Samsung жетекчиси коррупция боюнча суракка чакырылат

Ли Че Ён Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Түштүк Корея Президенти Пак Кын Хенин тегерегиндеги жаңжал Samsung компаниясына чейин жетти. Тергөөчүлөр компаниянын топ-менеджери Ли Че Ёнду суракка чакырмак болду. Ли Че Ён холдингдин жетекчисинин уулу.

Маалыматтарга караганда бейшембиде аны шектүү катары суракка алышат. Тергөөчүлөр Samsung компаниясы Президенттин курбусу Чхве Сун Силдин көзөмөлүндөгү коммерциялык эмес фонддорго каражат которгон деп айтууда.

Дал ушул фонддордун ишмердүүлүгү текшерүүгө алынгандан кийин коррупция боюнча жаңжал тутанган эле. Анын арты Президент Пак Кын Хеге импичмент жарыялоого себеп болду. Анын курбусу өзүнүн фондуна ири компанияларды акча которууга мажбурлаганы айтылган.

Ал компаниялардын арасында эми Samsung дагы аталып жатат. Тергөөдө бул акча которууларды бир жагы паракорчулук катары да караса болот деп айтылууда. Муну менен компаниялар талаштуу маселе болуп калса бийликтен колдоо үмүт кылыш да мүмкүн.

Ли Че Ён формалдуу түрдө Samsung компаниясынын вице-президенти кызматында. Бирок анын атасы, компаниянын президенти Ли Гон Хи жүрөк оорусуна кабылгандан кийин, иш жүзүндө ал корпорацияны жетектеп жүрөт.

Samsung дүйнөдөгү эң ири жогорку технологиялык электрониканы, мобилдик телефон, телевизор, монитор, турмуш-тиричилик буюмдарын өндүргөн компания эсептелет.

Тема боюнча башка макалалар