Кытай суутек менен кыймылга келген учакты сыноодон өткөрдү

учак Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кытайлык адистер суутек менен жүрө турган учагын биринчи жолу сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу кытайлык ММКлар маалымат таратышты.

Сыноо Кытайдын түндүк-чыгышындагы Шэньян шаарында жүргүзүлгөн. Кабарларга караганда учак 320 метр бийиктикке көтөрүлө алды.

Бул учак Кытайдын химиялык иликтөө Академиясынын Даляндагы бюросу жана Ляондук авиациялык илимий изилдөө институту тарабынан эки кишилик RX1 электро учагынын базасында иштелип чыккан. Учакка күйүүчү майдын ордуна суутек толтурулуп, ал болсо 20 кВт кубаттуулуктагы энергияны иштеп чыгат. Ошондой эле учактын бортунда эки кошумча аккумулятор коюлуп, учуу мезгилинде алар заряддалып турат.

Кытай суутек элементи менен кыймылга келген учакты сыноодон өткөргөн үчүнчү өлкө болуп калды. Буга чейин мындай сыноону АКШ жана Германия өткөргөн эле.

Тектеш темалар