"Биологиялык кошулмалар менин боорумду өлтүрдү"

Капсуладагы көк чайдын экстрактын ичкенден кийин боорун алмаштырууга аргасыз болгон америкалыктын окуясы кайрадан биологиялык кошулмалар тууралуу талкууну жаратты.

Сүрөттүн автордук укугу Jim McCants
Image caption Жим Маккентс

50 жаштагы Жим Маккентс жашыл чай капсулаларын ичип баштаганда антиоксиданттар ага инфаркттан качууга жардам берип, өмүр бою активдүү жашоо сүрүүгө жардам берет деп ойлогон. Ал күн сайын бир нече километр чуркап, арыктоого жана туура тамактанууга аракет кылган.

"Мен бул капсулалардын пайдасыз болоруна даяр болчумун. Акчамдын дагы пайдасыз корошуна макул болгом. Бирок мен боорумдун иштебей калышын күткөн эмесмин", - дейт Маккентс. Уулунун мектепти бүтүрүү кечесинде ал өзүн начар сезген. Жимдин саргайып кеткенин аялы байкап, шашылыш түрдө ооруканага жөнөшкөн.

Дарыгерлер бир нече күн анализдерди жасап, диагноз коё алышкан эмес. Акыры дарыгерлер Маккентсти боор трансплантациясы гана сактап каларын айтышты. Жимдин боору толугу менен иштен чыккан экен. Аны алмаштырбаса Жим бир жума дагы жашай албайт эле.

Кандайдыр бир керемет менен алмаштырууга ылайыктуу боор бир күндүн ичинде табылган. Азыр, операциядан төрт жыл өткөн соң, Маккентс курсагында тынымсыз ооруну сезип араң басат. Үзгүлтүксүз медикаментоздук дарыланууда.

Маккентс Vitacost компаниясын - капсулалардын өндүрүүчүсүн сотко берген. Кошулма чайдан жасалгандыктан, бул АКШда дары катары эсептлбейт. Азык-түлүктөрдүн эле катарында. Ушул себептен эч кандай сертификация жана сыноолордон өтпөй эле дарыгердин көрсөтмөсү жок сатылат. Маккентстин айтуусунда, экстракттын көрсөтмөсүндө болжолдуу коркунучтар жана терс таасирлер тууралуу эч нерсе жазылган эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Эксперттер: "Маккентстин учуру өтө өзгөчө"

Тоголок көк чайды ичкендердин арасынан боору иштебей калган учурлар дүйнөдө жылына 80ге жакын катталат. Мисалы, Канаданын Онтарио аймагында жашаган 17 жаштагы Мадлен Папинонун боору иштебей калган.

Коркунуч жашыл чайдын потенциалдуу уулуу бөлүгү EGCG (эпигаллокатехин-3-галлат) катылган болушу ыктымал. Ичимдикте көп санда катехин (антиоксиданттык мүнөзү бар зат) бар. Ал эми гранулда анын концентрациясы жүз эсе көп.

"Эгер сиз көк чайды жөнү менен ичсеңиз, сизге эч кандай коркунуч жок", - дейт Түндүк Каролинадагы Уэйк Форест медициналык факультетинин профессору Герберг Бонковски.

Ал 20 жылдан бери жашыл чайдын биокошулмаларынын боорго тийгизген таасирин изилдеп келет.

"Күчтүү концентрацияланган экстракттарды ичкендер коркунучта. Адатта мындай экстрактты арыктагысы келгендер ичет жана көпчүлүк учурда катуу тамак жешпейт. Жаныбарларга жасалган изилдөөлөрдөн улам курсагы ачка жандык тогуна караганда алда канча көп катехин сиңирерин билебиз. Коркунучтун дагы бир фактору - параллелдүү түрдө башка дарыларды жана алкаголду колдонуу", - дейт профессор.

Британиянын саламаттыкты сактоо кызматы кишилер үчүн керектуү болгон витаминдер менен минералдардын баары табигый азыктарда деп кеңеш берет.

Биокошулмалар зыянбы?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Британияда биокошулмалар коопсуздук жана адамдын ден соолугуна таасирин аныктоо үчүн Евробиримдиктин алдынала белгилеген текшерүүсүнөн өтүшү керек.

Ишеничтүү өндүрүүчүдөн алынган, көзөмөлдөөчүлөрдүн уруксаты берилген кошулмалар дайыма коопсуз болуп колдонууга көрсөтмөсү менен сатыларына дарыгерлер ишендирет.

Муну менен бирге Ноттингем Университетинен доктор Уэйн Картер айткандай тамак-аш кошулмаларын такыр коопсуз деп дагы айтууга болбойт. Мисалы, эгер сиз мындай кошулманы ашыкча дозада алсаңыз, ден соолугуңузга доо кетиши мүмкүн.

Көпчүлүк учурда заттын калдыктары организмден чыгарылганы менен бул боорго коркунучтуу болушу мүмкүн. Боор азыктанган заттарды токсиндерден тазалайт.

"Менин оюмча адамдар кээде мындай ойлойт: "бул мен үчүн пайдалуу, демек мындан көп ичсем мен үчүн жакшы". Бирок бул учурда коркунуч жаралат", - дейт доктор Картер.

Бир эле учурда көп тамак-аш кошулмасын кабыл алуу дагы коркунучтуу экенин эксперттер эскертип келет.

Кээде алардын бири башкасынын таасиринен улам күчүн көбөйтүшү мүмкүн. Башка учурда болсо алардын курамында бир же бир нече окшош зат болуп ашыкча дозага алып келиши мүмкүн. Кээ бирлерибиздин тигил же бул заттарды өздөштүрүүбүз оор болушу мүмкүн.

"Мындай препараттардын өзгөчүлүгү - алар көпчүлүк адамдарга коркунучсуз, бирок баарына эмес", - деп кошумчалайт Картер.

Зыяны ушундай экен, ал эми пайдасычы?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Служба здравоохранения Британии отмечает, что все необходимые человеку витамины и минералы содержатся в здоровой пище

Милдеттүү жана милдеттүү эмес витаминдер

Кээ бир биокошулмалар көпчүлүк эксперттер тарбынан универсалдуу түрдө пайдалуу деп айтылат.

Британиянын улуттук саламаттыкты сактоо кызматы (NHS) боюна бүтүүнү каалаган аялдар үчүн фолий кислотасын (витамин В9) колдонууну сунуштайт. Мындай сунуш 12 жумага чейинки боюнда бар аялдарга да тиешелүү. Бул баладагы тубаса ооруларды алдын алууга жардам берет. Британия өкмөтү бул жумада эксперттер менен фолий кислотасын унга кошууну талкуулай турганын жарыялады.

Расмий медицина колдонууну сунуштаган дагы эки витамин бар: D жана K.

D витамини бир жаштан төрт жашка чейинки балдарга жана күндүн нуру жетишпеген адамдарга да сунушталат. Бул бат-бат алсыздыкты сезгендерге, үйдөн чыкпагандарга жана дайыма жабык кийим кийип жүргөндөргө тиешелүү.

Жалыпылап айтканда D витамини дээрлик баарына сунушталат. D витамининин жетишсиздиги сөөктүн ар кандай деформациясына: балдарда рахит, чоңдордо остеомаляцияга алып келиши мүмкүн.

"Жүз жыл мурун Лондондо балдардын көбү рахит менен ооруган. Балдарга витамин кошулмаларын берип баштагандан кийин абал оңолгон", - дейт Падышалык улуттук ортопедиялык госпиталдын кызматкери Бенжамин Жейкобс.

Британияда бардык кичинекей балдарга D витамининен тышкары K витамининин инъекциясы сунушталган. Инъекция ички кан агууларды алдын алуу максатында ымыркайга төрөлгөндөн алгачкы 24 сааттын ичинде жасалат.

Туура тамактануу жана кошулмалар

Доктор Жейкобс биокошулмалар катуу диетада отургандарга жана аллергиктерге дагы сунушталганын белгилейт. Мисалы, британ улуттук саламаттыкты сактоо системасы (NHS) вегетарианецтерге табигый түрдө жаныбардан алынган азыктарда гана боло турган В12 витаминин сунуштайт. Бирок башка кошулмалар тууралуу универсалдуу пайдасын айтуу кыйын. Мисалы, NHS адистери айтуусунда көпчүлүк адамдар витамин кошулмаларына муктаж эмес. Анткени эгер киши туура тамактанса, D витаминен башка бардык керектүү витаминдер жана минералдар азык менен кошо кабыл алынат.

Көп учурда жүрөктүн же мээнин иштешин жакшыртуу үчүн колдонулуп жүргөн балык майынын капсулаларынын дагы пайдалуулугу ачык эмес. Окумуштуулар "мындай капсуланын жүрөктүн иштешине жардам берери тууралуу ишеним жаңылыштык" деген жыйынтыкка келишкен.

Berry Ottaway & Associates Ltd компаниясынын башчысы Сэм Женнингс белгилегендей, диетология - дайыма жаңыланып туруучу өнүгүп жаткан илим.

"Азык кошулмалары ар бир адамга бирдей пайдалуу эмес экени анык. Бул ар бир адамдын жеке өзгөчөлүктөрүнө жана тигил же бул кошулмадан пайда аларына жараша", - дейт ал.

Доктор Картер кандайдыр бир кошулманы колдонордон мурун окумуштуулардын жыйынтыктарын окуп чыгууну жана препаратты колдонууга каршы көрсөтмөлөр менен таанышууну сунуштайт.

Азык кошулмаларын тандоо

  • Кошулмаларды текшерилген сатуучудан алыңыз - препараттар текешерүүдөн өтүшү керек
  • Адамдарга карата клиникалык текшерүүлөр өткөнүн текшериңиз
  • Каршы көрсөтмөлөрдү окуп чыгыңыз. Мисалы, жүрөк оорулуу адамдар препараттын жүрөккө тийгизген таасирине маани берүүсү керек
  • Бир учурда бир нече препаратты колдонууда этият болуңуз
  • Сунушталган дозаны ашырбаңыз

Булак: доктор Уэйн Картер.

Тектеш темалар