Бурятия: 23-февралдагы стриптиз "куттуктоосун" милиция териштирүүдө

Улан-Удэнин полиция бөлүмүндө 23-февраль майрамына карата уюштурулган корпоратив кызматтык териштирүүгө алынат. Бул тууралуу Бурятиянын Ички иштер министрлиги кабарлаган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Полиция формасын кийген эркек-аялдар аралаш олтурган залга жарым жылаңач кыз кирип келип бийлеген тасма интернетте желдей тарап кеткен эле. Муну алды менен ВК коомдук сайтындагы "Полиция омбудсмени" деген баракча жарыялады.

"Медуза" басылмасы өз булактарына шилтеме берип, видео Улан-Удэнин №2 полиция бөлүмүндө тартылган деп жазды. Майрамдык кечеде бөлүмдүн өздүк курамы толугу менен болгону айтылат.

Эми майрамдагы эротикалык бий боюнча териштирүү башталды. 23-февраль күнү эрте менен Бурятиянын Ички иштер министрлигинин сайтында «кызматтык тартипти жана профессионалдык этиканы» бузганы үчүн тиешелүү кызматкерлер жооп тартылары маалымдалды.

Кийин жергиликтүү басылмалар бийчини алып келген полиция кыздардын бири иштен алынганын жазды. (AbA)

Тектеш темалар