Кыямат-кайымдын белгилери: илимий иликтөөлөр

Биздин дүйнө кыяматка жакындап бара жатат. Мына-мына адамзат өзүн жана планетаны жок кылып, армагеддондун биринчи белгилери байкалып калды...

Илимий макалалардын аталыштарын окугандан кийинки эле ойлор ушундай болсо керек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

2018-жылы жарык көргөн ондогон илимий макалалар: адамзаттын табиятты талкалап жатканы, түрдүү катаклизмдер, барган сайын коомдун саламаттыгы начарлап баратканы сыяктуу темаларга арналды.

Жыл өткөн сайын жагдай оорлошуп барууда.

Биз коомчулуктун көңүлүн буруп, резонанс, жараткан илимий макалаларга токтоло кетели. Тизменин аягынан баштайлы:

10. Ушул жылдын май айында АКШнын Улуттук академиясы жарыялаган илмий макала биздин планетадагы био ар түрдүүлүккө арналган. Макала: "Жердеги биомассанын бөлүнүшү" деп аталат.

Авторлордун негизги тыянагы тууралуу Guardian басылмасы жазып чыккан: "Кишилер планетадагы жашоо формасынын 0,01 пайызын гана түзөт. Ошол эле учурда биз жапайы сүт эмүүчүлөрдүн 83 пайызын жок кылдык". Биз буга өзүбүздүн атыбыздан дагы кошумчалап коелу: "...өсүмдүктөрдүн дагы жарымын".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

9. Апрель айында Nature журналы глобалдык жылуулуктун коралл рифтерине тийгизип жаткан таасири тууралуу макала жарыялады. (Коралл рифтери тропиктик деңиздердин тайыз жерлеринде жолугат. Кораллдар миллиондогон жылдар бою өсүп, көбөйүп, калыңдыгы бир нече метрге дейре жетип, кырка тоодой тизмектешип калганда коралл рифтери жана коралл аралдары жаралат).

Иликтөөнүн тыянагында: соңку тогуз айда эле дүйнөлүк океандагы температуранын көтөрүлүшү эң ири риф - Чоң Барьердик рифтин үчтөн бирин талкалаган. 2016-жылдан бери риф дээрлик жарым коралдарын (майда деңиз жаныбарлары) жоготкон.

8. Тынч океандык таштанды тилкеси биз ойлогондон дагы коркунучтуу. Соңку эсептөөлөр боюнча 80 миң тонна пластик таштандысы 1,6 млн чарчы км. аянтты ээлеп турат. Буга чейин окумуштуулардын божомолдору мындан бир нече эсе аз болчу.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кийинки тизмедеги макалалар Lancet медициналык журналына жарыяланып: сергек диетага, туура көнүгүүлөргө арналган. Бирок биз кайрадан эле кыямат-кайым тууралуу макалаларга кайтып келебиз.

4. Америкалык окумуштуулар климаттын өзгөрүшү кайта келгис чекитине жетет деп эскертүүдө. Көзөмөлсүз парник эффектиси аталган абал биздин кылымда эле - жыйырма жылдын кийин башталышы мүмкүн. Индустриалдык доорго салыштырганда, күндүн ысышы орточо көрсөткүч деңгээлинен эки Цельсий градустан ашып кетсе, анда бул планетадагы акыркы 1,2 млн жыл ичиндеги эң ысык аба ырайы болмокчу.

Эми алдыдагы "үчилтик" тууралуу кыскача:

3. Спирт ичимдиктерине байланышкан чоң иликтөөнүн таянагы күмөндүү ойлорду дагы жаратты. Анткени окумуштуулар: алкоголь кандай түрдө болгондо дагы, канча көлөмдө болсо да зыяндуу экенин таап чыгышкан. Мындан ден соолукту сактап калыштын жалгыз жолу - ичимдикти оозго албаш керек деп белгилейт иликтөөчүлөр.

2. Биз ар дайым бир нерсеге шекшип карайбыз. Эми шектенүүбүз мындан да күчөйт окшоп калды. Анткени "фейк" жаңылыктар чоң көйгөй жарата баштады. Айталы, иилктөө көрсөткөндөй жалган-жашыкты койгулаган маалыматтар фактыга таянган кабарларга караганда тез тарап жатат. Тагыраагы "Твиттерде" жалган жаңылыктар чындыкка негизделген кабарга караганда 100 эсе көп аудиториянын көңүлүн бурат.

1. Расмий маалыматтарга караганда, 2017-жылы сентябрда жүз берген "Мария" бороону Пуэрто-Рикодо 64 кишинин өмүрүн алды. Кырсыктан кийинки иликтөө көрсөткөндөй: бороондун кыйыр кесепети беш миң кишинин өмүрүн алганы белгилүү болду. (AbA)