Бүткүл дүйнөлүк телевидение күнү: дүйнөнү өзгөрткөн көрсөтүүлөр

Шаршембиде Бүткүл дүйнөлүк телевидение күнү белгиленди. Би-би-си америкалык, британдык, советтик көрсөтүүлөр тууралуу айтып берет. Бул теле көрсөтүүлөр бүтүндөй бир муундун эсинде калып, кишилердин дүйнөгө болгон көз карашын өзгөрткөн эле.

топтошкон кишилер короодо телевизор көрүп жатат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Айдан берилген түз эфирди Жердин булуң-бурчундагы сыналыгысы бар кишинин баары көрдү. Бир гана СССР аймагында көрсөтүлгөн эмес.

Айга кишинин буту баскан учурду чагылдыруу, 1969-жыл

Астронавттар Нил Армстронг менен Базз Олдриндин Айга кадам таштаганы чагылдырылган түз эфирди 600 млн киши көргөн. Бул глобалдык телетрансляциянын дүйнөлүк рекорду болгон. 11 жылдан кийин гана принц Чарльз менен принцесса Диананын үйлөнүү салтанаты муну басып өтө алды.

Биринчи жолу телевидение - телесигнал жарыктын ылдамдыгы менен маалымат гана жеткирбестен, кишилерге толкундануу, кооптонуу, кубануу сезимдерин тартуулап, муну менен бүтүндөй дүйнөнү, ар башка маданияттагы, ар башка улуттагы кишилерди бириктире аларын даңазалады.

Айдан берилген түз эфирди Жердин булуң-бурчундагы сыналыгысы бар кишинин баары көрдү. Бир гана СССР аймагында көрсөтүлгөн эмес.

Смазанная телекартинка астронавтов Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ак жана кара түстөгү телевизиондук сүрөттөлүштөн эмне болуп жатканын араң эле ажыратып билүүгө болот эле. Бирок ошол доордо бул түз алып берүү адамзаттын инжинердик табылгаларынын туу чокусу саналган.

НАСАнын Айга учуу программасы иштелип чыгып, "Аполлон" кемеси курулуп баштагандан тарта эле, атайын телекамералар, ретрансляторго байланбай түз Жерге сигнал жеткирүүчү каражаттар орнотула баштаган.

Live Aid кайрымдуулук концерти, 1985-жыл

Тарыхта биринчи жолу болгон кайрымдуулук концерт-телемарафонду дүйнө калкынын 40 пайызы - дээрлик эки миллиард киши көргөн.

Брюс Спрингстин көп саатка созулган континенттер аралык телемарафонго катышкан 50 супер жылдыздын бири эле. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Брюс Спрингстин көп саатка созулган континенттер аралык телемарафонго катышкан 50 супер жылдыздын бири эле.

Музыкант жана активист Боб Гелдофдун укмуштуудай популярдуу болуп жаткан рок-группаларын теленин техникалык мүмкүнчүлүгү аркылуу байланыштыруу идеясы ишке ашты. Ачаарчылыкка кабылган Африкага жардам берүү чакырыгын поплуярдуу топтор жана аткаруучулар колдоого алып, бекер ырдап беришкен.

Акция бир эле учурда эки жерден өткөн - Лондондогу Уэмбли жана Филадельфиядагы Кеннеди стадионунда.

Би-би-си концертти 16 саат түз ободо чагылдырып турган. Фил Коллинз Лондондогу сахнада ырдап, андан кийин "Конкорд" лайнери менен АКШга учуп барып, ал жердеги сахнада дагы ырдаганга үлгүрөт.

Телевидение тарыхында Live Aid дагы бир окуясы менен калды: студияда алып баруучуларга маек берип жатып, Боб Гелдоф көрүүчүлөрдү кайрымдуулук үчүн тыйыныңарды аябагыла деп, уят сөздөр менен сөгүнгөн.

Теле көпүрө АКШ -СССР Познер менен Донахью, 1986-жыл

1980-жылдары америкалыктар менен совет элинин бири-бири тууралуу түшүнүктөрү теле көпүрөдөн кийин кескин өзгөргөн.

Теле көпүрлөр кайра куруу дооруна чейин эле башталган. Башында чектелүү топтор менен өткөрүлүп келген. Биринчи теле көпүрө өткөрүү идеясы америкалык Стив Возняк, советтик өлкөдөн сценарист Иосиф Гольдин тарабынан болгон.

телемост Сүрөттүн автордук укугу Yuri Belinsky\TASS

Кийин теле алып баруучулар советтик журналист Владимир Познер жана америкалык Фил Донахью теле көпүрөнү алып чыкканы укмуштуудай таасирдүү болду.

Эң эле эсте калганы - 1986-жылы 28-июнда өткөн "Айымдар менен айымдар сүйлөшөт" аталышындагы бешинчи ирет өткөрүлгөн теле көпүрө болду окшойт.

Теле көпүрөнү түз көрсөтүшкөн эмес, алды менен жаздырып алып анан обого чыгарышкан. Ошол 5-теле көрсөтүүдө советтик Людмила Иванова кийин кеңири жайылган: "СССРде секс жок" деген сөздү айткан эле.

"Мен "буга каршыбыз" же "муну түшүнбөйбүз" деп айттым окшойт. Айтор, азыр так эсимде жок. "СССРде секс жок" деп айтарым менен эле, катуу күлкү чыгып, мен эч нерсе укпай калдым",-деп эскерген көп жылдан кийин Людмила Иванова. (AbA)

телемост Сүрөттүн автордук укугу Yuri Belinsky\TASS

*

Тектеш темалар