Сапар Исаков УКМКда сурак берип чыкты

Жогорку Кеңеш Исаков башында турган өкмөттүн отчетун канаттандырарлык эмес деп таап, кызматтан кетирген Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жогорку Кеңеш Исаков башында турган өкмөттүн отчетун канаттандырарлык эмес деп таап, кызматтан кетирген

Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде бир сааттан ашыгыраак убакыт сурак берип чыкты. Исаков журналисттерге "баары жайында" экенин айтып, сурактын мазмуну боюнча кийинчерээк кенен жооп берерин билдирди.

Бирок суракта ал президенттик аппарат башчысы болуп иштеп тургандагы иштерге байланыштуу суроолорго жооп бергенин ачыктады.

Исаков "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев ага каршы көрсөтмө бергени тууралуу маалыматтарды четке какты.

"Мындай сөздөрдү дароо четке кагам. Болбогон кеп бул",-деди ал.

Буга чейин айрым булактарда Калиев экс-премьерге каршы көрсөтмө бергенин жазып чыгышкан эле.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Исаковду суракка чакыруу баракчасы

Быйыл 26-январда Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, Бишкектеги абоненттерге жылуулук берүү бир аптага үзгүлтүккө учураган.

Жаңы эле оңдоп түзөөдөн өткөн жылуулук борборундагы техникалык кырсык, Кытай берген 386 миллион доллар максаттуу сарпталганбы суроолор жаратып, бир канча аткаминер камалган.

Ал арада бүгүн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "негизсиз жумуштан алды" деп экс-премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн сотко кайрылганы белгилүү болду.

Азырынча доо арыз кайсы сотко берилгени ачыктала элек.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган эле.

Ал кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков кызматтан алуунун себебин "анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт" деп негиздеген.

Январь айында бажы тѳлѳмдѳрү Ош бажыканасында он эсе көбөйүп, Ош бажыканасында күнүгө чогулган акча мурда бир жарым-эки миллион сом болуп келсе, соңку айда он беш миллионго жеткени айтылган.