Кытай менен АКШ G20 саммитинде мунаса табабы?

Кытай Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШ президенти Дональд Трамп ноябрдын этегинде "Чоң жыйырмалыктын" саммитинин алкагында Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикага ээ болгон бул өлкөлөр ортосунда 600 млрд доллар көлөмүндөгү сооданын талашы ырбап кетти. Аргентинада өткөн жыйында дагы эки державанын соода согушу негизги маселелердин бири болуп калмакчы.

Дональд Трамп Кытайдын соода саясатын мурдатан эле кескин сынга алып келген. Март айында Трамп Кытайдын 3 миллиард доллар импортуна олчойгон салык салып, Бээжиндин реакциясын байкап көрдү. Кытайдын жообу дагы АКШдан кем болгон жок.

Андан бери бир нече жолу сүйлөшүүлөр өткөнүнө карабастан, Бээжин менен Вашингтон мунасага таба албай жатат. Эгерде ноябрдын этегинде өтө турган саммитте тараптар тил табыша албаса, АКШ Кытайдын товарларына болгон бажы төлөмдөрүн кийинки жылдын башында дагы көтөрүү ниетин билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Саммиттин алдында Трамп Wall Street Journal басылмасына маек куруп, Кытайдын товарларына тарифти 10 пайыздан, 25 пайызга көтөрүүгө даяр экенин айтты. Эксперттер АКШ президентинин сөзүн жыйын алдындагы "шахматтык жүрүш" катары баалады. Ошондуктан Вашингтон мындай чечкиндүү кадамга барбайт деген пикирлер айтылып жатат.

Америка президентинин көздөгөнү эмне?

Ал соода дефицитин азайткысы келип жатат: АКШ жылына 500 млрд долларга кытай товарларын сатып алат, ал эми Кытайдын өзүнө кайра сатканы 130 млрд доллар. Трамп мындай чоң айырма кытай бийликтеринин өздөрүнүн экономикасын катуу кармаган уятсыз саясатынын айынан болуп жатат дейт.

Трамп Кытайды ошондой эле АКШнын интеллектуалдык менчигин уурдап жатат деп айыптады.

Кытай алар менен биргелешкен ишкана түзгөн чет элдик компаниялардын технологиясын алып жатат. Трамп Бээжинден мындай мамилени токтотушун талап кылууда.

Трамп Кытайдын өзүнүн жогорку технологиялык компанияларын масштабдуу субсидия менен колдоону токтотушун каалайт. АКШ - бул тармакта лидер, Трамп ошондуктан мындай атаандаштыкты адепке жатпайт деп билет.

Кытайдын лидери АКШнын талаптарына макул болобу?

Кытайдын президенти Си Цзиньпин "кансыз согуш" доорунда калыптанган көз караштан алыстайлы деп айтып, Бээжин чет мамлекеттер менен соода алакаларын күчөтөт деп жар салган. Бирок ага карабастан эки өлкөнүн ортосунда соода согуш тутанды.

Кытай жетекчиси үчүн бул талашта жемин жедирип жиберүү - намыстын эле иши эмес, он жылдыктын эң ири долбоору болгон "Made in China 2025 стратегиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Бул долбоорго ылайык, Кытай роботтехника менен таза энергиядан баштап жогорку технологиянын он орчундуу тармагында Батышты кууп жетейин деп келет. Америкалык технология менен кооперациясыз бул ишти аткаруу кыйын болот.

Сүрөттүн автордук укугу QR
Image caption Кытайдын айтымында, глобалдык соода бардык тараптар үчүн пайдалуу

Бээжин АКШдан импорттолгон жабдыктарды көбөйтүүгө макул экенин айткан. Ошондой эле чет өлкөлүк компанияларга Кытайда инвестицияларын жогорулатууга дагы мүмкүнчүлүк түзүүгө даяр. Бирок Бээжин Вашингтондун интеллектуалдык менчигин уурдап жатат деген айыптарын четке кагууда.

Саясатпы же экономикабы?

Вашингтон менен Бээжин өздөрү соода согушун каалабай турганын айтууда. Экономисттердин эсебинде, эрегиштин айынан АКШда экономикалык өсүш болжолдуу түрдө 0,5% басаңдайт, Кытай да мындан соо калбайт.

Америкалык бизнес-бирикмелер биринин артынан бири тарифтерди көтөрүү жумуш орундарынын кыскарышына, баалардын өсүшүнө алып келерин эскертип жатышат.

Анын үстүнө Кытай менен АКШ соода эле эмес, финансы жагынан да чырмалышкан байланышта: кытайлыктар америкалык мамлекеттик баалуу кагаздардын үчтөн бирин сатып алып, бара-бара АКШ өкмөтүнүн эң ири чет элдик кредиторуна айланды. Демек, АКШнын экономикасынын өсүшүнө эң биринчи кезекте Бээжин өзү кызыкдар. (AT)

Тектеш темалар