар менен полиция ортосунда кагылышуу орун алып, үч полиция кызматкери жана каршылык акциясынын башында турган лидери жаракат алган. ММКлар "Жарандык келишим" партиясынын жана парламенттеги фракциянын жетекчиси Никол Пашинян жаракат алып, ооруканга жеткирилгенин жазышкан.

Стычка демонстрантов с полицией Сүрөттүн автордук укугу AFP

Полиция көздөн жаш агыза турган газ колдонуп, акцияга чыккандар болсо Еравандын борбордук көчөлөрүн тороп салууга аракет кылышты.

Митинг
Image caption Серж Саргсяндын каршылаштарынын митинги төрт күндөн бери уланып жатат.

Серж Саргсяндын каршылаштарынын митинги беш күндөн бери уланып жатат. Жекшембиде Никол Пашинян массалык акциялардын планын айтып, тарапташтарын көпүрөлөрдү, жолдорду бөгөп салууга чакырган.

акцияга чыккандар болсо Еравандын борбордук көчөлөрүн тороп салууга аракет кылышты.
Image caption Aкцияга чыккандар болсо Еравандын борбордук көчөлөрүн тороп салууга аракет кылышты.
Никол Пашинян
Image caption Жекшембиде Никол Пашинян массалык акциялардын планын айтып, тарапташтарын көпүрөлөрдү, жолдорду бөгөп салууга чакырган.
Армения

Дүйшөмбүдө башкаруучу коалициясына кирген Республика партиясы жана "Дашнакцутюн" расмий түрдө Серж Саргсянды премьерлик кызматка көрсөткөн.

Саргсян 2007-жылдан бери жогорку кызматтарды ээлеп келди. 2008-жылы өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2013-жылкы шайлоодо кайрадан президенттик кызматка келет. Ушундан кийин Армения башкаруунун парламенттик формасына өтүүгө даярдана баштаган. Ага ылайык премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президентин укуктары кыскарган.

Эгерде Саргсян өкмөт башына келсе, 2022-жылга чейин бул кызматта калат.

Протесты в Ереване Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Протесты в Ереване Сүрөттүн автордук укугу AFP

9-апрелде жаңы шайланган Армения президенти Армен Саркисяндын инаугурациясы болгон. Ал мурда Армениянын Улуу Британиядагы элчиси кызматында иштеген. 2015-жылы референдум аркылуу өзгөртүлгөн Баш мыйзамга ылайык Армен Саркисян парламент шайлаган Армениянын биринчи президенти болуп калды.

Протесты в Ереване Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Серж Саргсяндын президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин эле өкмөт дагы отставкасын жарыялады. (AbA)

Тектеш темалар