Эмгек миграциясы дүйнөнү өзгөртүүдө

Курулушчулар, банкирлер, музыканттар, айдоочулар - эмгек мигранттарынын армиясы кеңейүүдө. Учурда алардын саны 164 млн кишини түзүп калды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мигранттардын үчтөн экиси экономикасы кубаттуу, бай өлкөлөргө барышкан. Эми бул өлкөлөрдө ар бир бешинчи жумушчу - чет жерден келген.

Мигранттардын жумушка орношуусу менен катар эле жергиликтүү тургундардын жумушсуздук маселесине карата нааразылыгы өсүүдө. Буга жооп кылып, айрым өлкөлөр миграция саясатын катаалдаштырып жатат. Экинчи жагынан, технологиялык революция жумушчу күчүнө болгон муктаждыкты кыскартууда.

Жыйынтыгында, алдыңкы экономикага ээ өлкөлөрдө мигранттардын агымы акырындап жайлап калды. Эми мигранттардын агымы орточо кирешеге ээ өлкөлөргө бурулду. Бул тууралуу Дүйнөлүк эмгек уюмунун изилдөөсүндө айтылды. Бул топко Кытай менен Бразилиядан сырткары, Беларусь, Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстан кирген.

Миграциянын агымы

Азырынча көптөр өнүккөн Батышка артыкчылык берүүдө. Дүйнөдөгү чет жерлик жумушчу күчүн Түндүк Америка менен Европа теңге бөлүп алат.

Чет жерлик ишкерлерди бизнес-климат, финансы жана илимий база өзүнө тартат. Муну түштүкафрикалык Илон Масктан сурап көргүлө. Жумушчуларды ынандырган жагдайлар: жогорку айлык, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү, карьералык өсүү.

Ал эми жергиликтүү жумуш берүүчүлөр таланттуу, колунан иш келген кишилерди издешет. Айталы, Англия Банкын канадалык Марк Карни жетектейт. Берлиндин мамлекеттик балетин (Staatsballett Berlin) испаниялык Начо Дуато башкарат.

Эмгек мигранттарынын 68 пайызы өнүккөн өлкөлөрдүн үлүшүндө. Муну эмгек базарынын акырындап либералдашуусу жана чек аралардын ачылышы менен да түшүндүрсө болот. Евробиримдиктеги 28 өлкөнүн ичинде муну жарым миллиард киши активдүү колдонуп жатат.

Эгерде өнүккөн өлкөлөрдөгү жумушчу күчтүн 18,5 пайызын мигранттар түзсө, дүйнө жүзү боюнча бул үлүш 5 пайызга гана жакын.

Мигранттар жана качкындар

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дүйнөлүк эмгек уюмунун 2017-жылдагы маалыматы

Дүйнө жүзүндөгү чейрек миллиард мигранттын 7 пайызы гана качкындар. Дээрлик 60 пайызы эмгек мигранттары. Булар мекенин таштап чыгып, чет жерде жумушка орношкон же ошого аракет кылып жаткан калктын эмгекке жарамдуу катмары.

Изилдөө жүрүп жаткан cоңку төрт жыл ичинде эмгек мигранттарынын саны дээрлик он пайызга өстү.

Пайдабы же зыянбы?

90 пайызга чукул эмгек мигранттарынын жаш курагы 25-64 жаштын ортосунда.

"Ушундан улам айрым өлкөлөр калктын ишке жарамдуу катмарын жоготуп жатканын көрүүгө болот. Бул алардын экономикасына жагымсыз кесепеттерди тийгизиши мүмкүн",-деп эскертет дүйнөлүк уюм.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Ажал менен арбашкандар: ирандык мигранттар Европа жолунда

Экинчи жагынан, мигранттар иштеп тапкан каражаттарын өз өлкөсүнө жөнөтүшөт. Муну менен жакыр өлкөгө социалдык, каржылык жактан чоң жардам көрсөтүүдө.

Эмгек мигранттарын кабыл алган өлкөлөр үчүн таразанын бир тарабында экономикалык пайда, акылдуу, таланттуу, ишке жөндөмдүү кишилер турса, экинчи жагында жергиликтүү калк арасындагы өөрчүп жаткан нааразылык бар.

Өнүккөн өлкөлөрдүн калкы статистикага такап, нааразылыгын билдирип келет. Мигранттар кирешеси көп, өнүккөн өлкөлөрдө жалпы жумушчу күчүнүн 18,5 пайызын түзөт. Башка топтордо бул көрсөткүч 1,4 -2,2 пайыз. Ошону менен бирге эле мигранттардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жогору: келгендердин 70 пайызга чейинкиси жумуш менен камсыздалган. Жергиликтүү калк ичиндеги бул көрсөткүч 60 пайыздан төмөн. (AbA)

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Сапар": Швециянын эки башка баяны

Тектеш темалар