Армениядагы шайлоодо Пашиняндын блогу 70% ашык добушту алды

"Биз башкы максатыбызга жеттик- эркин, ачык-айкын жана демократиялык шайлоо өткөрдүк",-деди Никол Пашинян Ереванда добуш берип чыккандан кийин. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Биз башкы максатыбызга жеттик- эркин, ачык-айкын жана демократиялык шайлоо өткөрдүк",-деди Никол Пашинян Ереванда добуш берип чыккандан кийин.

Арменияда кезексиз парламенттик шайлоодо, алдын ала маалыматтар боюнча, "Менин кадамым" блогу жеңип чыгууда. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян баштаган саясий альянс шайлоо участкаларынын 90 пайызындагы бюллеттендердин эсеби боюнча 70% ашык добушту алды.

Ошентип, Армениянын парламенттине 70,45% добуш алган "Менин кадамым" блогу, ошондой эле "Гүлдөгөн Армения" (8,37%) жана "Жаркын Армения" (6,37%) партиялары өтүп жатат.

Ɵлкөнүн тарыхындагы биринчи жолу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткан парламенттик шайлоого эки саясий блок жана тогуз партия катышты. Парламентке өтүш үчүн партиялар 5% босого чектен өтүүгө тийиш болчу, ал эми саясий блоктор 7% чекти багындырышы керек эле. Парламентте мыйзам боюнча кеминде үч саясий партия болууга тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодогу активдүүлүк 48,63 түздү. Бул 2017-жылы октябрда болгон парламенттик шайлоого караганда төмөн көрсөткүч. Анда активдүүлүк 60% болгон.

Бул Армениядагы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткан биринчи парламенттик шайлоолор. Аны ушул жылы апрель-май айында болгон, баркыт революциясы атыккан массалык каршылык акциялардын уландысы деп жатышат. Каршылык акциялар Серж Саргсяндын премемьер кызматынан кетишине алып келген.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Май айындагы каршылык акцияларында өкмөткө каршы демонстранттар көчөлөрдү бөгөп, өлкөдө мектептердин көбү жабылып, жергиликтүүлөр ишке чыкпай демонстрацияларга кошулган. Аба майданга бара жаткандардын унаалары токтотулуп, туристтер аэропортко жөө басып өтүшөн.

Негизги убада

Сегизинчи майда каршылыктар астында парламент оппозициялык лидер Никол Пашинянды өкмөт башчы кылып бекиткен.

Бирок Армениянын мурдакы башкаруучу партиясы болгон Республикалык партия парламенттеги орундардын тең жарымын ээлеп тургандыктан, эң ири фракция бойдон калган эле.

Ошондуктан кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү Пашиняндын негизги убадаларынын бири эле. Бирок кезексиз шайлоо өткөрүү мөөнөтү парламентте талаштуу пикирлерди жаратты.

Республикалык партия кезексиз шайлоону кийинки жылдын май-июнь айларында өткөрүүнү жактады. Башында кезексиз шайлоону декабрда өткөрүүгө парламенттеги "Царукян" жана "Дащнакцутюн" фракцияларынан дагы каршы чыккандар болду.

Алар республикачылар менен биргеликте 2-октябрда парламентти таратууну татаалдаштырган мыйзамды өзгөртүүлөрдү колдогон. Пашинян талаштуу мыйзамдык өзгөртүүлөрдү армян элине каршы кутум деп атап, максаты контреволюция деп баалады.

Мыйзамды колдогон депутаттарга жооп кылып, миңдеген кишилер катышкан митинг өттү. Кийин бир катар депутаттар декабрда кезексиз шайлоо өткөрүү боюнча демилгени колдоого алып, ал тургай "Царукян" фракциясынын жетекчиси Гагик Царукян премьер менен кезексиз шайлоо тууралуу меморандумга кол койду.

Буга карабастан бүтүндөй Республика партиясы декабрда шайлоо өткөрүү демилгесин колдобой койду. Премьер-министрликке дагы өз талапкерлерин көрсөтүү ниети жок экенин айтты.

Саясат таануучулардын айтымында, Армениядагы окуялар Пашинян ойлогон сценарий менен өнүгүүдө. Учурда Пашиняндын рейтинги жогору. Ошондуктан дал ушул кырдаалда шайлоонун өтүшү анын пайдасына болду дейт аналитик Степан Даниелян.

Эл аралык маселелер жана коопсуздук боюнча институттун директору Степан Сафаряндын пикиринде, шайлоо легитимдүү бийликти куроо жана стабилдүүлүк үчүн зарыл болуп турат. Ошондуктан анын канчалык эрте болгону, ошончолук жакшы. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар