Азербайжанда президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Сүрөттүн автордук укугу AFP

Азербайжандын президенти Илхам Алиев мөөнөтүнөн эрте шайлоо болот деп жарыялады. Президенттин токтомуна ылайык, шайлоо белгиленген датасынан алты айга эрте - 11-апрелде өтөт.

Өткөн аптада бийликтеги партия Илхам Алиевди негизги талапкер катары көрсөттү. Эгерде Алиев шайлоону жеңип чыкса, 2013-жылы атасынан бийликти алгандан бери президент катары төртүнчү мөөнөткө шайланмакчы.

Учурда Алиевден башка президенттикке ат салыша турган талапкерлер чыга элек.

Адам укуктарын коргогон уюмдар Азербайжандагы оппозициячыл маанайдагы саясатчылар негизсиз камакка алынып, куугунтукка жана кыйноого кабылып жатканын белгилеп келишет.

Өткөн жылы Азербайжан бийлиги референдум аркылуу Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизген. Президентке берилген укуктардын ичинде кезексиз шайлоо жарыялоо укугу дагы бар эле. Конституциялык өзгөртүүлөр менен биринчи вице-президент жана вице-президент деген кызматтар кирген. Өткөн жылы Илхам Алиев жубайы Мехрибанды өлкөнүн вице-президенти кылып дайындаганы тууралуу маалыматтар өлкө ичинде кызуу талкууларды жараткан.

Тектеш темалар