Блог: Зарлыкбеков тирүүсүндө баркталбаган акындардын төрөсү эле

Жолдошбек Зарлыкбеков

Атаңдын көрү кем дүнүйө, Жокем тууралуу эскерүү жазам деген ой үч уктасам түшүмө да кирген эмес. Анын көзү өтүп кеткенин сегиз ай болгонуна ишенип-ишене албай, кабыргам кайышып отурам.

Экөөбүз Кыргыз улуттук университеттин филфагындагы журналистика бөлүмүндө бир группада беш жыл окуп, бир учурда «Алтын бешик» жатканасында бир бөлмөдө дагы бирге жашап калдык эле. Анын түркүн кылык- жоруктарын, дүйнөлүк классик акындарды казып окуганын, сулуу кыздарды сүйүп-күйүп далай ырлар жазганын, жакшы китеп көрсө кыя өтпөй «кымырып» алганын, ал түгүл Ленин атындагы китепканадан китеп уурдап, аз жерден окуудан чыгып кала жаздаганын, немис тил мугалимин шылдыңдап, ал эжей декан Сансызбай агайга даттанганын эстеп турам.

Ал абдан сыпайы, сылык, элпек жан эле. Жоке терең эле, ошол тереңдиккке өзү чөгүп кете берди. Бир далайыбыз стипендия алыш үчүн, жакшы баа алыш үчүн жан талашып, марксизм-ленинизмди, тишибиз өтпөгөн сабактарды жаттап жүрсөк, Жоке сабакта лекция жазбай, ыр жазып, кыялга батып, өз дүйнөсү менен болуп, эң арткы партада, куркуйган башын катып ыр дүйнөсү менен алек болуп отурчу эле. Же түнү менен китеп окуп, сабакка барбай же китепканадан башы чыкпай, андан келатып, пивоканага чалынып, же бир вино көтөрүп келип, Дүйшөн, Молдосалим болуп, аны бөлө тартып, кийинки курстагы балдарды кайра виного жумшап, аларды тамашалап, шылдыңдап, ырсалактап, оозун басып күлүп калаар эле. Ал тубаса маданияттуу, ак сөөк жан эле. Эл сыяктуу санын чаап, каткырып күлбөй, сыпайы оозун жаап, сүлкүлдөп күлүп калчу. Атайын куудулданбаса деле отурган жерде элдин боорун эзип, күлкүгө бөлөп салчу. Окуудан дайыма эки сабактан карызы болор эле. Дене тарбия менен чет тил сабагын жек көрчү элең.

Мен англис тили тобунда окуп, сен немис тилинен "айн, свайн, немис тилинин энесин урайын" деп коюп Абилова деген эжейге жакпай, андан деканыбыз Сансызбай Иманалиев агайдын айкөлдүгү менен зачет алганың да кызык болгон эле. Эжей агайга сен тууралуу арызданып жатса, агай кайра эжейге "айланайын Калыйкан, сен өзүң Германияны көрбөй туруп эле немис тилин окутуп жатпайсыңбы, Зарлыкбеков Германияда аскердик кызмат өтөп келген. Билгенинен "айн, свайн.." деп жатат да, зачет коюп берип кой, стипендиядан куру калбасын байкуш бала" деп чын дилинен сага күйүп, эжейдин жанын кашайткан эле. Эжей эмне дээрин билбей күйүп-бышып, аргасыздан күлгөнүн өзүң кайра жомок кылып, бизге айтып, факультетке жайып жиберген элең.

Анан студент кезинде эле «Кыргызстан маданияты» жумалыгына корректор( ката тергич) болуп орношуп, адабият чөйрөсүнө да бат алынып, окууну бүтөөрү менен ошол учурдагы эң таасирдүү «Ленинчил жаш» гезитине кабарчы болуп, далайдын ичин күйгүзүп, журналистикага баш оту менен кирип кетип, ырын өгөй катындын баласындай карап калганын көрүп, бир мыкты акын эрте «өлүп баратат» деп койдум эле. Жокенин өзүнө да далай жолу айттым, ырыңды таштаба, китебиңди чыгар деп… Быйыл университетти бүткөнүбүзгө 30 жыл болот эле. Группалаштар бир чогулуп, өткөн-кеткенди эскерип, Жокенин ал-абалын сурап, бир черди жазалы деген тилек бар эле.

Ал күлүк аттай, аргымактай эле. Аны далай редакторлор «минип» кызматын көрүп, гезиттин баа-баркын көтөртүп, анан «бул ичет экен» дешип, итке салып берип, четке чыга беришээр эле. Жаш баладай энөө, жан дүйнөсү таза жан элең. Элди туурап, айланасындагы карышкырларды көрүп, карышкыр болгусу келчу, түлкүдөй жойлогон тиги жээкте, бул жээкти бирдей жайлаган алчы-таасын жеген журналисттерди көрүп, түлкүдөй болгусу келчү. Бирок, карышкыр да, түлкү да бололбады. Коңкоюп, редактору сок дегенди согуп, тузда дегенди туздап жазып, өзү азабын тартып жүргөн учурлары кездешти. Бир карасың абдан назик, абдан сыпайы, жоош жан эле. Сыртыңдан жоош, момун көрүнгөнүн менен ички дүйнөң буркан-шаркан кайнаган жылма тентек элең. Бирок тили калемпирдей курч, болотой өткүр, макалалары чучукка жеткидей таамай эле. Кезинде кыргыз журналистикасын жаңы деңгээлге көтөрүп, далай гезиттин жүзүн ачкан күжүрмөн калемгер элең. Гезит суудай, уудай экен. Сен иштебеген деле гезит калбаптыр. «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш», "Жаштык жарчысы" , «Эркин тоо», «Асаба», "Агым» "Бишкек таймс", «Аалам», "Де-Факто" гезиттеринин майын чыгардың.

"Күндө жазсаң күндө жок, күндө гезит жеп коет" болуп жүрүп, аттиң деп арман кылып, бармак тиштеп акыры өкүнүп да жүрдүң...

Гезиттердин күнүмдүк тегирменинде айланып, күлгүн жаштыгы, ырлары артта калып, элүүдөн ашса дагы бир китебин чыгара албай, арманда кете берди. Анан дагы бир китеби жарык көрбөй туруп, СССРдин жазуучулар союзуна мүчө болгон жалгыз акын сен болдуң, Жоке! Анан дагы мыкты котормочу элең. Гейненин, Стаффтын, Рилькенин жана башка классиктердин ырларын кыргызча сүйлөттүң эле.

"Турар" басмасынын директору Тилек досубуз сенин чыгармачылыгыңды баалап, демөөрчүлүк кылып ырдан, кара сөздөн турган жыйнагыңды чыгарып берүүгө убада кылса дагы кенебей же оорунун айынан чыгынып барбай, буга чейин термелеп жазгандарың эки килейген китеп болуп, жарык көрбөй жетимсиреп артыңда кала берди. Ушуга да мойнуң жар бербей, чыгынбай койгон экенсиң. Билем сенин далай ырларың жоголуп, ар кайсы редакцияда калып кетти. Окуп жүргөндө эле илхам келип калганда, гезиттердин актай четине же китептин актай булуң бурчуна ырларыңды жазып калаар элең. Жоголгон бычактын сабы алтын дегендей, кээ бир табылбай калган чыгармаларыңа менин деле ичим ооруп, кейип калам.

Сенин публицистикалык макалаларың, котормолоруң деле эки-үч китеп болмок. Алдаганды билбейт элең, элди туурап бизнес кылам деп, банктан насыйа алып, банкрот болуп, бир бөлмөлүү батириңди алдырып, карыздан араң кутулганыңды айтып калаар элең. Сыртка чыгарбай ичиңен эле өзүңдү кайнай берген, өзүңдү өзүң жей берген адатың бар эле. Көр-тирликтин көйгөйүң көп эле. Байып кетем деп кокусунан алдамчыларга туш болуп калып үйүңдү барымтага кое салып акча алып берип, аның качып кетип, банктан алган акчанын пайызы өсүп анын азабын далай тарттың. Бир жолу

гезит базарынан карп-курп жолугуп калдык. Кызуу экенсиң, «мен дагы эл сыяктуу токол алдым. Жаш жеңең уул төрөп берди. Жакында тааныштырам» дедиң эле. Мен ылайым ошондой болгой эле деп, чын дилимден тилеген элем. Бирок, ал деле өзүңдү өзүң соортконуң, өзүңдү өзүн алдаганың окшойт. Балага зар болуп, ичтен сызып, бул тууралуу жан кишиге айтпай, арманың ичиңде кете берди окшойт, Жоке. Ушуларга кейип, ичимдиктен күчүңдү чыгарып, сени сары-санаа жеп койду. Чачылган, чабылган сага Асия жеңе гана түттү окшойт. Куркулдайдын уясындай болгон бөлмөсүндө дүйнөлүк акындардын китептери батпай, Асия жеңеден далай тил угуп, колунан китеп түшпөй жүрөөр эле. Жокени баары тамашалашат. Аны шылдыңдап күлүшөт эле. Бирок анын кылы кыйшайбайт, мыйыгынан жылмайып коер эле... Адамгерчилигиң бийик жаркылдаган жакшы жан элең. Айтор чабылып, чачылып жүргөн учурларың көп болду. Сен жаратылыштын кубулуштарын укмуштай чебер сүрөттөп, ыр тизмектерине шөкөттөйт элең.

Сен сүрөткер акын элең. Сендей эч ким терең философиялуу ырларды, курч макалаларды жазалбайт. Сен журналистиканын дыйканы, акындардын төрөсү элең, көзүң тирүү кезде баалап, барктай албадык, кечир бизди…

Сен тууралуу эскерүүлөр али алдыда. Сенин жан-дүйнөң, чыгармачылыгын, кылык-жоругуң бир-эки баракка батаар эмес. Жакын арада кочкорлук агайын- туугандардын демилгеси, колдоосу менен төмөнкү китептериңди окуп каларыбыз бардыр.

Жакшы көргөн жездең Алым Токтомушовдун, сүйүктүү редакторуң Мелис Эшимкановдун, устаттарыңдын бири Салижан акенин, ага досуң Табыкенин, группалаштарыбыз Калийсанын, Гүлбарчындын, Абдылда акенин, Молдосалимдин артынан Жокем да сапар алыптыр. Ай, Жоке, арманың, сырың ичиңде кете берди окшойт. Кош бол, Жоке!

Аргасыздан эскерүү жазган бирге окуган курбуң Кабыл Макешов

Жолдошбек Зарлыкбековдун айрым ырларын окурмандарга сунуш кылалы!

Сен мага… түшүндүңбү? Туура түшүн,

же мейлиң, эчен-токон көзөлдөрдөн

өттү өмүр - жеңдей кыска, колдой узун,

өттү өмүр - берер жообу кечеңдеген.

АПОССИАНАТА

Сагынычтын кандай таттуу азабы!

Клавиштер онтойт минор үн менен.

Кайрыктарда кайкыйт тагдыр мазагы

тириликтин заңына баш ийбеген.

Ким деги бул, кабакка кир түнөткөн

жарым түндө жалгыз чертип кыягын?

Созгон күүсү тумчуктурган, жүдөткөн,

уккан сайын түтөп санаа-кумарым.

Жарым түндө жаңырганы жаңырган,

чыйрыктырып ар илеби, кайрыгы,

сиңет ыргак сайсөөгүмө, каныма.

Чыгам сыртка чылым отун жандырып.

Чыгам сыртка акыл-эстен, жүрөктөн!

Чыңырыктай чындыгымдын үнү өчкөн

кезди унутам - санаа отун өчүрөм

чарчап күйгөн үмүт менен тилектен.

Билдирбейсиң кабарыңды, алыңды,

кушу кайтты, суусу тоңду Нарындын.

Бекер күйдүм. Безилдедим. Ак урдум

илебиндей шамалдагы жалындын.

Кан тамырда калкып аккан не сезим,

таарынычын унутпас кай сагынч бу.

Жаңырыгым, кайсы жарык үндөсүң,

кай айылда, кай үйдөсүң алыскы?

Жабык калып жанды жеген ал кумар,

Ачык калды бир күтүүнүн эшиги,

Эртең кайра кезикчүдөй алдыман,

Эртең кайра суроочудай кечирим…

1987-ж.

Жолдошбектин ойго салган айрым төрт саптары

Каргалар учат топ-топ салп-салп этип,

Жүрөгүм каккан сайын ирмем өчүп.

Жаш чакта кең ааламга мен кетчү элем,

Баратат эми менден аалам көчүп.

* * *

О Алла, сени унуттум,

Калп айтып жаткан кезимде,

Сен турган жоксуң эсимде.

Кыйды, көө, абжөөр бурутмун.

* * *

Чоңдоруна, өз чини да өскөнчө,

Жолду тороп, чаап жүргөн арыгын.

Көчүгүнөн түтүн чыгып кеткенче,

Көчөдөгү ышкырыгы МАИнин.

* * *

Акын калкы ак жүрөк да, аңкоо калк,

Он ыр жазса, алда кокуй алтоо калп.

Халтурщиги халал эт жейт, калганы

Дубалына мык какпаган жалкоо калк.

* * *

Лакылдап жайкы закым көчү жүргөн,

Суусаган жол акактап чуркайт көлгө.

Дирилдеп торгой асман түпкүрүнөн,

Суусаган август чаңкап үзүм желге.

* * *

Картайган алсыз жылдыздар,

Саржарык отун жагышты.

Келатам тоодон алыскы,

Ат жалын сылап кар учту.

* * *

Мээни жарып кээде кагат жүрөгүм.

Өлгөн адам колундагы сааттай.

Араңарда мен эмнеге жүрөмүн,

Качан болсун каршы коркунуч, сааттай.

* * *

Турмушумду келет сенин башкаргың,

Сен жок кезде казан кургап ач калдым.

Сен бар кезде ак булутту жаздандым,

Бакылдадым башын сүйлөп асмандын.

* * *

Ажал сандык аңтарганда,

Жан тизгинин каңтарганда.

Тил күрмөлбөйт, айталганга,

Чөбөрө тил — бал тамганда.

* * *

Жоргодон туулган жоргокту айт,

Баатырдан туулган коркокту айт.

Устадан туулган чоркокту айт,

Сындуудан туулган сөлпөктү айт.

* * *

Беймаза, кутум тукуму,

Кайрыдин кесеп жарыбайт.

Жабышкак жаскак учугу —

Ач көздүк гана карыбайт.

* * *

Туулгамын январда ак таңда,

Кудай Таалам састумоолоп жатканда.

Жеткир жанмын, кечир, чыным айтканда,

Кылмыш кылсам желкемди ийип башты алба…

* * *

Эчен эрен жеди, калптан жөтөлдү,

Көмөчүнө күлүн тартып, жеке өлдү.

Ата Журтуң турган тушта сыркоолоп,

Көпкөн адам сүйө алабы Мекенди?

* * *

Нилдин башы Судандан,

Пил тумшугу кудайдан.

Сендей сулуу-тилдүүнү,

«Жарым бол» деп суранбайм.

* * *

Ар оттун башын үйлөгөн,

Ак үйдүн сөзүн сүйлөгөн.

Ары жок арам күн менен,

Ал дагы өттү дүйнөдөн.

* * *

Пейлим таза ыплас кара жердеги,

Кайталаймын төрт ирекет келмеми.

«Сүйөм, сүйөм, сүйөм, сүйөм дүйнөнү,

Сүйгөн үчүн сүйүндүрүп сен, мени!»

* * *

Жашоого даңк, сен мага пейил салдың,

Жашоого даңк, мен сага шашып бардым.

Жашоого даңк, сен мени сүйүп калдың,

Жашоого даңк! Мен сага кучак жайдым.

* * *

Өмүрүңдө кесир кезиң,

Өлүмүңдүн кечин берсин.

Ээ-жаа бербей эсиргенсиң,

Кудай аның кечирбесин.

* * *

Табытыңа тактай тилди,

Кабырыңа кирпич куйду-

Сен өлгөндө жыргап күлдү,

Сенден митаам, сенден кыйды.

* * *

Сүйгөм сени — ал бир чындык кашкайган,

Тангам сени — күнөөм туруп актангам.

Көрдүм сени — саамайыңды ак чалган,

Өптүм сени — көздөрүңдү жаш чайган.

* * *

Бирде жигит-банкрот,

Бирде жигит-Жан Клод.

Таза болот, так болот,

Кечки жооптон таңкы жооп.

Котормолор

ҮЧ АСЫЛ

(Генрих ГЕЙНЕден)

Үч аялды сүйөрүм ак чынында

Үчтү жазды маңдайыма жараткан.

Эркек-али эркек эмес ырымга

Үчөөн жазбай өмүр кечип бараткан.

Алгачкысы түшкө кирген керемет,

Кыялымда кыл жукпаган асылзат.

Экинчиси маган али келелек…

Үчүнчүсү маңдайымда какылдап.

БЕЙКУТ КЕЧ

(Леопольд СТАФФдан)

Керек мага арааны ачык бейкут тынчтык чалкыган,

Жылдыздардын чанак жарган шоораты азыр тоскоолдой.

Саманчыжол сартуманы уюлгуган, калкыган,

Көк Теңирдин түбүн ойсуз тиктеп турам козголбой.

Уясына конгон куштай шамал жыйды канатын.

Нымдуу түндүн жыты бургуп, каңылжаарым жарылат.

Ким тынчтыкты сөзү менен албайм десе канатып,

Шатыраган жамгырда да үн чыгарбай жалынат.

Жолдошбек Зарлыкбеков