ЖЭБ: чубалган иштердин учугу кимден токтойт?

Январда Бишкек ЖЭБде авария орун алып, модернизациядагы алешемдиктер ачыкка чыккан Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Январда Бишкек ЖЭБде авария орун алып, модернизациядагы алешемдиктер ачыкка чыккан

Жогорку Кеңештеги ЖЭБ тууралуу талкуу кульминациясына жетип, депутаттар аны оңдоп-түзөөгө кеткен акча максаттуу колдонулганбы такташ үчүн эл аралык аудитке беребиз деп чыгышты.

Парламентте бүгүн ЖЭБ үчүн алынган жабдыктардын баасы он эселеп кымбат көрсөтүлгөнү такталып, буга чейин депутаттарга көрсөтүлгөн кычкач-аттиштерди кылмыш ишине далил катары тиркөө сунушу берилди.

$350 же 2500 сомбу?

"Республика Ата-Журт" фракциясынын өкүлү Акылбек Жамангулов буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси Андрей Воропаев парламент трибунасынан депутаттарга көрсөткөн аттиштердин чыныгы баасы алда канча арзан экенин иликтеп чыккандыгын айтты.

"Мобу наборду мурдагы күнү ЖЭБдин директору Воропаев мырза көрсөткөн. Америкалык компания кудум ушундай чыгарган жабдык болсо Бишкек базарында 2500 сомго туруп атат. Бардык салыктарды кошкондогу баасы. Бипбирдей", -деди Акылбек Жамангулов.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жамангулов ЖЭБ үчүн сатылып алынган аттиштердин топтомунун базар баасы 2500 сом экенин айтууда

ЖЭБ ишинде мындай каржылык көз боемочулуктар көп орун алды деп шектенген депутат дүйнөдө алдынкы деп эсептелген төрт аудитордун бирин териштирүүгө тарталы деген сунушун берди.

"Тийиштүү адамдардын баары жоопко тартылышы керек. Мындан кийин энергосистемага келген жетекчилер азыркылардын сот жоопкерчилигине тартылгандыгын көрүп ошолордой болуп калбайлы деши керек. Ушу нерсени аягына чейин чыгышыбыз керек",-деди Жамангулов.

"Аттиштер вещдокко алынсын"

Андан кийин сөз алган "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов баасы ар башка бирок кудум окшош делген жабдыктар топтомун ИИМге өткөрүп берүүнү сунуш кылды.

"Кечээ ТЭЦтин жумушчулары кычкачтарын алып келип көрсөтүштү эле, бүгүн экөө тең бул жерде турат. Күч органдары отурат бул жерде. Экөөнү тең вещдок кылып өткөрүп берип коюшсун", -деди Алтынбек Сулайманов.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption ЖЭБ маселесинде буга чейин Улуттук энергохолдинг компанияснынын жетекчиси Айбек Калиев камакка алынган

Депутат жабдыктар эртең алмаштырылып калбасын деп, аларды күбөлөрдүн көзүнчө тийиштүү органдарга өткөрүп берүүнү төрагадан суранды.

Парламенттеги талкууга катышкан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ЖЭБди модернизациялоо үчүн түзүлгөн келишим, насыянын максаттуу колдонушун текшерүү үчүн эл аралык аудит жүргүзүү сунушун колго алды.

Эске салсак, экс премьер өзү бул маселеде УКМКда кайра-кайра суракка чакыртылып жатат.

Исаков буга чейин ЖЭБ маселесинде азыркы президент Соорпонбай Жээнбековдун дагы жоопкерчилиги бар экенин кыйыткан билдирүү таратып, андан кийин атайын кызматка дагы бир жолу чакыртуу алган.

Исаков өзү бул чакыртууларды саясий куугунтук атаган.

"Атамбаев менен Жээнбековду парламентке чакыргыла"

Бүгүнкү парламент отурумунда Сапар Исаков депутаттык комиссиянын корутундусунда "акыйкаттык үчүн Сооронбай Жээнбековдун да ысымы аталышы керектигин" дагы кайталады.

Мындан соң КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков ЖЭБ маселесинде экс жана азыркы президенттерди дагы парламентке чакыруу сунушун киргизди.

"Бир депутат чыгып Алмазбек Шаршеновичтин атын айтты, Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековду айтты. Урматтуу комиссия, эркиңер жетсе экс жана эмики президентти да чакыргыла. Азыркы өкмөт башчына да чакыргыла. Ал кезде ал биринчи вице-премьер болуп отурган. ОПга анын да тешеси бар. Эркиңер жетсе этегине чыккыла", -деди Момбеков.

Ошентип мурда кийин өкмөттө ЖЭБди жаңыртуу үстүндө иштеген чиновниктер мойнуна чоң жоопкерчилик илине тургандай болуп калды.

"Ким уруу?"

Оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Кытайдан алган насыянын ысырап болушу боюнча кылмыштуулукка Атамбаевдин тушунда президенттик аппаратта иш алып барган Сапар Исаковду шектүү катары өзүнчө белгилеш керектигин айтты.

"Сегиз жыл бою TBEA менен кездешкен бир гана адам отурат. Бул Сапар Исаков. Биринчи жолу 2010-жылы 15-октябрда барган. Экинчи жолу Максим Бакиевдин ЦАРИИнин протоколдук кызматынын башчысы катары 2010-жылы январда барган. Эң негизги идея катты Сапар Исаков жазып жатат. Криминалистиканын мыйзамында байланыш, жеке жолугуу деген эң маанилүү нерсе. Бир гана адам TBEA жана Кытайдын соода өкүлчүлүгүнүн өкүлү менен 15 жолу жолуккан",- деди Иманалиев.

Депутаттан кийин сөз алган Сапар Исаков эч качан кытай компаниясынын кызыкчылыгын сүрөбөгөнүн, ал кезде президенттик аппараттта тышкы саясат үчүн жооптуу болгондугун жүйөө келтирди.

"Сапар Исаков коррупционер деп мага доомат коюп айтып атасыз. Айып коюудан мурун фактыларды келтириңиз. Өзүм эч качан коррупцияга малынган эмесмин жана малынбайм дагы. Мына бул жерде тийиштүү органдар отурат. Мен ар бир созүм үчүн жооп берем жана менин дарегиме айтылагандарды четке кагам",- деди Исаков.

Каныбек Иманалиев ошондой эле ЖЭБ боюнча ишти аягына чыгуу үчүн Жогорку Кеңешти Кытай парламенти менен кызматташууга чакырды.

Тектеш темалар