Премьер-министр кызматына Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүлдү

Мухаммедкалый Абылгазиев Сүрөттүн автордук укугу 24.kg

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын өзөгүн түзгөн КСДП фракциясы премьер-министр кызматына азыркы учурда президенттик аппарат жетекчиси болуп турган Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин колдоду. Эми коалициялык көпчүлүк аталган талапкерди расмий түрдө көрсөтүшү керек. Бул жөнүндө маалыматты журналисттерге СДПК фракциясынын лидери Иса Ɵмүркулов билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалганына араң бир ай болгон эле. Андан мурда президенттин кеңешчиси, президент аппаратынын башчысынын орун басары болду. Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеп турган учурда 1-вице-премьер-министр болуп иштеди. Андан мурда Социалдык фондду алты жыл башкарды.

Ал биринчи вице-премьер кызматында турганда ошондогу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун ишенимине кирген дешет.

"Бири өкмөт башчысы, экинчиси биринчи вице-премьер болуп турганда ишенимдүү мамиледе болушуп, көз караштары шайкеш экени билинген. Азыркы учурда бардык жагын эске алууга тийиш. Анын адамгерчилик сапатын, ишмердик жана ишенимдүүлүк сапатын да эске алат болуш керек,- деген аналитик Алмаз Кулматов М. Абылгазиев президент аппаратына жетекчи болуп дайындалып жатканда.

Кызматтык жолу

Мухаммедкалый Абылгазиев1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган.

1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.

Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

1994-1995-жж. - «Кыргызстан» финансылык-агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;

1995-1997-жж. - «Ажар» ЖЧКнын аткаруучу директору;

1997-1998 -жж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти;

1998-1999 -жж.- Биринчи май райондук калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгынын жетекчиси;

1999-2003-жж. - Бишкек шаардык калкты ишке жайгаштыруу департаментинин директору;

2003-2009-жж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчиси, аппарат жетекчиси, башкармалыгынын мүчөсү;

2009-2010-жж. - Социалдык фондун төрагасынын орун басары;

2010-2016 жж.- Социалдык фондунун төрагасы;

2016-2017 жж.- Биринчи вице-премьер-министр;

08.2017-09.2017-ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;

2017-жылдын 12-сентябрынан - Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары.

2018-жылы 16-марттан Президенттин аппаратынын жетекчиси.

Тектеш темалар