Египеттин соту мурдагы президент Мурсинин өлүм жазасын жокко чыгарды

Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурси Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Египеттин доо арыздарды караган негизги соту өлкөнүн мурдагы президенти Мухаммед Мурсиге чыгарылган өлүм жазасын жокко чыгарды.

Мурси 2011-жылдагы Хосни Мубарактын бийликтен кулаткан төңкөрүш учурунда массалык башаламандыктарга катышкан, абакта кармалган кишилерди бошотууну уюштурган деп айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынган эле.

Абактагылар качкан учурда полиция кызматкерлери жана түрмө сакчылары өлтүрүлгөн.

Бул Мурсиге карата козголгон төрт кылмыш ишинин бири гана. Ал 2013-жылы бийликтен кулатылгандан бери абакта кармалып турат. Сот тарабынан каралган соңку териштирүү - Мурсиге карата козголгон төрт кылмыштын бири гана. Дагы бир кылмыш иши боюнча Мурси өмүр боюу абак жазасына кесилген.

Доо арыздарды караган сот мындан тышкары өлкөдө тыюу салынган "Мусулман агайындары" кыймылынын беш активдүү мүчөсүнүн үстүнөн чыккан өлүм жазасын алып салды.

Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан кийин 2012-жылы Мурси президенттик шайлоодон утуп чыккан. Египеттин тарыхындагы биринчи демократиялык жол менен тандалган президент болуп калган эле. Бирок жыл айланып аскердик төңкөрүш аркылуу кулатылды.

Андан соң анын тарапташтары жана "Мусулман агайындары" кыймылыны мүчөлөрү бийлик тарабынан куугунтукка алынды. Бул кыймыл террордук уюм деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Египеттин соттору Мурсинин жүздөгөн тарапташтарына тез арада өкүм чыгарып, көпчүлүгүн өлүм жазасына тарткан. Укук коргоочулар өлкөнүн сот тармагын сынга алып, сот чечимдеринин адилеттүүлүгүнө күмөн санап келүүдө.