Ооганда калган кыргыз жоокерине байланышка чыгышты

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: Ооганда калган кыргыз жоокерине байланышка чыгышты

1979-1989-жылдар аралыгында болгон ооган согушу учурунда дайынсыз кеткен кыргыз жоокердин кабары чыгууда. Жакын туугандары Кыргызстандын расмий органдары аркылуу Ооганстан бийлигине кайрылышты. Орозалы Кочкоровдун Ооганстандагы телефонуна биринчи жолу байланышуу аракети оң натыйжа берген жок.

Орозалы Кочкоров
Image caption Орозалы Кочкоров

Анын учурда Ооганстандын Гур провинциясынын Чагчаран шаарында жашай турганы боюнча маалыматтар бар. Бүгүн советтик жоокердин бир туугандары Ооганстандан дайыны табылган Орозалыга телефон аркылуу байланышууга аракет кылышты.

"Бирок жакшы болбой калды. Башка эле бир орус алып сүйлөдү. Кечинде иштен кийин чалгыла деп айтты. Балким ошондо сүйлөшүп калабыз. Жанында адамдар болуп, атайын сүйлөшпөй койдубу деп да ойлоп жатам. Балким, кечинде сүйлөшүп калышат",-деп үмүттөнөт Аскарали.

Орозалы Кочкоровдун бир туугандары Аскаралы жана Нуржан
Image caption Орозалы Кочкоровдун бир туугандары Аскаралы жана Нуржан

Алыстан келген жылуу кабар

Орозалы Кочкоров он бир туугандын жетинчиси. Бир тууганы Аскаралы иниси тууралуу алгачкы маалыматты орус телеканалынан көрүшкөнүн айтып берди.

Аскараалы Кочкоров: Орустардын телеканалдарынын бириндеги "Итоги недели" деп аталган жаңылыктар программасынан биринчи жолу бөлөм көрүп, эжеме чалыптыр. Ал сүйүнчүлөп "акем тирүү экен, теледен көрсөттү" дептир. Анан эжем бизге чалып, баарыбыз уктук. Интернеттен көрдүк. Сүрөтү окшош экен. Музейде (Советтер Союзунун туткунга түшкөн аскерлерине салынган музей) сүрөтү илинип турат. Анан музейдин кызматкери: "Бул Кочкоров Орозали. Энергетика тармагында иштейт. Тирүү жана ден-соолугу чың. Гур провинциясында жашайт" деп айтып жатат. Жаңылыкты көрүп, бири-бирибизге сүйүнчүлөп, кабарлап туугандар издей баштадык. Анан ошентип Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешине кайрылдык.

1981-жылы 18 жашында аскер кызматына чакырылган Орозалы азыр 56 жашка чыгып калды
Image caption 1981-жылы 18 жашында аскер кызматына чакырылган Орозалы азыр 56 жашка чыгып калды

Нуржан Кочкорова: Тышкы иштер министрлигине кайрылдык. Алар элчиликке байланышат экен, алар болсо өз кишисин жөнөтөт экен.

Аскарали Кочкоров: Бишкектеги иним Касымалы мамлекеттик мекемелерге кайрылып, издей баштады. Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы дагы 1981-жылы 4-апрелдеги чакырылыш менен аскер кызматына барган экен. "Биз армияга бир жайкы чакыруу менен кеткен экенбиз, муну издейбиз, табабыз, аракет кылабыз" деп айтты. Ушулардын аракети менен кийин сүрөт, телефон номуру келди. Алар "силер шашпай тургула, чочуп изин жашырып салбасын деп айтты. Акырын өзүбүз байланышка чыгып сүйлөштүрөбүз. Эгерде келем деген ою болсо, алып келебиз. Болбосо нейтралдуу зонада сүйлөштүрөбүз" деп айтышты.

Советтик БТРди ээлеп алган моджахеддер. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Советтик БТРди ээлеп алган можахеддер

Кан болгон аскер баш кийими жана кур

Орозалы Кочкоров Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Сакалды айылынан. Ал советтик армиянын катарында Ооганстанда кызмат кылып жүрүп, 1983-жылы туткунга түшүп калган.

СССРдин Ооганстандагы аскердик кийлигишүүсү он жылга созулган. Акыркы советтик аскер бөлүктөрү 1989-жылы 15-февралында Ооганстан аймагынан чыгып кеткен
Image caption СССРдин Ооганстандагы аскердик кийлигишүүсү он жылга созулган

"1981-жылы экөөбүз Кочкор-Ата шаарындагы Аскер комиссариатынан биргеликте армияга чакырылганбыз. Ал дагы Орозалы, менин ысымы дагы Орозалы, ошентип таанышып, жакын болуп калганбыз. Кийин бизди Түркмөнстандын Кушка деген жерге алып барган. Ошол жерде эки ай катуу даярдыктан өттүк. Анан аскердик антты бергенден кийин, ооган жергесине алып өттү. Биздин аскер бөлүк Шинданд деген жерге түштү. Ал эми Орозалы Кочкоров Гератта кызмат кылып калды. Бирок ар дайым байланышта болуп турганбыз. Эки жылдык аскер кызматын өтөп, мына-мына үйгө кайтабыз деп турганда, эки жоокер туткунга түшүп калганы тууралуу кабар келди. Орозалынын кан болгон аскер панамасы менен куру калыптыр деп, балдар алып келишкен. Анан ошону үйүнө жөнөткөнбүз. Ошол кезде аскер бөлүгүнүн жетекчилери тарабынан үч күндүк издөө болгон. Айыл-кыштактарды тинтип, издеп чыгышкан",-деп айтып берди ооганчы ардагер Орозалы Сартбаев.

Орозали Кочкоров аскер кызматында жүргөн учурунда күз айында өзбек жоокеринин сөөгүн Өзбекстанга жеткирип барып, ошол келишинде үйүнө барып учурашып, 15 күн өргүп кеткен экен.

Аскерлерди тосуп алуу, Термез 1989-жылдын 16-февралы. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Аскерлерди тосуп алуу, Термез 1989-жылдын 16-февралы.

"Мен акемди жакшы эле билип калдым. Тогузга чыгып калгам. Бул бир тууганды эстеп калуу үчүн жакшы эле курак. Мен биринчи класста эле Бишкекке келип окуп калдым. Мен Бишкекке келгенде, агам окуусун бүтүп айылга барып калган болчу. Андан кийин армияга кетти, мен көп көрбөй калдым. Армияга кеткенин деле көргөн жокмун. 1982-жылы келип кетиптир, аны деле көргөн эмесмин. Ошондо жети жашымдан эле көрбөй калыптырмын",-дейт бир тууган карындашы Нуржан Кочкорова.

Советтик аскерлер Термездеги көпүрөнү кесип өтүп келе жатат. 1988-жылдын 21-майы. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Советтик аскерлер Термездеги көпүрөнү кесип өтүп келе жатат. 1988-жылдын 21-майы

СССРдин Ооганстандагы аскердик кийлигишүүсү он жылга созулган. Он жылга созулган Ооганстандагы согушту 620 миң советтик аскер кызматкерлери басып өткөн. Акыркы советтик аскер бөлүктөрү 1989-жылы 15-февралында Ооганстан аймагынан чыгып кеткен. Бирок жүздөгөн жоокерлер кырчындай курагында ооган жеринде окко учту.

Расмий маалыматтарга караганда, согуштук аракеттер учурунда Ооганстан аймагында дайынсыз кетип жана туткунга кабылган советтик аскерлер саны 417 киши деп айтылган. Алардын 130у советтик аскерлер чыгарылып жаткан мезгилде бошотулган. Советтик аскерлер чыгып кеткенден кийин туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр ооган жана пакистандык өкмөттүн ортомчулугу менен жүргөн.

Айрым маалыматтарга караганда, кийин туткундан бошотулган бирин-экин советтик жоокерлер СССРге өткөрүлгөн учурлар болгон. Бирок туткунга түшкөн жоокерлердин тагдыры оор болду. Арадан отуз жыл өткөндөн кийин Ооганстандан дареги табылган орусиялык жана украиналык советтик аскерлер болгон. Алар ооган жеринде үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калгандары тууралуу документалдык тасмалар дагы тартылган эле.

1992-жылы дайынсыз кеткен жана туткунга алынган жоокерлерди издөө боюнча Орусия-америкалык биргелешкен комиссия түзүлгөн. АКШ ооган жеринде дайнысыз жоголгон 163 орусиялык жаран тууралуу маалыматтарды таап берген. (rA\AbA)

*

Тектеш темалар