Мурунку чекист акыйкатчы болсо эмне экен?

Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов

Орду бош турганына үч айга караган омбудсмен кызматына талапкерлерди жылдырууга эки гана жума калды. Акыйкатчылыкка мурдагы чекист, учурдагы Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовдун талапкерлиги да сунушталып, бирок бул дароо эле жергиликтүү укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

Буга чейин жазалоо органдарында иштеген адам эми кантип адам укугунун башкы коргоочусу боло алат деп алар алакан жайууда.

Акыйкатчылыкка кимдер баратат?

Акыйкатчыга талапкер жылдыруу мөөнөтү туура он үч күндөн кийин аяктайт.

Тармактык комитеттин төрагасы Канат Керезбеков 11-сентябрдагы жыйында бул тууралуу эскертип, фракция лидерлерин аталган мөөнөт аралыгында өз талапкерлерин сунуштоого чакырды.

"Акыйкатчыны шайлоо каникулга туш келгени үчүн токтоп турган. Эгер акыйкатчыны кызматтан алуу маселеси жаралганда парламент кезексиз жыйынга чогулсак болмок. Ал эми бошотуу эмес, шайлоо жараяны болгондо бул талап жок", - деди Керезбеков.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы омбудсменге буга чейин Канатбек Азизди көрсөткөнү маалым. Калган фракциялар азырынча сунушун расмий бере элек.

Ал тапта Акыйкатчы институту өзү Урмат Аралбаевдин талапкерлигин жылдырды. Өзүн өзү көрсөткөндөр ичинен президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев бар.

Image caption Акыйкатчылыкка негизги талапкерлердин бири Рита Карасартова

Буга чейин Акыйкатчы болуу ниетин укук коргоочу Рита Карасартова да билдирген. Ал омбудсменге талапкерлерди жылдыруу эрежелери бузулуп жаткандыгын Би-Би-Сиге деп билдирди:

"2015-жылы өткөн акыйкатчынын шайлоодо 35 кишинин талапкерлиги көрсөтүлдү, булардын кимиси өтө бул датада билинет деп алдан ала айтылып, кийин талапкерлиги көрсөтүлгөндөр боюнча жыйын качан жыйын болот көрсөтүлгөн болчу. Азыр график жок болгондон кийин, көп кишилер биз азыр документ алып барсак болобу деп менден сурап жатышат".

Карасартова өзү парламенттеги үч: КСДП, "Бир Бол" "Республика - Ата -Журт" фракцияларына талапкерлигин көрсөтүү боюнча документ берген. Алдын ала маалыматтар боюнча "Бир Бол" Карасартованын жана башка эки адамдын талапкерлигин көрсөткөнү жатат.

Ал эми бийликтеги КСДП Омбудсменге кимди көрсөтөт, эртеңки фракция жыйынында белгилүү болот.

Талапкерлиги талаш жараткан Токон Мамытов

Акыйкатчылыкка парламенттик фракциялар тарабынан мурдагы чекист, учурдагы Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовдун талапкерлиги да сунушталганы жатыптыр деген сөз тарап, буга жергиликтүү укук коргоочулар караманча каршы чыгып жатышат.

Мамытов 1992-жылдан тарта 2005-жылга чейин коопсуздук кызматынын катардагы, кийин төрага орун басары катары жетекчи кызматтарында иштеп келгени менен белгилүү.

Бирок Токон Мамытов коопсуздук кызматында эле эмес, убагында депутат болуп, вице-премьер-министр, Чек ара кызматынын төрагасы катары өзүн тажрыйбалуу башкаруучу катары да көрсөткөнү маалым.

"Мени азырынча бир да фракция чакырып "сизди сунуштайбыз, арыз жазыңыз, келгиле" дей элек. Ошондой сунуш болсо, караштырып көрсө болот", - деди ал өзү Би-Би-Сиге.

"Бөдөнө да болсо, касапчы сойсун"

Укук коргоочулар Акыйкатчы кызматына сырттан киши издебей, буга чейин адам укугу жаатында активдүү иши менен белгилүү адамдардан эле шайлоону сунуштап жатышат.

"Бөдөнө да болсо, касапчы сойсун" деген бизде сөз бар эмеспи. Укук коргоочулук деген бул адамдын өзүнөн, ички дүйнөсүнөн чыккан нерсе. Бул "мен жөн эле мен барып иштеп берем" деген маселе эмес. Ал жерде күйүш керек, бышыш керек. Ошол жерде ар бир адамдын тагдырынан жалпы системдүү маселеге кандай чыгабыз деген болуш керек. Атайы кесиби болбосо да, буга чейин ошондой жолду басып өткөн адам болуш керек.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Мурунку омбудсмен Кубат Оторбаев 26-июнда эле отставкага кеткен

Анткени укук коргоо деген бул -бийликке каршы чыга алуу деген эле маселе. Анткени адам укуктарын көбүнчөсү ушул бийликтер эле бузат. Ошон үчүн бийликке адам укугун бузуп атасың деп айтып чыккан киши керек", - деди Рита Карасартова.

Мурунку омбудсмен Кубат Оторбаев 26-июнда эле отставкага кеткен. Жогорку Кеңеш отставканы кабыл алып, бирок каникул убагы келип калгандыктан Акыйкатчыны шайлоо маселесин кийинкиге калтырган эле.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар