BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Жаштардын түгөй табуу түйшүгү
Дүйнөдө миллиондогон адамдын өзүнө түгөй табуусу чоң маселеге айланды. Бир нече өлкөдө кыздарга караганда эркектердин саны алда канча көп. Ошондуктан бул оңой нерсе эмес. Финляндиялык окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, соңку жылдары үй-бүлө күткөн түгөйлөргө караганда эки башка жолго түшкөн жубайлар көп болууда.
Кыргызстанда адам укуктарынын абалы жана сындар
Адам укуктарынын абалы боюнча соңку жылдары Кыргызстан эл аралык уюмдардын сынына көп кабылууда. Алар өлкө авторитаризмге багыт алып бара жатат деген баяндамаларын жарыялап, камакта отурган жарандык активисттерге, оппозициядагы саясатчыларга жана журналисттерге карата тынчсыздануусун билдирип келе жатат. Бийлик болсо Кыргызстан демократиялык принциптерди бекем кармап, адам укуктарын сыйлаган өлкө экенин айып келет.
"Бул Путиндин чоң жеңиши": эл аралык медиа Трамптын Путинге, Зеленскийге чалуусун талдоодо
АКШ жана Орусия президенттеринин телефон аркылуу биринчи сүйлөшүүсү, андагы эң башкы тема Украинадагы согушту токтотуу маселеси белгилүү болгон соң Батыш басылмаларынын көбү муну Владимир Путин үчүн ийгиликтүү болду деп сыпаттап жатышат.
"Команда тез арада сүйлөшүүлөрдү баштайт": Трамп Путин жана Зеленскийге телефон чалды
Дональд Трамп Орусиянын президенти Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. АКШ президентинин сөзүнө караганда, сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоо боюнча макулдашуу болду. Кремль бул сүйлөшүү бир жарым саатка созулганын жана эки өлкөнүн лидерлери жеке жолугушуу уюштурууну макулдашканын билдирди. Трамптын айтканына караганда, сүйлөшүү абдан жемиштүү болду. Ал Путин менен сүйлөшкөн соң дароо эле Украинанын президенти Володимир Зеленскийге телефон чалды.
Интернеттеги "ирик-чирик" мээни бузабы?
Инстаграм жана TikTok сыяктуу коомдук сайттардан роликтерди, видеолорду капарыңызга албай эле катары менен карап жатасызбы? Анда сизде Оксфорд Университетинин басылмасы жылдын сөзү деп атаган "мээнин чирүүсү" болушу мүмкүн.
Кызамык жуктургандар көбөйдү: алдын алуу жана дарыгердин сунушу
Кыргызстандын дарыгерлери соңку эки жылда кызамык оорусу кайрадан күч алды деп жатат. Адистердин маалыматына караганда, бул жугуштуу инфекция быйыл эле эки наристенин өмүрүн алды. Дарыгерлер эмдөө бул илдеттин алдын алчу эң негизги фактор экенин айтып келишет.
Орусия: Банк картасы иштебей калган мигранттар элчиликтен жардам күтөт
Орусияда жүргөн 67 миңге жакын кыргызстандык көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, алардын көпчүлүгүнүн банк картасы бөгөттөлдү. Бул тууралуу 11-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Алар укуктук абалын жөнгө салышы керек же Орусиядан чыгып кетиши керек, дейт министрлик.
Трамп АКШга импорттолчу болот менен алюминийге 25 пайыз пошлина киргизди
АКШнын президенти Дональд Трамп коңшулары жана башка мамлекттер ортосунда соода согушунда жаңы жүрүш жасады. Ал буга чейин убада кылганындай эле мурдатан эле металл үчүн белгиленген пошлиналарга карабай АКШга ташыла турган алюминий менен болоттун импортуна дагы 25 пайыздык кошумча бажы төлөмүн киргизди.
Марат Жумашов: Биткоинди жоготпогондо азыр миллионер болмокмун
Жакында эле Англияда кызык бир окуя болду. Ичинде 700 миллион долларга барабар "сырдуу казына" сакталган хард дисктин ээси таштанды талаасын казам деп чуу салганын сиз да уксаңыз керек. Ньюпорт деп аталган шаарчанын тургуну Жеймс Хауэллстин сүйлөшкөн кызы 2013-жылы анын тапшырмасы боюнча таштандыны ыргытып жиберген экен. Көрсө биткоин тууралуу маалымат сакталган компьютердин клавиатурасына суюктук төгүлүп кетип, ошондон улам хард дискти чыгарып алууга туура келиптир.
Израиль Газаны бөлгөн коридордон аскерлерин чыгарып кетти. Палестиналыктар кайтып келүүдө
Израил аскерлери Нецарим коридорунан чыгып кетишти. Бул тилке Газанын аймагын экиге бөлүп турат. Ошентип Израил тарап ХАМАС менен тынчтык боюнча макулдашуунун бир шартын аткарышты. Аскерлерди чыгарып кеткен соң жүздөгөн палестиналык жөө-жалаңдап же унаалары менен Газанын түндүк тарабын көздөй кайтып барууну улантышууда.
Ойго чөмүлгөн шимпанзе, өз образына суктанган кашкулак: Жылдын мыкты жаратылыш сүрөттөрү жарыяланды
Лондондогу Табигый тарых музейи 2024-жылдын эң мыкты жаратылыш сүрөттөрүн жарыялады. Анда өзүнүн Бэнкси стилиндеги образына суктанган кашкулактын сүрөтү жеңүүчү аталды. Бул сүрөттү британдык фотограф Иан Вуд тартып алган.
Орусия менен Иран Сирия аркылуу кантип курал ташыган?
Орусия менен Ирандын аскердик кызматташтыгынын негизги багыты акыркы жылдарда өз ара курал-жарак жеткирүү болуп калды. Москва менен Тегеран январь айында стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшкан. Бул документ эки өлкөнүн аскердик алакасына "кошумча дем" берүүнү көздөйт. Бирок эки өлкө тең Башар Асаддын режиминин кулашы менен Сирияда өз таасирин жогото баштаганы маалым.
Редактордун тандоосу
Дональд Трамптын жашоосу сүрөттөрдө
Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорктун Куинс районунда төрөлгөн. Үч жолу үйлөнгөн, беш баласы бар. Анын саясий карьерасы 2015-жылы башталды. Ал президенттик жарышка катышуу ниетин Трамп-Тауэрдеги пресс-конференцияда билдирген.
Кыргыз айымы Нобель жана Оскардын лауреаттарына катарлаша тизмеге кирди
Би-Би-Си 100 Айым долбоорун жарыялады. Долбоор жыл сайын дүйнөдөгү эң таасирдүү айымдарды тандап, алардын ишмердигин чагылдырып келет. Быйылкы тизмеге кирген айымдар да абдан кызыктуу каармандар. Нобель сыйлыгынын, Оскардын лауреаттарынан тартып, космосто эң биринчи болуп марафон чуркаган астронавт айым да бар. Айтмакчы, дал ошол айым так ушул мүнөттөрдө Жер шарынан 400 миң км аралыкта космосто учуп жүрөт.
Индия: кир аба кишилерди эле эмес, техниканы кошо кыйнап жатат
Соңку он күндө Индиянын башкалаасы Делиде абанын булганышы олуттуу деңгээлге жетип, ал тургундарга катуу кедергисин тийгизип жатат. Кири абанын айынан шаарды коюу туман чулгап калды. Аба кирдеген учурдагы туман абалды ого бетер оорлотот, зыяны да күчөйт.
Украинадагы согуш кандай аяктайт? Москва, Киев, АКШнын сценарийи
Орусиянын Украинага каршы согушундагы кезектеги тагдыр чече турган учур. Кошмо штаттары өз ракеталары менен Орусиянын аймагына атууга Киевге уруксат берген соң Москва жаңы баллистикалык рактасын колдонуп эле тим болбой Европага сокку ура турганын айтып коркутту. Орус армиясы Донбаста чабуулдарын күчөтүп, Курск облусунда болсо түндүккореялык аскерлердин жардамы менен жүрүшүн улантып жаткан маалы.
Тарыхчы: Репрессияланган аялдардын лагерлеринин жанында балдар көрүстөндөрү пайда болгон
Сталиндик репрессиянын кесепети азыр да зыянын тийгизип жатканын окумуштуулар талдап айтып келе жатат. Адам эле эмес, адабият, маданият, илим кошо репрессияланган деп айтууга толук негиз бар. Алыс кетпей эле кыргыз адабиятынын тарыхына кайрыла турган болсок чыгаан адабиятчылар, жазуучулар кандуу саясаттын курмандыгы болгон. Ошентип ой дагы, чыгармачылык дагы репрессияланган, анын айынан адабияттагы жасалмалуулук, бурмалоо, жашырып жабуу болуп көрбөгөндөй күчөгөн.
Украинадагы согушка 1000 күн. Жаңы технологиялар согушту кантип туңгуюкка кептеди?
Орусиянын Башкы штабынын ою боюнча 2022-жылдын 24-февралында таң эрте Украинага басып кирүү тез жана жеңиш менен коштолгон операция болушу керек эле. Бирок андан бери 1000 күн өтсө да Украинада жай, чаалыктырган жана кыйратуучу согуш уланып жатат.
Уран планетасында океан, ал тургай балык да болушу мүмкүн
Уран - биздин күн системабыздын чет-жакасында жайгашып, муз менен капталган эң ыраактагы өзүнчө бир сырдуу, муздуу дүйнө десек болот. Ал эң муздак планеталардын бири.
Вьетнамдан Иранга чейин: Түндүк Корея кайсы согуштарда кантип жардам берген?
Орусия Түндүк Корея менен "баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүк" жөнүндөгү келишимин ратификациялады. Бул келишимде эгерде эки мамлекеттин бирине кол салуу боло турган болсо, бири-бирине аскердик жардам көрсөтүү деген берене бар. Wall Street Journal жазганына караганда, ушул эле келишимде түндүккореялык аскерлерди Украинадагы согушка жөнөтүү боюнча жашыруун берене дагы киргизилген.
Би-Би-Си 100 Айым 2024: тизмеге кимдер кирди?
Би-Би-Си дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган 2024-жылдагы эң таасирдүү жана үлгүлүү 100 айымдын тизмесин жарыялады. Алардын арасында Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Надя Мурад, оор зомбулукту баштан өткөргөн активист Жизель Пеликот, актриса Шэрон Стоун, олимпиадалык атлеттер Ребекка Андраде жана Эллисон Феликс, ырчы Рей, сүрөтчү Трейси Эмин, климат боюнча активист Аденике Оладосу жана жазуучу Кристина Ривера Гарса бар.
Сауд Аравия баш болгон ислам өлкөлөрү Израилге каарын төктү
Саммиттин ачылыш сөзүндө Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман Израилдин Газадагы аракеттерин "геноцид" деп мүнөздөп, көз карандысыз Палестина мамлекетинин түзүлүшү керектигин билдирди.
Кыргыз-түрк алакаларынын тарыхы жана учуру
Кыргыздар менен түрктөр канчалык алыста жашаса да эки элдин алакалары тарыхтын тереңинде жатат. Бүгүнкү түрктөрдүн бабалары огуздар менен кыргыз байланыштары алтынчы, сегизинчи кылымдарда башталган. Кыргыз-түрк тарыхы канчалык тереңде жатканына булактар жана айрым оозеки баяндар күбө. Бирок биз тарыхый-документалдык түрдө билинген Осмон мамлекети мезгилиндеги кыргыз-түрк байланыштарынан баштап бүгүнкү күнгө чейинки алака тууралуу кеп кылабыз.
Норвегияда өлгөн кит чындап эле Орусиянын "деңиз тыңчысы" беле?
Орусиянын тыңчысы деп айтылган белуха кити Норвегиянын жээктерине кантип барып калды? Эркиндикти сүйгөн кит кыязы орус аскерлеринен качып кеткен жана эч кимге "тыңчылык кылуу" ниети болгон эмес.
Кыргызстан
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.



















































