ЖККУ Борбор Азияда таасирин күчөтөт

ЖККУ Борбор Азияда таасирин күчөтөт Сүрөттүн автордук укугу РИА Новости
Image caption ЖККУ Борбор Азияда таасирин күчөтөт

ЖККУ 2018-жылы ар кандай куралдуу топтор менен Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн ортосундагы салгылашуулар 40 пайызга өскөнүн билдирди. Бул биринчи кезекте Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кооптуу жагдай экени белгиленүүдө.

Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюму АКШ Борбор Азияда таасирин сактап калуу үчүн ооган жаңжалын жөнгө салууда Орусия менен кызматташуудан баш тартып жатат деп күнөөлөдү.

Борбор Азиядагы таасир үчүн талаш

Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун бирдиктүү штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров бүгүнкү басма сөз жыйынында Чыгыш Европа (Украина), Кавказ (Грузия, Абхазия, Осетия) жана Борбордук Азия аймактарындагы аскердик-саясий акыбалга токтолду.

"Борбор Азия аймагындагы ЖККУга мүчө өлкөлөр үчүн негизги коркунуч - Ооганстандагы токтобой келе жаткан куралдуу салгылашуулар. 2018-жылы ар кандай куралдуу топтор менен Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулар 40 пайызга өстү. Аймакта талиптер жана өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук уюму активдешип жатат. Ооганстандагы туруксуздук экстремисттик-терррордук мүнөздөгү "Өзбекстандын ислам кыймылы" (ИДУ), "Чыгыш Туркестандын ислам кыймылы" өңдүү уюмдар үчүн эң ыңгайлуу",- деди Анатолий Сидоров.

Сүрөттүн автордук укугу © Sputnik / Александр Натрускин
Image caption ЖККУнун бирдиктүү штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров

Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун бирдиктүү штабынын жетекчиси Кошмо штаттары Ооганстандагы кризисти чечүүгө кызыкдар эмес деп айыптап, АКШ бул өлкөдөн өзүнүн геосаясий кызыкчылыктарын чечүүнү көздөп жатат, деген пикирде:

"Борбор Азияда таасирин сактап калуу үчүн АКШ атайылап эле Орусия менен ооган жаңжалын жөнгө салуу боюнча кызматташуудан баш тартып жатат. Анын жыйынтыгында тирешкен тараптардын сүйлөшүүлөрү таталдашууда. Ошол эле убакта АКШнын Ооганстанда тынчтыкты орнотуу боюнча так стратегиясы жок. Америка Ооганстанда стабилдүүлүктү орнотуу үчүн эмес, ага коңшу өлкөлөргө жана регионалдык атаандаштарына, биринчи кезекте Орусия, Иран жана Кытайга басым жасаганды көздөп жатат".

Сүрөттүн автордук укугу NurPhoto
Image caption Афганистанда куралдуу топтор менен өкмөттүк күчтөр ортосунда кагылыштар өсүүдө

Сидоров АКШнын бул мүдөөсү дагы Борбор Азиянын коопсуздугуна шек келтире турган коркунучтардын бири экенин айтты.

Терроризм, геосаясий кызыкчылыктар кагылышынан тышкары, аймакка коркунуч жараткан дагы бир чоң маселе - өрөөн аркылуу маңзат ташуу. 2018-жылы Ооганстанда апийим себилчү аймактар 20 пайызга кыскарганы менен, апийим плантацияларын көзөмөлдөө үчүн куралдуу тирештери күчөгөн.

ЖККУ-Кыргызстан: кызматташуу зарылдыгы

Казакстанда былтыр өткөн ЖККУ саммитинде уюмдагы төрагалык бир жылга Кыргызстанга өткөн. Андыктан быйыл ЖККУнун алкагындагы ири иш-чаралардын баары өлкө аймагында өтөт.

Борбор Азияда террордук коркунучу сакталууда, андыктан Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун дараметин жана эл аралык аброюн мындан ары арттырыш үчүн Кыргызстан бардык күч-аракетин жумшайт, деген эле Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын ноябрында Астанада өткөн уюм саммитинде:

Сүрөттүн автордук укугу Kremlin.ru
Image caption Сооронбай Жээнбеков Астанадагы ЖККУ саммитинде

"Эл аралык саясаттагы улам өсүп жаткан белгисиздик, дүйнөдөгү абалы курч аймактардагы чыңалуунун өсүшү, өзгөчө Жакынкы Чыгыш жана Ооганстанда болуп жаткан окуялар аймактык коопсуздукка терс таасирин берип атат. ЖККУга мүчө ар бир өлкөнүн жалпы коргоонудагы өз ролу бар. Аймакта террордук коркунучтар сакталып, маңзаттарды ташуу көлөмү мурункудай эле чоң тейден калып атат. Мыйзамсыз миграция, кибер кылмыштар көп болууда. Булардын баары ЖККУ алкагында активдүү кызматташууга зарылдык жаратууда".

Кыргыз президенти ал жыйында ЖККУ алкагындагы аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуунун Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттарын да белгилеп өткөн.

ЖККУ НАТО уюмунун аналогубу?

Борбор Азияда ЖККУга - Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан мүчө.

Түркменстандын ЖККУга башынан эле мамилеси суз.

Өзбекстан болсо, уюмдан мурунку президент Ислам Каримовдун тушунда 1999-жылы чыгып кетип, кайра 2006-жылы мүчө болуп, бирок 2013-жылы кайра эле мүчөлүгүн токтоткон. Эми Шавкат Мирзеёвдин бийликке келиши менен Өзбекстандын кайрадан уюмга мүчөлүккө кириши мүмкүн экенин орусиялык эксперттер тарабынан байма-бай айтылып келе жатат.

ЖККУнун "мекени" Ташкент экени да маалым. Өзбекстандын баш калаасында 1992-жылы 15-майда Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлуп, документ "Ташкент пакты", "Ташкент келишими" деп да аталып жүргөн.

Эксперттер ЖККУну НАТОнун "постсоветтик мүнөздөгү" регионалдык аналогу катары да сыпаттап жүрүшөт. Уюмдагы "маанайды" негизинен Орусия жаратары маалым. Андыктан эл аралык коомчулукта ЖККУ орусиячыл уюм катары кабылданат.

"Азиянын өзүнүн ЖККУсу болушу керек"

Орусиянын таасиринен чыгууну көздөппү же коопсуздук, коргоону жаатында горизонтторду кеңейтүү максатындабы, айтор, соңку кезде Борбордук Азия лидерлери Азиянын өзүнүн ЖККУсун түптөө демилгелери көтөрө башташты.

Алалы, ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары менен өткөн жогорку деңгээлдеги саммиттен бир ай өтпөй, былтыр декабрда казак президенти Нурсултан Назарбаев кызыктуу демилге менен чыккан.

"Азиянын өзүнүн Жамааттык коопсуздук боюнча уюму болушу керек деп ойлойм. Андай уюм эртеби-кечпи пайда болот. Казакстандын демилгеси менен Азиядагы өз ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча жыйынга Азиа континентинен 30 өлкө катышып жатат. Бул жыйын Азиядагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча жаңы уюмга пайдубал боло алмак. ЕККУ жана жаңы уюм бирдикте Евразиялык субконтинентте коопсуздук чөлкөмүн уюштура алмак",- деген Нурсултан Назарбаев "Астана клубунун" 2018-жылдын 13-декабрда өткөн жыйынында.

Сүрөттүн автордук укугу Ритм Евразии
Image caption Казак президенти Нурсултан Назарбаев

Анда ЖККУ же Орусия тарабынан бул билдирүүгө жооп болгон эмес.

Жамааттык коопсуздук боюнча келишимге учурда алты өлкө - Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларус жана Армения кирет. Анын курамына кирген Азербайжан, Грузия менен Өзбекстан чыгып кетишкен. Быйыл жамааттык коопсуздук боюнча келишимге 22 жыл, ал эми уюмдун түзүлүшүнө 17 жыл болду.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар