Мигранттар: Чыңгыз жалгыз эмес

28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу унаасын башкара албай, жол боюндагы бир нече адамды сүзүп кеткен. Сүрөттүн автордук укугу SOCIAL MEDIA
Image caption 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу унаасын башкара албай, жол боюндагы бир нече адамды сүзүп кеткен.

Москвада жашап-иштеп жаткан элүүгө жакын кыргыздар жол кырсыгына кабылган Чыңгыз Анарбек уулун колдоп, Кызыл аянтта флешмоб өткөрүшөт. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарада кыргыз мигранттары орусиялык жана чет өлкөлүк жарандардан төрт тилде кечирим сурайт.

"Чыңгыздын окуясы кокустук болду. Албетте, күнөөсү бар, бирок бактыбызга жараша адам өмүрү кыйылбады. Биз баарыбыз аны колдошубуз керек. Москванын сааты менен кечки жетиде борбордук аянтка чогулуп, жигиттер калпак, кыздар болсо кыргыз оймолору бар чыптама кийип алып, жергиликтүүлөрдөн жана коноктордон кечирим сурайбыз. Бул учурда эл футбол оюндарынан эс алып, көпчүлүк аянтка чогулган болот. Кечирим суроо иш-чарасы төрт тилде болот: англис, орус, испан жана кыргыз. Ал эми унаа кырсыгынан жабыр тарткан сегиз жарандын өздүгүн, кайда экенин тактап жатабыз, табылып калса, аларга дагы кечирим сурап барабыз", -деди Би-Би-Сиге уюштуруучулардын бири, кыргыз мигранты Азизбек.

Сүрөттүн автордук укугу SOCIAL MEDIA
Image caption Кыргыз мигранты Азизбек

Буга чейин Чыңгыз Анарбек уулуна акчалай жардам чогултуу аракети да башталып, учурда Кыргызстандагы, Орусиядагы кыргыз жарандары салым кошууну улантууда.

"Атайын кайрымдуулук коомунун жардамы менен акча топтоо активдүү жүрүп жатат. Бүгүн Москвага Чыңгыздын апасы келет экен, аялы жана бир туугандары ушул жакта. Акча чогулгандан кийин жардам иретинде аларга берели деп жатабыз", -деди "Kg-Rus" коомунун мүчөсү Асел Лабаева.

Элден жыйналган каражат Чыңгыздын окуясы боюнча адвокат жалдоого, жакындарынын жол чыгымдарына жумшалат.

Сүрөттүн автордук укугу SOCIAL MEDIA
Image caption "Kg-Rus" коомунун мүчөсү Асел Лабаева

Бул окуя Орусиядагы кыргызстандык айдоочулар кандай шартта, кантип иштеп жатышат деген суроону кабыргасынан койду. Би-Би-Си менен маегинде таксист Жоомарт Дарманов буларды айтып берди:

"Москвада канча кыргызстандык такси айдаарын так билбейм. Бирок футбол чемионатына даярдык башталганда эле өзбекстандык, тажикстандык жарандардын такси айдоосуна тыюу салынган мыйзам чыккан. Ошондон улам кыргызстандыктардын арасынан тажрыйбасы бары да, жогу да такси кызматына кирип кетишти. Көпчүлүгү жыйырмага жаңы толгон балдар. Айрымдары рулга бул жактан жаңы олтурган. Жумушубузда чарчоо такай эле кездешет. Андан сырткары тажрыйбанын аздыгы да кырсыктарга себеп болуп жатат. Башка бирөөнүн аты менен машина алып, таксиде жүргөндөр да бар. Машинанын ижарасын, майын же дагы башка чыгымдарын жабайын деп жыйырма сааттап иштеп ийгендер бар".

Өткөн аптада Орусияда иштеп-жашап келе жаткан кыргыз мигранты, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу унаасын башкара албай, жол боюндагы бир нече адамды сүзүп кеткен. Маалыматтарга ылайык, кырсыктан сегиз адам жабыр тартып, эч ким каза тапкан эмес.

Шаардын полициясы окуя боюнча дароо эле кылмыш ишин козгоп, шектелип жаткан Чыңгыздан сурак алган.

Сурак учурунда ал 20 саат бою уктабай иштеп жүргөнүн, буга байланыштуу жолдо уктап кеткенин жана "тормоздун" ордуна "газды" басып алганын айткан.

Чыңгыздын сүйлөп жаткан видеосу интернетке тарагандан кийин миңдеген кыргыздар Чыңгызга боор тартып, жардам көрсөтүүдө.

Жалал-Абаддык Анарбек уулу Чыңгыз буга чейин бир дагы кылмыш жообуна тартылган эместигин облустук милиция кабарлоодо. Ал активдүү иштеп, спорт менен машыккан дешет жакындары.

КРдин ММА жана Панкратион федерациясынын Орусиядагы өкүлү Улан Кошматовдун жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде, Чыңгыз былтыр эле Сочиде өткөн панкратион боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеген. Андан башка дагы мелдештерге такай катышып келген.

Тема боюнча башка макалалар