Ирактын күрддөрү референдумдан баш тартпайт

Күрддөрдүн расмий эмес борбору болуп саналган Диярбакыр шаарындагы полиция участогу Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Күрддөрдүн расмий эмес борбору болуп саналган Диярбакыр шаарындагы полиция участогу

Ирактын Жогорку Соту Күрдистан аймагында көз карандысыздык боюнча референдумду токтотууга буйрук берди. Референдум эмдиги аптада 25-сентябрда болот.

Референдумга бир нече мамлекет, анын ичинде АКШ, Түркия, Иран жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы каршы чыккан. Дүйнөлүк державалар референдум Ирактын туруктуулугуна кедергисин тийгизет деген пикирде.

Бирок күрддөр тарыхта эгемендүүлүк үчүн катуу күрөшүп келген калк. Ал себептен серепчилердин баамдоосунда, добуш берүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү көз карандысыздык алууга умтулат.

Арийне референдумдун жыйынтыгы кандай болгон күнү дагы, шайлоонун эч кандай юридикалык күчү жок жана Ирактан бөлүнүп кетүү боюнча эч кандай механизм да жок. Анда Ирактагы күрт азчылыктары эмнеге референдумду азыр өткөрүүнү көздөп жатат?

Референдумдун башкы себептери

Ирактын Күрдистан аймагындагы ички саясат референдумду азыр өткөрүүнүн негизги себептеринин бири. Автономиялык аймактын президенти Масуд Барзани 1-ноябрда кызматтан кетет. Жетекчи президенттик мөөнөтү бүтө электе, символдук түрдө болсо дагы эгемендүүлүк алуу жараянды баштоону көздөйт.

Экинчиден, күрт азчылыктары беш же он жылдын ичинде Ирактан бөлүнүү үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосун көздөп келет. Ирактын түндүгүндө жайгашкан Күрдистан Саддам Хусейн 1991-жылы аскерлерин аймактан чыгарып кеткенден бери автономиялык макамга ээ.

Аймактын жетекчилиги өз алдынча парламент, министрлик жана куралдуу күчтөрүн дагы түптөгөнгө жетишкен.

2003-жылы АКШ аскерлерин Иракка кайрадан киргизгенден кийин, Күрдистан аймагы мамлекеттин курамында жарым-жартылай автономиялык макам менен калган. Бирок Багдад аймакка автономиялык статус берүүгө каршы чыгып, сүйлөшүүлөр токтоп турат.

Мунайга бай аймактар

14 жылдын ичинде Күрдистан көзөмөлдөгөн аймагын кеңейтип, күрддөр басымдуулук кылбаган, бирок мунайга бай аймактарды колго алган. Бул кадам Багдаддын кыжырына тийип келет.

Эл аралык инвесторлордун жардамы менен күрддөр күнүнө 600 миң баррель мунай экспорттошот. Деңизге байланышы жок көз каранды аймак үчүн бул өтө мыкты көрсөткүч.

Бирок ага карабастан Ирактагы Күрдистан аймагы эгемендүү мамлекет катары эл аралык уюмдардан карыз ала албайт.

Ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюму тааныган мамлекеттердей курал-жарак сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок.

Багдад Күрдистандын аба мейкиндигин көзөмөлдөйт. Күрддөр Ирактын паспортун колдонуп, башка мамлекеттерге виза алууга тийиш.

Мыкты машыккан күрд аскерлери

Күрдистан аймагынын лидерлери референдумдан баш тартпай тураарын билдирди. Ирак, Түркия, Иран жана дүйнөлүк коомчулук Күрдистан аймагына референдумду токтотууга жетиштүү кысым кыла алган жок.

Түркия референдумду айыптаганы менен мунай импортунан улам чек араларын ачык калтырат. Ирактын өкмөт күчтөрү мыкты машыккан күрд аскерлерине коркунуч деле түзбөйт деген сөз дагы айтылууда.

Иран жана Түркия негизинен "домино таасиринен" же өз мамлекетиндеги күрд азчылыктарынын бөлүнүп кетүү аракетинен кооптонууда.

Ирактын расмийлери мойнуна албаса дагы Күрдистан аймагы акырындап эгемендүүлүккө жакындап бара жаткандай. Ал себептен Ирактын саясатчылары күрт расмийлерине көбүрөк автономия сунуштап, аймакты бөлүнүп кетүүдөн кармап калууга умтулушат.

Бирок айрым серепчилер референдумдан кийин абал эч өзгөрбөйт деген пикирде.

Тема боюнча башка макалалар