ЕАЭБ: Чек арадагы жыртыктарга үч тараптуу көзөмөл

Кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп жук ташуучу автоунаалар азайды.
Image caption Кыргыз-казак чек арасында көп күндөп кезек күткөн жук ташуучу автоунаалар азайды.

Кыргыз өкмөтү Казакстан менен жол картасына кол коюлуп, чек арадагы тоскоолдуктар алынганына байланыштуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана ЕАЭБке берген арыздарын кайра чакыртып алмакчы. Бул жөнүндө бүгүн Кыргызстандын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, жол картасында каралган чаралар эки өлкө ортосундагы каршылыктарды ыкчам чечүүгө алып келмекчи.

Эки өлкөнүн соода-экономикалык чатагын чечүү чаралары каралган жол картасы ЕАЭБдин техникалык регламентине таянып, андагы нормаларды кайталап жазылган. Андагы каралган бажы, салык, ветеринария жана фитосанитардык көзөмөл, транспорт жана чек ара жаатындагы 50 иш чара аткарылышы керек. Бирок алардын аткарылышын күтүп отурбастан эле чек аралар мурдагы калыбында иштей баштады. Оор жүк ташыган автоунаалар чек арадан дээрлик тоскоолдуксуз каттап калышты.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жол картасын кыргыз премьер-министри Сапар Исаков казак кесиптеши менен биринчи жолу 25-октябрда Еревандагы жыйында талкуулаган.

Чек арадаүч тараптуу көзөмөл кандай жүрөт?

Кыргыз-кытай чек арасындагы үч тараптуу көзөмөл орнойт деген маалымат көп жагынан бүдөмүк болуп жаткан. Анын кандай иштерин бүгүн вице-премьер-министр Т. Абдыгулов чечмелеп түшүндүрүп берди.

"Эки президент Минскиде жолугушканда мындай чечимге келишкен. Тышкы чек арада, биздин Эркештам менен Торугартта, ошондой эле Казакстанда Хоргосто, башка тышкы посттордо үч тараптуу көзөмөл киргизилсин деген. Бул эмнени билдирет? Биздин чек арага Казакстандын жана ЕАЭБдин эки мүчөсү келип, биздин бажыканачылардын жанында туруп көзөмөл жасашат. Биздин бажыканачылар түздөн түз Казакстандын чек арасына барып, ЕАЭБдин өкүлдөрү менен ошондой эле көзөмөл жүргүзүшөт"-деди Толкунбек Абдыгулов.

Казак тараптын Кыргызстанга негизги дооматы кыргыз-кытай чек арасындагы боз импорт же аткез товарлар жөнүндө болгон. Чек арадагы текшерүү эми ушул жыртыкты бүтөөнүн аргасы катары каралууда. Бирок мындай үч тараптуу көзөмөлдү чек арада орнотуу үчүн адегенде анын эрежелерин мыйзамдаштырып чыгуу керек экен. Бул канча убакытта бүтөрүн болжоп айтуу кыйын деди вице-премьер-министр.

Айтмакчы, үч тараптуу көзөмөл кыргыз-кытай эле эмес, казак-кытай чек арасында да болмокчу. Анткени, айрым эсептөөлөр боюнча чек арадан өткөн боз импорттун көлөмү кыргыз тарапта 3,3 млрд доллар болсо, казак тарапта беш млрд доллардан ашык деп жатышкан. Бул жөнүндө аталган өлкөлөрдүн ортосундагы сооданын статистикалык маалыматтарына таянып, экономист Сапар Орозбаков Би-Би-Сиге айтып берген эле.

Эми чек арадагы үч тараптуу көзөмөл орногондон кийин кыргыз тараптын да, казак тараптагы чек арадагы жыртыктар канчалык бүтөлөрүн айтуу кыйын. Ошентсе да бажы кызматкерлеринин жең ичиндеги операцияларына кайсы бир деңгээлде бөгөт коюлат деп күтүш керек.

Арыздар кайтарылып алынат

Казакстан Кыргызстанды аткезчиликке айыптап, чек арадагы текшерүүнү күчөтүп киргенде Кыргызстан эркин соода жөнүндө биримдиктин эрежелерин бузуп жатат деп Дүйнөлүк соода уюмуна, ЕФАБке арызданган. Эми чек арадагы тоскоолдуктар жоюлганына байланыштуу Бишкек арыздарын кайра чакыртып алган жатат.

Казакстан Кыргызстан менен болгон чек арада чектөөлөрдү 10-октябрда киргизген. Бир жарым айдан ашык убакка созулган кыйынчылыктар кыргыз экономикасына 200 млн доллардай зыян алып келди деп эсептеп жатышат.

Тема боюнча башка макалалар