Казакстанда көп кабаттуу үй урап тогуз киши каза болду

куткаруучулаp Сүрөттүн автордук укугу MVD KAZAKHSTAN

Казакстандын Караганда аймагында көп кабаттуу үй урап, кеминде тогуз киши каза тапты. Шахан кыштагында дүйшөмбүдө болгон бул кырсыктын себебин жылытуу системасындагы жарылуудан улам болду деп билдирди жергиликтүү бийлик.

Интерфакс агенттиги куткаруучулар уранды алдынан тогуз кишинин сөөгүн алып чыкты деп жазды. Дагы эки кишини куткаруу аракеттери жүрүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу MVD KAZAKHSTAN

Каза тапкандардын үчөө жаш балдар болгон деди Казакстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Руслан Иманкулов. Маалыматтарга караганда окуя болгон жерге Ѳзгөчө кырдаалдар комитетинин куткаруучулары, полиция, улуттук гавардиядан 280 киши тартылып, кырсыктын кесепеттерин жоюга киришти.